Аюб | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Аюб 26 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ошондо Аюб мындай деп жооп берди:

2 «Күчсүзгө сен кандай жардам бердиң, алсызга сен кандай күч бердиң!

3 Акылсызга сен кандай кеңеш бердиң, ишти толугу менен кандай түшүндүрдүң!

4 Сен бул сөздөрдү кимге айттың? Сенден кимдин руху чыгып жатат?

5 Репалыктар суулардын астында калтырашат, сууда жашагандар да калтырашат.

6 Анын алдында өлүктөр жаткан жай да ачык, Абадондун жабуусу жок.

7 Ал түндүк уюлду боштук үстүнө жайган, жерди жок нерсенин үстүнө илип койгон.

8 Ал сууларды Өзүнүн булуттарынын ичинде кармап турат, булуттар да суулардын салмачынан жарылбай турат.

9 Ал Өзүнүн тагын орнотуп, анын үстүнө Өзүнүн булуттарын жайып койгон.

10 Жарык менен караңгынын чегине чейин суу үстүнөн чек өткөрүп койгон.

11 Анын каарынан асман түркүктөрү титиреп, үрөйү учуп турат.

12 Ал Өз күчү менен деңизди толкутат, Өзүнүн акылы менен Рахапты талкалады.

13 Асмандын сонундугу – Анын рухунан. Анын колу тез чуркаган жыланды жараткан.

14 Анын жолдорунун бир бөлүгү мына ушул. Биз Ал тууралуу кандай аз укканбыз! Анын кудуретинин жаңырыгын ким түшүнө алат?»