Аюб | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Аюб 4 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теймандык Элипаз мындай деп жооп берди:

2 «Эгерде биз бир сөз айтсак, сага катуу тийбес бекен? Бирок сөзгө ким тыюу сала алат?

3 Сен көптөргө акыл-насаат айтчусуң, алсыз колдорго күч берчүсүң,

4 сенин сөздөрүң жыгылганды тургузган, алсырап тизе бүккөнгө күч берген.

5 Эми өзүңдүн башыңа мүшкүл түшкөндө, алсырап калдың. Сага тийди эле, көңүлүң чөктү.

6 Кудайдан корккондугуң сенин үмүтүң, такыбаа жашаганың сенин тирегиң болуш керек эле да.

7 Эстеп көрчү, айыпсыз адам өлдү беле? Адил адамдар тукум курут болду беле?

8 Мен көргөндөн, кыянаттык эккендер менен жамандык сепкендер ошону эле оруп алып жатышат.

9 Кудайдын деминен өлүшөт, Кудайдын каардуу рухунан жок болуп кетишет.

10 Арстандын айкырыгы менен жаш арстандын үнү басылат, жаш арстандын азуусу сынат.

11 Зор арстан жем таба албай өлөт, ургаачы арстандын күчүктөрү тентип кетишет.

12 Мына, мага бир сөз жашыруун жетти, мен ал сөздөн шыбыш уктум.

13 Түнкү көрүнүштөр жөнүндө ойлоп жатканда, адамдарды уйку басканда,

14 мени коркунуч каптап, калтырак басып, сай-сөөгүм сыздады.

15 Үстүмөн бир рух учуп өттү, төбө чачым тик турду.

16 Ал турду, бирок мен анын өңүн тааный алган жокмун, көз алдымда бир кебете гана турду. Акырын соккон жел жүрдү, мен үн уктум:

17 “Адам Кудайдан да адилеттүү бекен? Адам өз Жаратканынан да таза бекен?

18 Ал Өз кулдарына да ишеним артпайт, Өз периштелеринен да кемчиликтерди көрөт.

19 Андан бетер, топурактан жасалган ийбадатканада жашагандардан да кемчилик көрөт. Алардын негизи топуракта, алар күбөдөн да тез жок болушат.

20 Алар таң атып кеч киргенге чейин эле чачырап жок болушат. Кантип жок болгонун көрбөй да каласың.

21 Өздөрү менен кошо алардын кадыр-баркы да жок болуп жаткан жокпу? Алар акылмандыкка жетпей өлүп жатышат”.