Сандар | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Сандар 31 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңир Мусага мындай деди:

2 «Ысрайыл уулдары үчүн мидиандыктардан өч ал, ошондон кийин өз элиңе кошуласың».

3 Ошондо Муса элге кайрылып, мындай деди: «Мидиандыктардан Теңирдин өчүн алыш үчүн, мидиандыктарга каршы чыгууга өзүңөрдүн араңардан адамдарды куралдандырып, согушка камдагыла.

4 Ысрайыл урууларынын ар биринен миңден киши чыгарып, согушка жөнөткүлө».

5 Ошондо миңдеген Ысрайыл элинин ар бир уруусунан миңден – он эки миң куралдуу жоокер согушка бөлүндү.

6 Муса ар бир уруудан миңден алып, аларды согушка жөнөттү, алар менен кошо ыйык кызмат кылуучу Элазардын уулу Пинехасты да согушка жөнөттү. Анын колунда ыйык идиштер менен белги берүүчү сурнай болгон.

7 Ошентип, алар Теңир Мусага буйругандай, мидиандыктарга каршы согуш ачып, алардын бардык эркек аттууларын кырып салышты.

8 Өлтүрүлгөндөр менен кошо Мидиандын беш падышасын: Эби, Рекем, Сур, Хур, Ребаны кошо өлтүрүштү, Бейордун уулу Биламды да кылыч менен өлтүрүштү.

9 Ал эми мидиандыктардын аялдары менен балдарын Ысрайыл уулдары туткунга алышты, алардын бодо малын, короо-короо койлорун, мүлкүн олжолоп алышты.

10 Алардын карамагындагы шаарларды, айыл-кыштактарды өрттөп жиберишти.

11 Тартып алгандарынын баарын: бүт олжону, малды, туткундап алган адамдарды алып кетишти.

12 Алар туткундарын, олжолорун, тартып алгандарын Жерихонун маңдайындагы Иордан боюнда, Маап түздүгүндө жайгашкан Ысрайыл уулдарынын жамаатына жана Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазарга жеткиришти.

13 Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазар, жамааттын бүт төрөлөрү алардын алдынан тосуп чыгышты.

14 Ошондо согуштан кайткан аскер башчыларына, миң башыларына, жүз башыларына Мусанын ачуусу келип, мындай деди:

15 «Аялдарын эмне үчүн тирүү калтырдыңар?

16 Биламдын кеңеши менен Пейорго жагынып, Ысрайыл уулдарынын Теңирден баш тартуусуна себепкер болушкан ушулар. Ошон үчүн Теңирдин жамааты кыйраган.

17 Ошондуктан бардык эркек балдарын, эркек менен жаткан аялдарын өлтүргүлө.

18 Ал эми эркек көрө элек кыздарын өзүңөр үчүн тирүү калтыргыла.

19 Ошондон кийин жети күн стандын сыртында туруп тургула. Киши өлтүргөн же өлүккө тийген адамдарыңардын баары, туткундарыңар да үчүнчү жана жетинчи күнү тазалангыла.

20 Бүт кийимиңерди, бүт булгаары буюмдарыңарды, эчкинин жүнүнөн жасалган бүт нерселериңерди, бүт жыгач идиштериңерди тазалап чыккыла».

21 Ыйык кызмат кылуучу Элазар согушка барып келген жоокерлерге мындай деди: «Теңирдин Мусага осуяттаган мыйзамы мындай:

22 алтынды, күмүштү, жезди, темирди, калайды жана коргошунду,

23 отко салына тургандардын бардыгын тазалаш үчүн отко салгыла, андан кийин тазартуучу сууга салгыла, ошондо таза болот, ал эми отко салынбай тургандардын бардыгын сууга салгыла.

24 Кийимиңерди болсо жетинчи күнү жуугула, ошондо таза болосуңар, ошондон кийин гана станга кирсеңер болот».

25 Теңир Мусага мындай деди:

26 «Ыйык кызмат кылуучу Элазар, жамааттын уруу башчылары болуп олжого түшкөн адамды жана малды санап чык.

27 Анан олжону согушка барып келген жоокерлер менен бүт жамаатка тең бөлүп бер.

28 Согушка барып келген ар бир жоокерден Теңир үчүн алым ал, адамдардан да, бодо малдан да, эшектерден да, майда малдан да, беш жүз баштан бир баш ал.

29 Аларга тийген жарым олжодон алым ал. Муну өйдө көтөрүп Теңирге алып келген курмандык катары ыйык кызмат кылуучу Элазарга бер.

30 Ысрайыл уулдарына тийген жарым олжодон Теңирдин жыйын чатырында кызмат кылган лебилерге бер. Адамдардан да, бодо малдан да, эшектерден да, майда малдан да, элүү баштан бир баш ал».

31 Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазар Теңир Мусага айткандай кылышты.

32 Согушка барып келген жоокерлер тартып алган олжонун саны: алты жүз жетимиш беш миң майда мал,

33 жетимиш эки миң бодо мал,

34 алтымыш бир миң эшек,

35 отуз эки миң эркек көрө элек кыз.

36 Согушка катышкандардын жарым үлүшүн эсептегенде, үч жүз отуз жети миң беш жүз майда мал болду.

37 Теңир үчүн алынган алымдын саны алты жүз жетимиш беш майда мал болду.

38 Бодо малдын саны – отуз алты миң, анын жетимиш экиси Теңир үчүн алынган алым.

39 Эшектин саны – отуз миң беш жүз, анын алтымыш бири Теңир үчүн алынган алым.

40 Адамдардын саны – он алты миң, анын отуз экиси Теңир үчүн алынган алым.

41 Муса Теңир үчүн алынган алымды Теңир буйругандай, ыйык кызмат кылуучу Элазарга тапшырды.

42 Муса согушка катышкандардан Ысрайыл уулдарына олжонун жарымын бөлүп берди.

43 Жамааттын энчисине тийген олжонун жарымы мынча: үч жүз отуз жети миң беш жүз майда мал,

44 отуз алты миң бодо мал,

45 отуз миң беш жүз эшек,

46 он алты миң адам.

47 Ысрайыл уулдарына тийген жарым олжонун, адамдарынын, малынын элүүдөн бир бөлүгүн Муса алып, Теңир буйругандай кылып, Теңирдин жыйын чатырында кызмат кылган лебилерге берди.

48 Мусага миңдеген жоокерлердин аскер башчылары, миң башылары, жүз башылары келип, мындай дешти:

49 «Кулдарың бизге тапшырылган жоокерлерди эсептеп чыкты, алардын бири да кемибептир.

50 Мына, Теңидин алдында тазаланышыбыз үчүн, ар кимибиз өзүбүз тапкан алтындан жасалган буюмдарды: моюнга тагылчу чынжырларды, билериктерди, шакектерди, сөйкөлөрдү, чачпактарды Теңирге арнап алып келдик».

51 Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазар алтындан жасалган ушул буюмдарды алардын колунан алышты.

52 Миң башылар менен жүз башылардын Теңирге арнап алып келген алтын буюмдарынын салмагы он алты миң жети жүз элүү шекел болду.

53 Жоокерлердин ар бири өзү үчүн талап-тоногон.

54 Ошентип, Муса менен ыйык кызмат кылуучу Элазар миң башылар менен жүз башылардан алтындарды алып, жыйын чатырына Теңир Ысрайыл уулдарын эсине алышы үчүн алып келишти.