- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
1 Аюб мындай деп жооп берди:
2 «Мен мындайдын далайын уккам. Баарыңар эч нерсеге жарабаган сооротуучусуңар.
3 Маанисиз сөзүңөрдүн акыр-аягы болобу? Ушинтип жооп берүүңө эмне түрткү болду?
4 Эгерде силер менин ордумда болсоңор, мен да силердей эле сүйлөмөкмүн. Силерге каршы сөз жаадырып, башымды чайкап турмакмын.
5 Силерди сөзүм менен кубаттап, оозумдун кыбыроосу менен сооротор элем.
6 Айткан менен азабым азайбайт, унчукпай койсом да, андан арылбайм.
7 Бирок азыр Ал мени алсыратып бүттү. Сен менин бүт үй-бүлөмдү кыйраттың.
8 Мага каршы күбө катары бетиме бырыш түшүрдүң. Менин жабыркаганым өзүмө каршы чыгып, мени тайманбай жемелеп жатат.
9 Анын каары кыйнап, мени менен касташып жатат. Мага тиштерин кычыратып жатат. Душманым менден тикирейген көзүн албайт.
10 Мага азуусун араандай ачышты, мени шылдыңдап, жаакка чапкылап жатышат: баары мага каршы сүйлөшүп алышкан.
11 Кудай мени мыйзамсыздардын колуна салып берди, кара ниет адамдардын колуна ыргытты.
12 Мен тынч жашап жаткам, бирок Ал мени силкилдетти. Желкемен кармап урду, Өзүнө бута кылып койду.
13 Анын жаачылары мени курчап алышты. Ал кардымды жарды, аяган жок, өтүмдү жерге төктү.
14 Мени кайра-кайра тешкилеп жатат, мени көздөй жоокердей атырылып келе жатат.
15 Денеме зумбал кийип, башыма топурак жаздандым.
16 Ыйдан бетим кызарды, кабагымда – өлүм сөлөкөтү.
17 Ошондой болсо да эч кимге зордук көрсөткөн жокмун, сыйынуум да таза.
18 Оо жер! Менин канымды жашыра көрбө, менин муң-зарыма орун болбосун.
19 Азыр менин Күбөм асманда, менин Коргоочум жогоруда!
20 Көп сүйлөгөн досторум! Көз жашым Кудайга төгүлүп жатат.
21 Оо, адам баласы өз жакыны менен талашып-тартышкандай, Кудай менен талашып-тартыша алса кана!
22 Анткени менин көрөр күнүм бүттү, келбес сапарыма кеткени турам.