- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
1 Ошондо Аюб мындай деп жооп берди:
2 «О, менин муң-зарым таразага туура тартылса кана, аны менен бирге тарткан азабым таразага салынса кана!
3 Анда тарткан азабым деңиз кумунан да оор болор эле! Ошондуктан менин сөздөрүм токтолбостон куюлат.
4 Анткени мага кудуреттүү Кудайдын жебелери сайылды. Анын уусун менин рухум ичип жатат. Кудайдын коркунучтары мага каршы топтолду.
5 Жапайы эшек чөп үстүндө айкырмак беле? Өгүз өз тоютунун алдында мөөрөмөк беле?
6 Даамсыз тамакты туз кошпой жешмек беле, жумуртканын агында даам болмок беле?
7 Менин жаным тийгиси келбеген нерсе менин жийиркеничтүү тамагым болду.
8 О, мен тилегиме качан жетем? Кудай менин эңсегенимди качан аткарат?
9 О, Кудай ырайым кылып, мени талкалап салса кана! Өз колун сунуп, мени өлтүрүп салса кана!
10 Мен анда кубанмакмын, ырайымсыз дартыма чыдамдуулук көрсөтмөкмүн, анткени мен Ыйыктын сөзүнөн баш тарткан жокмун.
11 Үмүттөнгүдөй, менде кайсы күч бар эле? Өмүрүмдүн аягы эмне экенин билсем, мен аны сабырдуулук менен күтпөйт белем?
12 Менин кайратым таштай бекем бекен? Денем жез бекен?
13 Өзүмө өзүм жөлөк болор дарманым барбы? Деги мага тирек болор эмне бар?
14 Эгерде жабыр тартып жаткан адам кудуреттүү Кудайдан коркпой калса да, аны досу аяшы керек.
15 Бирок менин бир туугандарым агын суудай, шар аккан суудай ишенимсиз.
16 Ал – муздан ылайланган суу, ал сууларда кар жашынып жатат.
17 Күн жылыганда, алар эрип кетишет, аптапта өз ордунан жок болуп кетишет.
18 Алар аккан багытын буруп, чөлгө кирип жок болушат.
19 Аларды Тейма жолдору күтүп турат, алардан Шеба жолдору үмүт кылат.
20 Бирок үмүттөрү таш кабат. Ал жакка баргандардын уяттан жүзү кызарат.
21 Азыр силер да мен үчүн ошондой болдуңар, коркунучту көргөндө, жүрөгүңөр түшүп калды.
22 Мен силерге: “Мага бир нерсе бергиле, же болбосо байлыгыңардан мен үчүн төлөп койгула.
23 Мени душман колунан куткаргыла, мени кыйнап жаткандын колунан кун төлөп куткарып алгыла”, – деп айттым беле?
24 Үйрөткүлө, мен унчукпай калайын. Менин күнөөм эмнеде, көрсөткүлө.
25 Чын сөз кандай ачуу! Бирок силердин ашкерелөөңөр эмнени далилдейт?
26 Ашкерелегенге сөз ойлоп жатасыңарбы? Сөзүңөрдү текке кетирип жатасыңар.
27 Силер жетимге кол салып, өз досуңарга ор казып жатасыңар.
28 Эми силерден суранарым, жүзүмө тике карасаңар, силердин алдыңарда мен калп айтмак белем?
29 Кайра карап көргүлө, калпы бар бекен? Кайра карап көргүлө, меники туура.
30 Менин сөзүмдө жалгандык бар бекен? Кантип эле менин кекиртегим кайгыны ажырата албасын?