Сандар | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Сандар 1 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ысрайыл эли Мисир жеринен чыккандан кийин, экинчи жылдын экинчи айынын биринчи күнүндө Синай чөлүндө, жыйын чатырында Теңир Мусага мындай деди:

2 «Арун экөөңөр Ысрайылдын бүткүл жамаатындагы ар бир урууну, ар бир үй-бүлөнү санап чыккыла. Эркек аттууларынын бирин да калтырбай, аттарын атап санап чыккыла.

3 Ысрайыл элинин жыйырма жаштагы жана андан жогорку, согушка жарактууларынын баарын кошуундары боюнча санап чыккыла.

4 Ар бир уруунун уруу башчысы силерге жардам берсин.

5 Силерге жардамдаша турган эркектердин аттары мындай: Рубейин уруусунан Шедейурдун уулу Элитсур,

6 Шымон уруусунан Суришадайдын уулу Шелумиел,

7 Жүйүт уруусунан Аминадаптын уулу Нахшон,

8 Исахар уруусунан Суардын уулу Натанаел,

9 Забулун уруусунан Хейлондун уулу Элийап,

10 Жусуптун уулдарынан: Эпрайым уруусунан Амийуттун уулу Элишама, Менаше уруусунан Пыдатсурдун уулу Гамлиел,

11 Бенжемин уруусунан Гидонинин уулу Абидан,

12 Дан уруусунан Амишадайдын уулу Ахиезер,

13 Ашыр уруусунан Охрандын уулу Пагиел,

14 Гат уруусунан Ребуелдин уулу Элийасап,

15 Напталы уруусунан Эйнандын уулу Акира.

16 Булар – жамааттын тандалган уулдары, өз-өз урууларынын уруу башчылары, Ысрайыл миң башылары».

17 Муса менен Арун аттары аталган ушул эркектерди алып жөнөштү.

18 Алар экинчи айдын биринчи күнү бүткүл жамаатты жыйнашты. Ошондо алар жыйырма жаштагы жана андан жогорку эркек аттуулардын бирин калтырбай, уруусу, үй-бүлөсү боюнча аттарын атап санап чыгышты.

19 Муса Теңирдин айтканындай кылып, аларды Синай чөлүндө санап чыкты.

20 Ошондо Ысрайылдын тун уулу Рубейинден тараган, жыйырма жаштагы жана андан жогорку, согушка жарактуу эркек аттууларынын бири калбай, уруусу, тукуму, үй-бүлөсү боюнча аттары аталды.

21 Рубейин уруусундагы эркектердин саны кырк алты миң беш жүз болду.

22 Шымондун уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жаштагы жана андан жогорку, согушка жарактуу эркек аттууларынын баарын бирин калтырбай санап чыгышты.

23 Шымон уруусундагы эркектердин саны элүү тогуз миң үч жүз болду.

24 Гаттын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жаштагы жана андан жогорку, согушка жарактуу эркек аттууларынын баарын бирин калтырбай санап чыгышты.

25 Гат уруусундагы эркектердин саны кырк беш миң алты жүз элүү болду.

26 Жүйүттүн уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жаштагы жана андан жогорку, согушка жарактуу эркек аттууларынын баарын бирин калтырбай санап чыгышты.

27 Жүйүт уруусундагы эркектердин саны жетимиш төрт миң алты жүз болду.

28 Исахардын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жаштагы жана андан жогорку, согушка жарактуу эркек аттууларынын баарын бирин калтырбай санап чыгышты.

29 Исахар уруусундагы эркектердин саны элүү төрт миң төрт жүз болду.

30 Забулундун уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу боюнча, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жаштагы жана андан жогорку, согушка жарактуу эркек аттууларынын баарын бирин калтырбай санап чыгышты.

31 Забулун уруусундагы эркектердин саны элүү жети миң төрт жүз болду.

32 Жусуптун уулу Эпрайымдын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жаштагы жана андан жогорку, согушка жарактуу эркек аттууларынын баарын бирин калтырбай санап чыгышты.

33 Эпрайым уруусундагы эркектердин саны кырк миң беш жүз болду.

34 Жусуптун уулу Менашенин уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жаштагы жана андан жогорку, согушка жарактуу эркек аттууларынын баарын бирин калтырбай санап чыгышты.

35 Менаше уруусундагы эркектердин саны отуз эки миң эки жүз болду.

36 Бенжеминдин уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жаштагы жана андан жогорку, согушка жарактуу эркек аттууларынын баарын бирин калтырбай санап чыгышты.

37 Бенжемин уруусундагы эркектердин саны отуз беш миң төрт жүз болду.

38 Дандын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жаштагы жана андан жогорку, согушка жарактуу эркек аттууларынын баарын бирин калтырбай санап чыгышты.

39 Дан уруусундагы эркектердин саны алтымыш эки миң жети жүз болду.

40 Ашырдын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жаштагы жана андан жогорку, согушка жарактуу эркек аттууларынын баарын бирин калтырбай санап чыгышты.

41 Ашыр уруусундагы эркектердин саны кырк бир миң беш жүз болду.

42 Напталынын уулдарынан тараган урууларды өз-өз уруусу, үй-бүлөсү боюнча жыйырма жаштагы жана андан жогорку, согушка жарактуу эркек аттууларынын баарын бирин калтырбай санап чыгышты.

43 Напталы уруусундагы эркектердин саны элүү үч миң төрт жүз болду.

44 Санакка киргендер мына ушулар. Аларды Муса менен Арун жана Ысрайылдын уруу башчылары – он эки уруу башчы санап чыгышты.

45 Алар Ысрайыл уулдарынын согушка жарактуу жыйырма жаштагы жана андан жогорку эркек аттууларынын баарын үй-бүлөсү боюнча санап чыгышты.

46 Алардын жалпы саны алты жүз үч миң беш жүз элүү болду.

47 Леби уруусу булар менен кошо санакка кирген жок.

48 Анткени Теңир Мусага мындай деп айткан:

49 «Леби уруусун гана тизмеге киргизбе, Ысрайыл уулдарындай кылып, аларды санаба.

50 Лебилерге жыйын чатырын жана ага тиешелүү бардык нерселерди тапшырып бер. Алар жыйын чатырын жана ага тиешелүү нерселердин баарын көтөрүп жүрүшсүн, ошол жерде кызмат кылышсын жана анын тегерегине өздөрүнүн станын жайгаштырышсын.

51 Жыйын чатырын көчүргөндө, лебилер жыйнаштырсын, жыйын чатырын орноткондо, лебилер орнотсун. Эгерде бул ишке лебилерден бөлөк бирөө жакындаса, ал өлүм жазасына тартылсын.

52 Ысрайыл уулдары өз станынын, өз туусунун жанында турушсун.

53 Теңирдин каары Ысрайыл уулдарына төгүлбөш үчүн, лебилер өз стандарын жыйын чатырынын тегерегине жайгаштырышсын. Лебилер жыйын чатырынын жанында күзөттө турушсун».

54 Теңир Мусага кандай буйруса, Ысрайыл уулдары ошондой кылышты.