Сандар | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Сандар 35 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңир Мусага Жерихонун каршысындагы Иордандын боюндагы Маап түздүгүндө мындай деди:

2 «Ысрайыл уулдарына буйрук бер, алар өздөрүнүн үлүштөрүнөн лебилерге жашай турган шаарларды берсин. Шаарлардын тегерегиндеги жерлерди да лебилерге бергиле.

3 Шаарлар алар үчүн жашай турган жай болот, талаалар болсо алардын малы үчүн жайыт, мал-мүлкү үчүн короо-жай, күндөлүк керектөөлөрү үчүн жер болот.

4 Лебилерге бере турган шаардын тегерегиндеги талаалар шаардын дубалдарынан эки миң чыканак ары болушу керек.

5 Шаардын сыртынан чыгышты карай эки миң чыканак, түштүккө карай эки миң чыканак, батышка карай эки миң чыканак, түндүккө карай эки миң чыканак ченегиле, ортосунда шаар турат: алардын шаардын сыртындагы талаалары ушундай болот.

6 Лебилерге бере турган шаарларыңардын ичинен алты шаарды баш калкалоо үчүн бергиле. Ал шаарларга киши өлтүргөн адам качып барат. Мындан тышкары кырк эки шаар бергиле.

7 Лебилерге талаалары менен кырк сегиз шаар бергиле.

8 Ысрайыл уулдарынын үлүштөрүнөн шаарларды бере баштаганыңарда, саны көп уруудан көбүрөөк үлүш, саны аз уруудан азыраак үлүш бергиле. Ар бир уруу алган үлүшүнө жараша өз шаарларынан лебилерге берүүгө тийиш».

9 Теңир Мусага дагы мындай деди:

10 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: Силер Иордан аркылуу Канаан жерине өткөнүңөрдө,

11 өзүңөргө баш калкалоо үчүн шаарларды тандап алгыла. Ал шаарга кокусунан киши өлтүрүп алган адам качып кете ала турган болсун.

12 Силердин ушул шаарларыңар киши өлтүргөн адам жамааттын алдына сотко келгенге чейин өч алуучунун колунан өлүп калбаш үчүн баш калкалай турган шаарлар болот.

13 Баш калкалоо үчүн алты шаар бергиле.

14 Үч шаарды Иордан суусунун берки өйүзүнөн, үч шаарды Канаан жеринен бергиле. Ал шаарлар баш калкалай турган шаарлар болсун.

15 Ысрайыл уулдары үчүн да, келгиндер үчүн да, силердин араңарга жер которуп келгендер үчүн да ушул алты шаар баш калкалай турган шаар болот, кокусунан киши өлтүрүп алган адам ошол шаарларга качып кетсин.

16 Ким кимдир бирөөнү темир курал менен уруп өлтүрсө, анда ал киши өлтүргөн адам болуп эсептелет. Киши өлтүргөн адам өлүм жазасына тартылсын.

17 Ким кимдир бирөөнү таш менен уруп өлтүрсө, анда ал да киши өлтүргөн адам болуп эсептелет. Киши өлтүргөн адам өлүм жазасына тартылсын.

18 Же жыгач курал менен уруп өлтүрсө, ал да киши өлтүргөн адам болуп эсептелет. Киши өлтүргөн адам өлүм жазасына тартылсын.

19 Өч алуучу кан үчүн киши өлтүргөн адамды өзү өлтүрүп салса болот. Аны жолуктурары менен эле өлтүрүп салса болот.

20 Ким кимдир бирөөнү жек көрүп түртүп жиберип же атайы эле ага бирдеме ыргытып өлтүрсө,

21 же болбосо кастык менен коюп жиберип өлтүрсө, анда урган адам өлүм жазасына тартылсын, анткени ал – киши өлтүргөн адам. Өч алуучу адам киши өлтүргөн адамды жолуктурары менен эле өлтүрүп салса болот.

22 Эгерде ал кастыгы жок эле аны кокустуктан түртүп алып, же эч бир арам ою жок эле ага бирдеме ыргытып жиберип,

23 же тийсе өлүп кала турган ташты аны көрбөй ыргытып жиберип өлтүрүп алса, бирок ал анын душманы болбосо, ага жамандык каалабаган болсо,

24 анда жамаат киши өлтүргөн адам менен кан кууган адамдын ортосундагы ишти бул мыйзам боюнча карап чыксын:

25 Жамаат кокустан киши өлтүрүп алган адамды кан кууган адамдан куткарып алып, аны баш калкалай турган шаарга кайра жөнөтүшү керек. Ал адам майлоочу май менен майланган башкы ыйык кызмат кылуучу өлгөнгө чейин ошол жерде жашап турсун.

26 Эгерде киши өлтүргөн адам качып барып баш калкалап турган шаардын сыртына чыкса,

27 аны баш калкалай турган шаардын сыртынан кан кууган адам кармап алып, кан үчүн өлтүрүп салса, анда ал кан төккөндүгү үчүн күнөөлүү болбойт.

28 Анткени ал башкы ыйык кызмат кылуучу өлгөнгө чейин баш калкалаган шаарда жашап турушу керек эле. Киши өлтүргөн адам өзүнүн жерине башкы ыйык кызмат кылуучу өлгөндөн кийин кайтышы керек болчу.

29 Бул силерге, силердин укум-тукумуңарга, силер жашаган бардык жерлерде түбөлүккө калган көрсөтмө болсун.

30 Ким киши өлтүрсө, анда киши өлтүргөн адамды күбөлөрдүн сөздөрү боюнча өлтүрүш керек, бирок өлүмгө өкүм кылыш үчүн бир күбө жетишсиз.

31 Киши өлтүрүп, өлүм жазасына өкүм кылынган киши үчүн кун албагыла, ал өлүм жазасына тартылсын.

32 Баш калкалай турган шаарга качып кеткен кишиден өз жерине кайра кетиши үчүн кун төлөтүп албагыла. Ал башкы ыйык кызмат кылуучу өлгөнгө чейин ошол жерде жашап турсун.

33 Өзүңөр жашаган жерди булгабагыла, анткени жерди кан булгайт, кан төккөн кишинин каны төгүлмөйүнчө, жер төгүлгөн кандан тазаланбайт.

34 Өзүңөр жашап жаткан жерди булгабашыңар керек, анткени Мен силердин араңарда жашап жатам. Ысрайыл уулдарынын арасында жашап жаткан Теңир Менмин».