- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
1 Муса менен Арундун башчылыгы астында Мисир жеринен стандары менен чыккан Ысрайыл уулдары мындай жол жүрүштү:
2 Муса Теңирдин буйругу боюнча алардын стандары менен жол жүргөнүн жазып чыкты. Алар басып өткөн жерлер булар:
3 Алар биринчи айдын он бешинчи күнү Раамсестен чыгышкан. Ысрайыл уулдары Пасахтын эртеси бүткүл Мисир элинин көз алдында күчтүү колдун астында чыгышты.
4 Ошол убакта мисирликтер Теңир өлтүргөн бардык тун балдарын көмүп жатышкан. Теңир алардын кудайларын жазалады.
5 Ошентип, Ысрайыл уулдары Раамсестен чыгып, Сукотко жайланышты.
6 Сукоттон чыгып, Эйтамга жайланышты, ал чөлдүн четиндеги жер эле.
7 Эйтамдан чыгып, Баал-Сыпондун жанындагы Пи-Ахиротко жөнөп, Мигдолдун жанына жайланышты.
8 Пи-Акироттон чыгып, деңиздин ортосу менен чөлгө өтүштү. Эйтам чөлүндө үч күн бою жол жүрүштү, анан Марага жайланышты.
9 Марадан чыгып, Эйлимге келишти. Эйлимде болсо он эки булак, жетимиш курма дарагы бар эле, алар ошол жерге жайланышты.
10 Эйлимден чыгып, Кызыл деңиздин жанына жайланышты.
11 Кызыл деңизден чыгып, Син чөлүнө жайланышты.
12 Син чөлүнөн чыгып, Допкага жайланышты.
13 Допкадан чыгып, Алушка жайланышты.
14 Алуштан чыгып, Репидимге жайланышты, бирок ал жерде эл ичкенге суу жок эле.
15 Репидимден чыгып, Синай чөлүнө жайланышты.
16 Синай чөлүнөн чыгып, Киброт-Атаапка жайланышты.
17 Киброт-Атааптан чыгып, Хатсейротко жайланышты.
18 Хатсейроттон чыгып, Ритмага жайланышты.
19 Ритмадан чыгып, Римон-Переске жайланышты.
20 Римон-Перестен чыгып, Либнага жайланышты.
21 Либнадан чыгып, Рисага жайланышты.
22 Рисадан чыгып, Кейлатка жайланышты.
23 Кейлаттан чыгып, Шепер тоосуна жайланышты.
24 Шепер тоосунан чыгып, Харатка жайланышты.
25 Хараттан чыгып, Макейлотко жайланышты.
26 Макейлоттон чыгып, Тахатка жайланышты.
27 Тахаттан чыгып, Тарахка жайланышты.
28 Тарахтан чыгып, Миткага жайланышты.
29 Миткадан чыгып, Хашмонго жайланышты.
30 Хашмондон чыгып, Мосейротко жайланышты.
31 Мосейроттон чыгып, Беней-Жааканга жайланышты.
32 Беней-Жаакандан чыгып, Хор-Агидгатка жайланышты.
33 Хор-Агидгаттан чыгып, Жотпатка жайланышты.
34 Жотпаттан чыгып, Абронго жайланышты.
35 Аброндон чыгып, Этсион-Геберге жайланышты.
36 Этсион-Геберден чыгып, Син чөлүнүн Кадеш деген жерине жайланышты.
37 Кадештен чыгып, Эдом менен чектешкен Ор тоосуна жайланышты.
38 Ошондо ыйык кызмат кылуучу Арун Теңирдин буйругу боюнча Ор тоосуна чыгып, Ысрайыл уулдарынын Мисир жеринен чыкканына кырк жыл болгондо, бешинчи айдын биринчи күнү көз жумду.
39 Ор тоосунда көз жумганда, Арун жүз жыйырма үч жашта эле.
40 Ошондо Канаан жеринин түштүгүндө жашаган Канаан падышасы Аратта Ысрайыл уулдарынын келе жатканын укту.
41 Алар Ор тоосунан чыгып, Салмонго жайланышты.
42 Салмондон чыгып, Пунонго жайланышты.
43 Пунондон чыгып, Оботко жайланышты.
44 Оботтон чыгып, Маап менен чектешкен жердеги Жей-Абаримге жайланышты.
45 Ийимден (Жей-Абаримден) чыгып, Дибон-Гатка жайланышты.
46 Дибон-Гаттан чыгып, Алман-Дыблатайымга жайланышты.
47 Алман-Дыблатайымдан чыгып, Ныбонун жанындагы Абарым тоолоруна жайланышты.
48 Абарым тоолорунан чыгып, Жерихонун маңдайындагы Иордандын боюна, Маап түздүгүнө жайланышты.
49 Алар Иордандын жанындагы Бейт-Айешимоттон Абел-Шитимге чейин созулуп жаткан Маап түздүгүнө жайланышты.
50 Теңир Мусага Жерихонун маңдайындагы Иордан боюнда Маап түздүгүндө мындай деди:
51 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: Канаан жерине Иордан суусу аркылуу өткөнүңөрдө,
52 ал жерде жашагандардын бардыгын кууп чыгып, жасалма кудайларынын сүрөттөрүнүн, куюлган жасалма кудайларынын, бутканаларынын баарын талкалагыла.
53 Ошол жерди ээлеп, ошол жерге отурукташкыла, анткени ошол жерди Мен силерге мураска бердим.
54 Жерди урууларыңарга өкчөмө таш ыргытып бөлүштүргүлө. Саны көп урууларга көбүрөөк үлүш, саны аз урууларга азыраак үлүш бергиле. Өкчөмө таш менен кимге кандай жер тийсе, ал ошол жерди алсын. Ар ким өз уруусу боюнча үлүш алсын.
55 Эгерде силер ал жерде жашагандарды кууп чыкпасаңар, анда алардан калып калгандар көзүңөргө кирген, капталыңарга сайылган тикенек болот, силер жашай турган жерде силерди кыса башташат.
56 Мына ошондо Мен аларга кылайын дегенимди силерге кылам».