Сандар | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Сандар 6 Бөлүм

тез өтүү:

1 болууга убада бергенадам жөнүндө мыйзамТеңир Мусага дагы мындай деди:

2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп айт: Эгерде эркек же аял Теңирдин назири болууга өзүн арнаш үчүн, назир болуу убадасын берүүгө чечим чыгарса,

3 анда ал шараптан, ичимдиктен баш тартсын. Ал ачуу шараптын сиркесин, күчтүү ичимдиктин сиркесин, жүзүмдөн жасалган эч бир суусундукту ичпесин, жүзүмдүн өзүн да, кургатылганын да жебесин.

4 Назир болуп турган убагында жүзүмдүн данегин да, кабыгын да, жүзүмдөн жасалган эч бир нерсени жебесин.

5 Назир болууга убада берген күндөрүндө анын башына устара тийбесин, өзүн Теңирдин назири болууга арнаган күндөрү бүткөнгө чейин, ал ыйык болуп эсептелет. Чачын өстүрсүн.

6 Өзүн Теңирдин назири болууга арнаган күндөрү өлүккө жакындабасын.

7 Эгерде атасы же энеси, агасы же иниси, эжеси же карындашы өлсө, алардын өлүгүнө жакындап булганбасын, анткени анын өзүн Кудайга арнаган белгиси өзүнүн башында.

8 Өзүн назирликке арнаган күндөрү ал Теңирдин ыйыгы болуп эсептелет.

9 Эгерде анын жанында бирөө кокустан өлүп, назир экенин билдирген башын булгап алса, анда ал күнөөдөн тазалана турган жетинчи күнү чачын алдырсын.

10 Сегизинчи күнү эки бактекти же эки жаш көгүчкөндү алып келип, жыйын чатырынын алдындагы ыйык кызмат кылуучуга берсин.

11 Ыйык кызмат кылуучу эки канаттуунун бирин күнөөсү үчүн курмандыкка чалып, экинчисин бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка чалсын. Аны өлүккө тийип булганган күнөөсүнөн ошентип тазалап, ошол күнү анын башын ыйыктасын.

12 Анан өзүн Теңирдин назири болууга арнаган күндөрүн кайрадан улантыш үчүн, айып үчүн чалынуучу курмандыкка бир жылдык козу алып келсин, анткени анын назирлиги бузулуп, мурдагы күндөрү эсептелбей калды.

13 Назир жөнүндөгү мыйзам мындай: анын назирлик күндөрү бүткөндөн кийин, аны жыйын чатырынын алдына алып келиш керек,

14 ал Теңирге арналган бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка кемчилиги жок бир жылдык козуну, күнөөсү үчүн чалынуучу курмандыкка кемчилиги жок бир жылдык ургаачы козуну, тынчтык курмандыгына кемчилиги жок бир кочкорду,

15 нан курмандыгына буудай унунан жасалган ачыткысыз нан, зайтун майы кошулуп бышырылган нан жана зайтун майы сыйпалган ачыткысыз токоч, нан курмандыгы менен бирге куюлуучу курмандык алып келсин.

16 Ыйык кызмат кылуучу ушулардын баарын Теңирдин алдына алып келсин. Анан күнөөсү үчүн алып келген курмандыгын, бүтүндөй өрттөө үчүн алып келген курмандыгын чалсын.

17 Анан Теңирге арнап тынчтык курмандыгына кочкор, аны менен кошо бир себет ачыткысыз нан алып келсин, ыйык кызмат кылуучу анын нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыгын да Теңирдин алдына алып келсин.

18 Назир болгон адам жыйын чатырынын алдына келип, назирлигин билдирген чачын алып, өрттөлүп жаткан тынчтык курмандыгынын алдындагы отко салсын.

19 Назир өзүнүн назирлигин билдирген чачын алгандан кийин, ыйык кызмат кылуучу кочкордун бышкан санын, себеттен ачыткысыз нандан бирди, ачыткысыз токочтон бирди алып, анын колуна берсин.

20 Анан ыйык кызмат кылуучу буларды Теңирдин алдында силкилдетсин. Силкилдетиле турган төш менен өйдө көтөрүлө турган сандан тышкары бул ыйык курмандык да ыйык кызмат кылуучуга таандык. Назир болгон адам ушундан кийин гана шарап ичсе болот.

21 Өзүн Теңирге арнап назир болууга сөз берген адам жөнүндөгү, назирлиги үчүн алып келе турган курмандыгы жөнүндөгү, андан башка дагы мүмкүнчүлүгүнө жараша алып келе турган курмандыгы жөнүндөгү мыйзам ушул. Ал назирлик жөнүндөгү мыйзамда жазылгандан сырткары кандай убада берсе, ошону аткарсын».

22 Теңир Мусага дагы мындай деди:

23 «Арунга жана анын уулдарына айт, алар Ысрайыл уулдарына мындай деп бата беришсин:

24 Теңир сага батасын берсин, сени сактасын!

25 Теңир сени мээримдүү жүзү менен карасын, сага ырайым кылсын!

26 Теңир сага назарын салсын, сага тынчтык берсин!

27 Алар Менин атымдан Ысрайыл уулдарына ушинтип бата беришсин, ошондо Мен аларга батамды берем».