- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
1 Теңир Муса менен Синай тоосунда сүйлөшкөн убактагы Арун менен Мусанын санжырасы.
2 Арундун уулдарынын аттары: туну Надап, Абыйут, Элазар жана Итамар.
3 Арундун ыйык кызматка майланган, Муса дайындаган ыйык кызмат кылуучу уулдары ушулар.
4 Бирок Надап менен Абыйут Синай чөлүндө Теңирдин алдына башка от алып келип, Теңирдин алдында өлүшкөн, алардан бала калган эмес. Элазар менен Итамар атасы Арундун жанында ыйык кызмат кылуучу болуп калды.
5 Теңир Мусага мындай деди:
6 «Ыйык кызмат кылуучу Арундун алдына Леби уруусун алып кел. Алар Арунга кызмат кылышсын.
7 Алардын жыйын чатырында кыла турган кызматы – Арунга жана жыйын чатырынын алдындагы бүт жамаатка кызмат кылуу.
8 Алардын жыйын чатырында кыла турган кызматы – жыйын чатырынын бардык буюмдарын сактоо, Ысрайыл уулдарына кызмат кылуу.
9 Лебилерди Арундун жана анын уулдарынын карамагына бер. Алар Ысрайыл уулдарынын ичинен Арунга жана анын уулдарына кызматка берилсин.
10 Арунду жана анын уулдарын өздөрүнүн ыйык кызмат кылуучулук милдетин аткарууга дайында. Эгерде ыйык кызматка булардан бөлөк бирөө жакындаса, өлүм жазасына тартылсын».
11 Теңир Мусага дагы мындай деди:
12 «Мен Ысрайыл уулдарынын жатынды жарып чыккан тундарынын ордуна лебилерди алдым. Лебилер Меники.
13 Анткени бардык тунгучтар Меники. Мен Мисир жеринде тунгучтардын баарын өлтүргөн күнү Ысрайылдын бардык тун уулдарын, малдарынын биринчи төлүн Өзүмө арнап алгам, алар Меники болсун, Мен Теңирмин».
14 Теңир Синай чөлүндө Мусага мындай деди:
15 «Леби уулдарын уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чык. Жашы бир айлык жана андан жогору болгон эркектеринин баарын санап чык».
16 Теңир кандай буйруса, Муса ошондой кылып санап чыкты.
17 «Леби уулдарынын аттары мындай: Гейиршон, Каат жана Мерари.
18 Гейиршон уулдарынан тараган уруулардын аттары: Либни жана Шимей.
19 Каат уулдарынан тараган уруулардын аттары: Амрам жана Итсар, Хеброн жана Узиел.
20 Мерари уулдарынан тараган уруулардын аттары: Махли жана Муши. Булар – Леби тукумунан тараган уруулар.
21 Гейиршондон Либни жана Шимей уруулары тараган. Булар – Гейиршон уруулары.
22 Гейиршон урууларындагы жашы бир айлык жана андан жогору болгон эркектердин саны жети миң беш жүз болду.
23 Гейиршон урууларынын станы жыйын чатырынын артына, батыш тарабына жайгашсын.
24 Гейиршон урууларынын башчысы – Лаелдин уулу Элийасап.
25 Гейиршон уулдарына жыйын чатырын, анын жабууларын, анын кире беришиндеги көшөгөсүн,
26 короонун жабууларын, жыйын чатырынын жана курмандык чалынуучу жайдын тегерегиндеги, короонун кире беришиндеги көшөгөнү, анын жиптерин, аларга тиешелүү бардык нерселерди сактоо тапшырылсын.
27 Кааттан Амрам, Итсар, Хеброн, Узиел уруулары тараган. Булар – Каат уруулары.
28 Жашы бир айлык жана андан жогору болгон, жыйын чатырын кайтарган Каат урууларындагы бардык эркектердин саны – сегиз миң алты жүз.
29 Каат уулдарынын станы жыйын чатырынын түштүк тарабына жайгашсын.
30 Каат урууларынын башчысы – Узиелдин уулу Элсапан.
31 Алар келишим сандыгын, үстөлдү, чырактанды, курмандык чалынуучу жайларды, кызматка колдоно турган ыйык идиштерди, ыйык жайдын жабуусун жана ага тиешелүү бардык нерселерди сакташсын.
32 Лебилердин башчыларынын башчысы – ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Элазар. Ал ыйык жайды кайтаргандарды көзөмөлдөсүн.
33 Мерари уруусунан Махли жана Муши уруулары тараган. Булар – Мерари уруулары.
34 Мерари урууларындагы жашы бир айлык жана андан жогору болгон эркектердин саны – алты миң эки жүз.
35 Мерари урууларынын башчысы – Абыкайылдын уулу Суриел. Алардын станы жыйын чатырынын түндүк тарабына жайгашсын.
36 Мерари уулдарына жыйын чатырынын устундарын, шыргыйларын, мамыларын, таканычтарын, аларга тиешелүү нерселерди,
37 короонун бардык тарабындагы мамыларын, таканычтарын, казыктарын, аркандарын сактоо тапшырылсын.
38 Муса, Арун жана анын уулдарынын станы жыйын чатырынын чыгыш тарабына, жыйын чатырынын алдына жайгашсын. Ысрайыл уулдарын сактоо үчүн, аларга ыйык жайды кайтаруу тапшырылсын. Эгерде алардан бөлөк бирөө жакындаса, өлүм жазасына тартылсын».
39 Муса менен Арун Теңирдин буйругу боюнча санап чыккан леби урууларынын жашы бир айлык жана андан жогору болгон эркектеринин саны – жыйырма эки миң.
40 Теңир Мусага дагы мындай деди: «Ысрайыл уулдарынын жашы бир айлык жана андан жогору болгон тун эркек балдарынын аттарын атап санап чык.
41 Мен үчүн (Мен Теңирмин) Ысрайыл уулдарынын бардык тун балдарынын ордуна лебилерди ал, ал эми Ысрайыл уулдарынын бардык малынын биринчи төлүнүн ордуна лебилердин малын ал».
42 Муса Теңир буйругандай, Ысрайыл уулдарынын бардык тун балдарын санап чыкты.
43 Жашы бир айлык жана андан жогору болгон тун эркек балдарынын аттарын атап санап чыкканда, алардын саны жыйырма эки миң эки жүз жетимиш үч болду.
44 Ошондо Теңир Мусага мындай деди:
45 «Ысрайыл уулдарынын тун балдарынын ордуна лебилерди ал, ал эми алардын малынын ордуна лебилердин малын ал. Лебилер Меники болсун, Мен Теңирмин.
46 Ысрайылдын тун эркек балдарынын лебилердин санынан ашып кеткен эки жүз жетимиш үч адамы үчүн кун төлөнсүн.
47 Киши башына ыйык шекел болуп эсептелген шекелден беш шекел ал, бир шекелде жыйырма гер бар.
48 Алардын санынан ашып кеткендердин куну үчүн төлөнүүчү күмүштү Арунга жана анын уулдарына бер».
49 Муса лебилерге айырбашталган тун балдардын куну үчүн төлөнгөн күмүштү алды.
50 Ал Ысрайылдын тун балдары үчүн ыйык шекел болуп эсептелген шекелден бир миң үч жүз алтымыш беш шекел күмүш алды.
51 Муса Теңирдин айтканындай кылып, кун үчүн алган күмүштү Арунга жана анын уулдарына берди.