- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
1 Теңир Мусага эмнени буйруса, ошонун баарын Муса Ысрайыл уулдарына айтып берди.
2 Ысрайыл уулдарынын уруу башчыларына Муса мындай деди: «Теңир мындай буйрук берди:
3 Ким Теңирге убада берсе же өзүн өзү тыюуга сөз берип карганса, анда ал айткан сөздөрүн бузбасын, оозунан чыккандын бардыгын аткарсын.
4 Эгерде Теңирге аял убада берсе же жаш чагында, атасынын төрүндө жүргөндө өзүн өзү тыюуга сөз берсе,
5 атасы кызынын убадасын же өзүн өзү тыюуга сөз бергенин угуп, макул болсо, анда кызынын бардык убадасы орундалат, өзүн өзү тыюуга берген сөзү аткарылат.
6 Эгерде атасы аны угуп, бирок тыйып койсо, анда кызынын убадасы, өзүн өзү тыюуга берген сөзү аткарылбайт, ошондо Теңир кызды кечирет, анткени аны атасы тыйып койгон.
7 Эгерде ал кыз күйөөгө чыгып кетип, анын мойнунда өзүн байлаган убадасы же оозунан чыккан сөзү калса,
8 аны күйөөсү билип, макул болсо, анда аялдын убадасы орундалат, өзүн өзү тыюуга берген сөзү аткарылат.
9 Эгерде күйөөсү билип, ага тыюу салса, анда анын мойнундагы убадасын же өзүн байлаган оозунан чыккан сөзүн жокко чыгарган болот. Ошондо аялды Теңир кечирет.
10 Жесир аял же күйөөсү менен ажырашып кеткен аял кандай гана убада бербесин, өзүн өзү тыюуга кандай гана сөз бербесин, бардыгы аткарылат.
11 Эгерде аял күйөөсүнүн үйүндө убада берсе же өзүн өзү тыюуга сөз берсе,
12 аны күйөөсү угуп, макул болуп, тыюу салбаса, анда аялынын бардык убадасы орундалат, өзүн өзү тыюуга берген сөздөрүнүн баары аткарылат.
13 Эгерде күйөөсү угуп, аларды жокко чыгарса, анда аялдын оозунан чыккан бардык убадалар жана өзүн өзү тыюуга берген сөздөр аткарылбайт. Аны күйөөсү жокко чыгарган, андыктан Теңир аны кечирет.
14 Бардык убаданы жана өзүн өзү тыюуга берген бардык сөздү аялдын күйөөсү беките алат жана жокко чыгара алат.
15 Эгерде күйөөсү ал тууралуу уккандан кийин көп күн өтсө да унчукпай койсо, анда ошонусу менен аялынын убадасын жана анын мойнундагы өзүн өзү тыюуга берген сөзүн бекиткен болот, анткени ал тууралуу уккандан кийин да унчуккан эмес.
16 Эгерде аларды уккандан кийин жокко чыгарса, анда ал аялынын күнөөсүн өз мойнуна алган болот».
17 Күйөөсү менен аялынын ортосундагы, жаш чагында атасынын үйүндө жүргөн кыз менен атасынын ортосундагы мамиле тууралуу Теңир Мусага осуяттаган мыйзам ушундай.