Сандар | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Сандар 5 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңир Мусага мындай деди:

2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп буйрук бер: Өздөрү жашап жаткан станды булгабашы үчүн, алар бардык пес оорулууларды, жыныстык мүчөсүнөн ириң аккандарды, өлүккө тийип булгангандарды,

3 эркек болобу, аял болобу, стандын сыртына чыгарып салышсын, алардын арасында Мен жашап жатам».

4 Ысрайыл уулдары ошондой кылышты, аларды стандын сыртына чыгарып салышты. Теңир Мусага кандай айтса, Ысрайыл уулдары ошондой кылышты.

5 Теңир Мусага мындай деди:

6 «Ысрайыл уулдарына айт: Эркек болобу, аял болобу, адамга каршы кандайдыр бир күнөө кылса, анда ал Кудайга каршы кылмыш кылган болот, ал адам күнөөлүү.

7 Ал кылган күнөөсүн мойнуна алып, кечирим сурасын, кандай зыян келтирсе, ошону толугу менен төлөп берсин. Кимге каршы күнөө кылса, ошол адамдын кунунун үстүнө кунунун бештен бир бөлүгүн кошуп төлөп берсин.

8 Эгерде ал адамдын кунун ала турган мураскору жок болсо, анда анын кунун Теңирге берсин. Анын кунун күнөөсү үчүн чалынуучу кочкор менен кошо ыйык кызмат кылуучуга берсин.

9 Ысрайыл уулдарынын алып келген ыйык курмандыктарынын ичинен өйдө көтөрүп алып келген тартууларынын баары ыйык кызмат кылуучуга таандык.

10 Кимдир бирөө тарабынан арналган нерсе ыйык кызмат кылуучуга таандык. Ким ага эмне алып келсе, ошонун баары ага таандык».

11 Теңир Мусага дагы мындай деди:

12 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: Кимдин аялы күйөөсүнүн көзүнө чөп салып, бейопалык кылса,

13 ким ал аял менен жатып, эрендигин агызса, бирок муну күйөөсү билбесе, аялы муну жашыруун кылса, үстүнөн чыккан күбөлөр болбосо, бети ачылбаса,

14 бирок ал аялдын күйөөсү шектенип кызганса, же аялы бузулса да, бузулбаса да шектенип кызганса,

15 анда ал аялын ыйык кызмат кылуучуга алып келсин. Эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк арпа унунан аялы үчүн курмандыкка алып келсин, бирок ага зайтун майын куйбасын, ладан салбасын, анткени бул – кызганыч үчүн алып келинген курмандык, бул – мыйзамсыздыкты эске салып турган курмандык.

16 Ыйык кызмат кылуучу ал аялды алып келип, Теңирдин алдына койсун да,

17 чопо идишке ыйык суудан куюп, жыйын чатырынын жеринен топурак алып, сууга салсын.

18 Анан ыйык кызмат кылуучу ал аялды Теңирдин алдына коюп, жылаңбаштап, мыйзамсыз ишти эскерткен курмандыкты – кызганыч үчүн алып келинген курмандыкты колуна берсин, ал эми ыйык кызмат кылуучунун колунда каргыш алып келе турган ачуу суу болсун.

19 Ыйык кызмат кылуучу аялга: “Эгерде эч ким менен жатпасаң жана булганбасаң, күйөөңдүн көзүнө чөп салбасаң, анда каргыш алып келе турган мына бул ачуу суудан эч кандай зыян тартпайсың.

20 Эгерде күйөөңдүн көзүнө чөп салсаң, булгансаң, күйөөңдөн бөлөк бирөө менен жатсаң,

21 анда сага Теңирдин каргышы тийсин, элиңдин да каргышы тийсин, жатының куурап, ичиң шишип кетсин.

22 Каргыш алып келе турган мына бул суу ичиңди аралап өтсүн, ичиң шишип, жатының куурап калсын”, – деп каргыш айтып, ант ичирсин. Аял болсо “Оомийин, оомийин” десин.

23 Анан ыйык кызмат кылуучу кагазга ошол каргыш сөздөрдү жазып, аны ачуу сууга жууп салсын.

24 Анан каргыш алып келе турган сууну аялга ичирсин, ошондо каргыш алып келе турган суу аялдын ичине кирип, ага зыян келтирет.

25 Анан ыйык кызмат кылуучу аялдын колунан кызганыч үчүн алып келинген нан курмандыгын алып, Теңирдин алдында өйдө көтөрүп, курмандык чалынуучу жайга алып барсын.

26 Анан ыйык кызмат кылуучу мыйзамсыздыкты эскертип тура турган нан курмандыгынан бир ууч алып, аны курмандык чалынуучу жайда өрттөсүн, андан кийин аялга жанагы сууну ичирсин.

27 Сууну ичиргенден кийин, эгерде аял таза эмес болсо, күйөөсүнө каршы кылмыш кылса, каргыш алып келе турган ачуу суу ичине кирип, зыян келтирип, ичин шишитип, жатынын кургатат, ал аял эл ичинде жек көрүндү болот.

28 Эгерде аял булганбаган болсо, таза болсо, анда ал эч кандай зыян тартпайт, бала төрөй алат.

29 Кызганыч жөнүндөгү мыйзам ушул. Аялы күйөөсүнүн көзүнө чөп салып булганса

30 же күйөөсү аялынан шектенип кызганса, анда ал аялын Теңирдин алдына алып келип койсун, ошондо ыйык кызмат кылуучу ушул мыйзамды аткарсын.

31 Ошондо күйөөсү күнөөдөн таза болот да, аялы өз күнөөсүн өзү тартат».