- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
1 Ысрайыл уулдары жолго чыгышып, Иордан суусунун боюндагы Жерихонун каршысындагы Маап түздүгүнө келип токтошту.
2 Сипордун уулу Балак Ысрайыл элинин аморлуктарга эмне кылганын көрдү.
3 Маап эли бул элден абдан коркту, себеби элдин саны көп эле. Маап эли Ысрайыл уулдарынан абдан коркту.
4 Ошондо мааптыктар Мидиан аксакалдарына мындай дешти: «Өгүз талаадагы чөптү кандай кайсаса, эми бул эл да биздин айланабызды ошондой кайсайт». Ошол убакта Сипордун уулу Балак Маап элинин падышасы болчу.
5 Ал Эфрат дарыясынын боюндагы Пытордо, өзүнүн элинин жеринде жашаган Бейордун уулу Биламды чакыртып жана мындай деп айттырыш үчүн элчилерди жиберди: «Мисир жеринен бир эл келип, жердин бетин каптап, менин жанымда жашап калды.
6 Ошондуктан келип, ушул элди каргап бер, анткени бул эл менден алда канча күчтүү. Балким, бул элди кыйратып, жеримден кууп чыкканга менин күчүм ошондо жетер. Сен кимге бата берсең, ал бата аларын, кимди каргасаң, ал каргышка каларын мен билем».
7 Анан Маап аксакалдары менен Мидиан аксакалдары сыйкырчылык кылдырыш үчүн, белектерин көтөрүп, Биламга келишип, Балактын айткан сөздөрүн ага айтып беришти.
8 Ошондо Билам аларга мындай деди: «Ушул жерге түнөп калгыла. Теңир мага кандай десе, силерге ошондой жооп берем». Маап аксакалдары Биламдыкында түнөп калышты.
9 Кудай Биламга келип, мындай деп сурады: «Сеникинде түнөп калган кайсы кишилер?»
10 Билам Кудайга мындай деп жооп берди: «Буларды мааптыктардын падышасы Сипордун уулу Балак мындай деп айттырыш үчүн мага жибериптир:
11 “Мисир жеринен бир эл келип, жер бетин каптап калды. Ошондуктан келип, бул элди каргап бер. Балким, мен ошондо булар менен согушууга жарап, жеримден кууп чыгармын”».
12 Ошондо Кудай Биламга мындай деди: «Булар менен барба, бул элди каргаба, анткени бул эл – бата алган эл».
13 Билам эртең менен туруп, Балактын төрөлөрүнө мындай деди: «Жериңерге кете бергиле, анткени Теңир менин силер менен баруумду каалаган жок».
14 Маап төрөлөрү ордуларынан туруп, Балакка келип, мындай дешти: «Билам биз менен келүүгө макул болбой койду».
15 Балак алардан да атактуу, кадыр-барктуу төрөлөрдү жиберди.
16 Алар Биламга келип, мындай дешти: «Сипордун уулу Балак: “Мага келбей койбо.
17 Сага чоң сый көрсөтөм, сен мага эмне айтсаң, ошонун бардыгын жасайм. Келип, бул элди каргап бер”, – деп жатат».
18 Балактын кулдарына Билам мындай деп жооп берди: «Балак мага алтын-күмүшкө толгон үйүн берсе да, Кудай-Теңиримдин буйругун аттап, чоң да, кичине да иш кыла албайм.
19 Ошентсе да, мында түнөп калгыла. Теңир мага дагы эмне дээр экен, ошону билейин».
20 Кудай түн ичинде Биламга келип, мындай деди: «Бул кишилер сени чакырып келсе, ордуңан туруп, булар менен жөнө, бирок Мен айтканды гана кыл».
21 Билам эртеси эртең менен туруп, эшегин токуп, Маап төрөлөрү менен жөнөдү.
22 Анын кеткенине Кудай каарданды. Ошондо ага тоскоолдук кылыш үчүн, Теңирдин периштеси алдынан чыкты. Билам өзүнүн ургаачы эшегин минип бараткан, жанында эки малайы бар эле.
23 Ошондо эшеги Теңирдин колуна кылыч кармап жолунда турган периштесин көрүп, жолдон бурулуп, талаага салды. Билам болсо эшегин жолго кайрыш үчүн сабап кирди.
24 Теңирдин периштеси жүзүмзарлардын ортосундагы кууш жолдо туруп калды. Жолдун эки тарабы тең дубал эле.
25 Эшек Теңирдин периштесин көргөндө, дубал жакка ыктап, Биламдын бутун кысып салды. Билам дагы сабап кирди.
26 Теңирдин периштеси болсо ал жерден жылып, оңго да, солго бурула алгыс тар жерге туруп алды.
27 Билам минип турган эшек Теңирдин периштесин көрүп жата калды. Биламдын каары кайнап, эшекти таяк менен сабап кирди.
28 Ошондо Теңир эшекке тил киргизди. Эшек Биламга мындай деди: «Мени үчүнчү ирет сабап жатасың, мен сага эмне кылдым?»
29 Билам эшекке: «Мени келеке кылганың үчүн сабадым. Эгерде колумда кылыч болсо, башыңды азыр эле кыя чапмакмын», – деди.
30 Эшек болсо Биламга: «Ушул күнгө чейин өзүң минип жүргөн алдыңдагы эшегиң мен эмес белем, сени ушинте турган өнөкөтүм бар беле?» – деди. Билам: «Жок!» – деди.
31 Теңир Биламдын көзүн ачты. Ал колуна жалаңдаган кылыч кармап жолдо турган Теңирдин периштесин көрдү. Ошондо ал ага таазим кылып, жүзтөмөндөп жыгылды.
32 Теңирдин периштеси ага мындай деди: «Эмне үчүн эшегиңди үч жолу сабадың? Бараткан жолуң Менин алдымда туура болбогондуктан, Мен сага тоскоолдук кылыш үчүн чыктым.
33 Эшегиң Мени көрүп, үч ирет жолдон бурулду. Бурулуп кетпегенде, аны тирүү калтырып, Мен сени өлтүрүп коймокмун».
34 Анан Билам Теңирдин периштесине мындай деди: «Мен күнөө кылдым, анткени мен Сенин мага каршы чыгып, жолумда турганыңды билген эмесмин. Ошондуктан бул Сага жакпаса, анда мен кайра тартайын».
35 Ошондо Теңирдин периштеси Биламга мындай деди: «Бул кишилер менен бара бер, бирок Мен сага эмне десем, ошону гана сүйлөйсүң». Ошентип, Билам Балактын төрөлөрү менен жөнөп кетти.
36 Балак Биламдын келе жатканын угуп, Арнондун жанындагы чек арада жайгашкан мааптыктардын шаарынан алдынан тосуп чыкты.
37 Балак Биламга мындай деди: «Мен сени чакыртканы киши жибербедим беле. Эмне үчүн келбей койдуң? Мен сени кантип эле сыйлай албай калайын?»
38 Билам Балакка мындай деди: «Мына мен сага келдим, бирок мен өзүм бирдеме айта алар бекем? Кудай оозума эмнени салса, мен ошону гана айтам».
39 Анан Билам Балак менен кетти. Алар Кирийат-Хутсотко келишти.
40 Балак өгүздөрдү, койлорду союп, Биламга жана аны менен бирге келген төрөлөргө берип жиберди.
41 Балак эртеси эртең менен Биламды Баал бийиктиктерине чыгарып, ошол жерден Ысрайыл элинин бир бөлүгүн көрсөттү.