Сандар | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Сандар 32 Бөлүм

тез өтүү:

1 Рубейиндин уулдары менен Гаттын уулдарынын малы өтө көп эле. Алар Жазер жеринде да, Гилат жеринде да малга ылайыктуу жерлер бар экенин көрүштү.

2 Анан Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдары Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазарга жана жамааттын төрөлөрүнө келип, мындай деп айтышты:

3 «Атарот, Дибон, Жазер, Нимра, Кешпон, Элалей, Сыбам, Небо жана Быйон жерлерин

4 Теңир Ысрайыл жамаатынын алдында кыйратып салган. Бул жерлер – малдын жайытына ылайыктуу жерлер. Кулдарыңдын болсо малы көп.

5 Эгерде биз сенин алдыңда ырайым тапкан болсок, бул жерлерди өз кулдарыңдын карамагына бер. Бизди Иордан суусунан ары өткөрбө».

6 Ошондо Муса Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдарына мындай деди: «Бир туугандарыңар согушка бара жатышса, силер бул жерде каласыңарбы?

7 Эмне үчүн силер Ысрайыл уулдарын Теңир берип жаткан жерге өткөрбөй айнытып жатасыңар?

8 Мен силердин ата-бабаларыңарды жерди көрүп келиш үчүн Кадеш-Барнейиден жөнөткөндө, алар да ушундай кылышкан.

9 Алар Эшкол өрөөнүнө чейин барып, ошол жерди көрүп келишкенден кийин, Теңир берип жаткан жерге Ысрайыл уулдарын баргызбаш үчүн, аларды айнытышкан.

10 Ошол күнү Теңирдин каары кайнап, мындай деп ант берген:

11 “Мисирден чыккан бул элдин жыйырма жаштагы жана андан жогоркулары Мен Ыбрайымга, Ыскакка, Жакыпка берем деп убада кылган жерди көрүшпөйт, себеби алар Мага баш ийбей коюшту.

12 Кеназдык Жепундун уулу Калеп менен Нундун уулу Жашыя гана ал жерди көрөт, анткени булар Теңирге баш ийишкен”.

13 Ысрайылга Теңирдин каары кайнап, аларды чөлдө кырк жыл алып жүрдү. Алар Теңирге кыянаттык кылган бүт уруусу өлүп жок болгуча тентишти.

14 Мына азыр да, силер, күнөөкөрлөрдүн тукуму, атаңардын ордуна көтөрүлүп чыгып, Ысрайылга Теңирдин каарын дагы кайнаттыңар.

15 Эгерде силер Теңирден баш тартсаңар, анда Ал элди дагы чөлгө калтырат, силер бул элди ушинтип курутасыңар».

16 Ошондо алар Мусага келип, мындай дешти: «Биз бул жерге малыбызга короо-сарайлады салабыз, балдарыбызга шаар курабыз.

17 Өзүбүз болсо биринчи болуп куралданып алып, Ысрайыл уулдарын өз жерине жеткирмейинче, алардын алдында барабыз. Ал жердин тургундары балдарыбызга коркунуч туудурбашы үчүн, аларды чептүү шаарларда калтырабыз.

18 Ысрайыл уулдарынын ар бири өз үлүшүн алмайынча, биз үйүбүзгө кайтып келбейбиз.

19 Эгерде бизге Иордандын берки бетинен, чыгыш тараптан үлүш тийсе, анда биз Иордандын аркы бетинен жана андан аркы жерлерден алар менен бирге үлүш албайбыз».

20 Ошондо Муса аларга мындай деди: «Эгерде силер мындай кылсаңар, эгерде Теңирдин алдында куралданып чыксаңар,

21 силердин куралданган ар бир жоокериңер Теңир Өзүнүн алдындагы душмандарын жок кылып бүтмөйүнчө, Теңирдин алдында Иордандын аркы бетине өтсө,

22 Теңирдин алдында жер багынып берсе, ошондон кийин кайрылып келсеңер, Теңирдин жана Ысрайыл элинин алдында күнөөлүү болбойсуңар, ошондо бул жер Теңирдин алдында силердин карамагыңарга калат.

23 Эгерде мындай кылбасаңар, Теңирдин алдында күнөөгө баткан болосуңар, бул күнөөңөр үчүн жазаланасыңар.

24 Балдарыңарга шаар, койлоруңарга короо-жай кургула, оозуңардан эмне чыкса, ошону жасагыла».

25 Ошондо Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдары Мусага мындай дешти: «Мырзабыз кандай буйруса, кулдарың ошондой кылат.

26 Балдарыбыз, аялдарыбыз, бардык малыбыз ушул жерде, Гилат шаарларында калат.

27 Кулдарың болсо, мырзабыз айткандай, жоокерлердей куралданып, Теңирдин алдында согушка барат».

28 Ошондо Муса булар тууралуу ыйык кызмат кылуучу Элазарга, Нундун уулу Жашыяга жана Ысрайыл уулдарынын уруу башчыларына мындай деп буйрук берди:

29 «Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдарынын бардыгы согушка куралданып, Теңирдин алдында силер менен бирге Иордандын аркы бетине өтсө, силердин алдыңарда жер багынып берсе, Гилат жерин алардын карамагына бергиле.

30 Эгерде алар силер менен куралданып барышпаса, анда алар силер менен бирге Канаан жеринен үлүш алышат».

31 Ошондо Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдары мындай деп жооп беришти: «Теңир сенин кулдарыңа кандай айтса, так ошондой кылабыз.

32 Биз Теңирдин алдында куралданып, Канаан жергесине барабыз, биздин үлүшүбүз Иордандын бул тарабы болсун».

33 Муса Гаттын уулдары менен Рубейиндин уулдарына, Жусуптун уулу Менашенин жарым уруусуна Амор падышасы Сихон падышачылык кылып турган жерлерди, Башан падышасы Ог падышачылык кылып турган жерлерди шаарлары менен, чет жакаларындагы айыл-кыштактары менен берди.

34 Гаттын уулдары Дибон, Атарот, Аройер,

35 Атрот-Шопан, Жазер, Жокпеяга,

36 Бейт-Нимра, Бейт-Аран деген бекем коргондуу шаарларды, койлорго короо-сарайларды курушту.

37 Рубейиндин уулдары Кешпон, Элалей, Кирийатайим деген шаарларды курушту.

38 Аттары өзгөртүлгөн Небо менен Баал-Мейонду, ошондой эле Сыбманы курушту. Алар өздөрү курган шаарларына ат коюшту.

39 Менашенин уулу Махирдин уулдары Гилатка барып, аны каратып алып, ал жерде жашаган аморлуктарды кууп чыгышты.

40 Муса Менашенин уулу Махирге Гилатты берди, ал ошол шаарга отурукташты.

41 Менашенин уулу Жайыр барып, айыл-кыштактарын каратып алып, аларды Жайырдын айыл-кыштактары деп атады.

42 Нобах да барып, Кенатты жана ага караштуу шаарларды каратып алып, аларды өз аты менен Нобах деп атады.