- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
1 Шухтук Билдат мындай деп жооп берди:
2 «Ушундай сөзүңөрдү качан токтотосуңар? Жакшылап ойлонгула, анан сүйлөйбүз.
3 Эмне үчүн биз айбан катары эсептелишибиз керек? Эмне үчүн биз сенин алдыңда кемсинтилишибиз керек?
4 О, сен, ачууланып, өзүн азапка салган неме! Сен үчүн жер ээн калмак беле, сен үчүн аска-зоо ордунан козголмок беле?
5 Ооба, мыйзамсыздын жарыгы өчөт, анын отунан учкун калбайт!
6 Чатырындагы жарык караңгылайт, анын үстүндөгү шамы да өчөт.
7 Анын кудуреттүү кадамы кыскарат, өзүнүн ою өзүн кулатат.
8 Анткени ал өз буту менен торго түшөт, тордун үстүндө басат.
9 Анын буту тузакка түшөт, ошондо тоноочу аны кармап алат.
10 Ал үчүн жерге тузак жашыруун тартылган, жолуна капкан коюлган.
11 Бардык тарабынан коркунучтар анын үрөйүн учуруп, ары-бери алдастатат.
12 Ачкалыктан алы кетет, өлүм анын жанында даяр турат.
13 Анын дене мүчөлөрүн оору жейт, анын мүчөлөрүн эң жаман оору мүлжүйт.
14 Үмүтү чатырынан куулат, бул аны үрөй учурган коркунучтар падышасына түшүрөт.
15 Анын чатырына башка бирөөлөр кирет, анткени ал эми аныкы эмес. Анын үйүнө күкүрт чачылат.
16 Түбүндөгү тамыры кургайт, үстүндөгү шак-бутактары соолуп калат.
17 Анын аты жер үстүндөн өчөт, анын ысымы аянтта оозго алынбай калат.
18 Аны жарыктан караңгылыкка кууп, жер үстүнөн жок кылышат.
19 Өзүнүн элинде анын уулу да, небереси да болбойт, анын турагында эч ким калбайт.
20 Ал жөнүндө укканда, кийинки муундун үрөйү учат, замандаштары калтырап турушат.
21 Мыйзамсыздын өмүрү мына ушундай, Кудайды билбегендин тагдыры мына ушундай».