- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
1 Лебинин, Кааттын, Итсардын уулу Корак, Рубейин уулдарынан Элийаптын уулдары Датан менен Абырам, Пелеттин уулу Оон Мусага каршы чыгышты.
2 Алар менен кошо Ысрайыл уулдарынын ичинен жыйынга чакырылган атактуу жамаат башчылары болгон эки жүз элүү адам каршы чыкты.
3 Алар чогулуп келип, Муса менен Арунга каршы мындай дешти: «Силердики жетишет, бүт жамаат ыйык, бардыгы ыйык, Теңир алардын арасында! Эмне үчүн силер өзүңөрдү Теңирдин элинен жогору коёсуңар?»
4 Муса муну укканда, жүзтөмөндөп жыгылды.
5 Анан ал Коракка жана анын таламдаштарына мындай деди: «Эртең Теңир ким Өзүнүкү экенин, ким ыйык экенин көрсөтөт, ошону Ал Өзүнө жакындатат. Өзү кимди тандаса, ошону Өзүнө жакындатат.
6 Мындай кылгыла: Корак жана анын таламдаштары, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идишиңерди алгыла.
7 Эртең ага от салып, анын үстүнө Теңир алдында түтөтүлүүчү заттарды салгыла. Ошондо Теңир кимди тандаса, ошол ыйык болот. Леби уулдары, силердики жетишет!»
8 Анан Муса Коракка мындай деди: «Леби уулдары, кулак салгыла.
9 Кудай силерди Ысрайыл жамаатынан бөлүп алып, Теңирдин жыйын чатырында жамаатка кызмат кылып туруш үчүн Өзүнө жакындатканы силерге аздык кылып жатабы?
10 Ал сени жана сени менен кошо бардык бир туугандарыңды, Леби уулдарын Өзүнө жакындатты. Силер болсо ыйык кызмат кылуучулукка да умтулуп жатасыңар.
11 Ошон үчүн сен жамаатың менен Теңирге каршы чыгып жатасың. Арунга наалыгыдай, ал ким эле?»
12 Анан Муса Элийаптын уулдары Датан менен Абырамды чакырганы киши жиберди. Бирок алар: «Барбайбыз!
13 Бизди чөлдө өлтүрүш үчүн сүт менен бал аккан жерден алып чыкканың аздык кылабы? Эми сен бизге үстөмдүк кылгың барбы?
14 Сен бизди сүт менен бал аккан жерге жеткирген жоксуң. Жүзүмзар менен эгин талааларын энчибизге берген жоксуң. Сен бул элди алдагың барбы? Барбайбыз!» – дешти.
15 Ошондо Муса абдан капаланып, Теңирге кайрылды: «Булардын алып келген курмандыктарына көңүл бурба, мен булардан бир да эшек алган эмесмин, булардын эч бирине жамандык кылган эмесмин».
16 Анан Муса Коракка мындай деди: «Эртең сен бүт таламдаштарың менен Теңирдин алдында бол, сени менен кошо таламдаштарың жана Арун болсун.
17 Ар бириңер жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идишиңерди алып, ага түтөтүлүүчү зат салып, ар бириңер өз идишиңерди Теңирдин алдына алып келгиле, бардыгы эки жүз элүү идиш болсун. Арун экөөңөр да өз идишиңерди алып келгиле».
18 Ошондо ар бири өз идишин алып, чок салып, жыпар жыттуу зат салып, жыйын чатырынын алдында турушту. Муса менен Арун да турду.
19 Анан Корак аларга каршы бүт жамаатты жыйын чатырынын алдына чогултту. Ошондо бүт жамаатка Кудайдын даңкы келди.
20 Анан Теңир Муса менен Арунга мындай деди:
21 «Бул жамааттан бөлүнгүлө, анткени Мен буларды көз ачып-жумгуча кыйратам».
22 Ошондо алар жүзтөмөндөп жыгылып: «Кудай, бардык адамдардын рухтарынын Кудайы! Бир киши күнөө кылса, бүткүл жамаатка каарданасыңбы?» – дешти.
23 Ошондо Теңир Мусага мындай деди:
24 «Жамаатка: Корактын, Датандын жана Абырамдын чатырларынан алыс тургула», – деп айт.
25 Муса ордунан туруп, Датан менен Абырамга барды, анын артынан Ысрайыл аксакалдары да барышты.
26 Анан Муса жамаатка мындай деди: «Бул кудайсыз адамдардын чатырларынан алыс тургула, буларга тийиштүү нерселердин эч бирине тийбегиле, болбосо булардын күнөөсү үчүн силер да өлүп каласыңар».
27 Ошондо алар Корактын, Датандын, Абырамдын чатырларынан алыс турушту. Датан менен Абырам аялдарын, уулдарын, кичинекей балдарын алып, чатырларынан чыгып, эшиктеринин алдында турушту.
28 Анан Муса мындай деди: «Бул иштердин баарын мен өз эрким менен эмес, Теңир жибергендиктен жасап жатканымды мындан билесиңер:
29 Эгерде булар бардык адамдар өлгөн сыяктуу эле өлүшсө, бардык адамдардай эле жазаланышса, анда мени Теңир жиберген эмес болот.
30 Эгерде Теңир адаттан тыш нерсе кылып, жер араанын ачып, буларды жана булардын бардык нерселерин жутуп жиберсе, булар тирүүлөй өлгөндөр жаткан жайга кирсе, анда бул адамдардын Кудайга акарат келтиргенин билесиңер».
31 Ушул сөздөрдү айтар замат, алардын астындагы жер ачылды.
32 Жер араанын ачып, аларды үй-жайы менен, Корактын бардык кишилерин мал-мүлкү менен кошо жутту.
33 Ошентип, алар бардык мал-мүлкү менен тирүүлөй өлгөндөр жаткан жайга киришти, аларды жер басып калды. Ошентип, алар жамаат арасынан жок болушту.
34 Аларды тегеректеп турган бүт ысрайылдыктар алардын боздогон үнүн угуп: «Бизди да жер жутпасын», – деп качып жөнөштү.
35 Анан Кудайдан от түшүп, жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү чөйчөктөрдү алып келген эки жүз элүү эркекти жалмап кетти.
36 Анан Теңир Мусага мындай деди:
37 «Арундун уулуна, ыйык кызмат кылуучу Элазарга айт, ал өрттөнүп кеткендердин жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерин чогултуп алып, ичиндеги чогун сыртка төгүп салсын, анткени алар ыйык болуп калды.
38 Бул күнөөкөрлөрдүн жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерин курмандык чалынуучу жайды капташ үчүн, каңылтыр кылып салгыла. Анткени алар жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиштерди Теңирдин алдына алып келишкендиктен, идиштер ыйыкталып калды. Бул Ысрайыл уулдарына эскертүү болсун».
39 Теңир Муса аркылуу айткандай, ыйык кызмат кылуучу Элазар өрттөнүп кеткендердин жез идиштерин алды да, курмандык чалынуучу жайды капташ үчүн, аларды каңылтыр кылып салды.
40 Теңирдин алдына Арундун тукумунан башка бирөө жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идиш алып келбеш үчүн, Ысрайыл уулдары да Корак менен анын таламдаштарындай болбош үчүн, аларды Ысрайыл уулдарына эскертүү кылыш үчүн ошентти.
41 Эртеси Ысрайыл уулдарынын бүткүл жамааты Муса менен Арунга: «Силер Теңирдин элин өлтүрдүңөр», – деп нааразы болду.
42 Муса менен Арунга каршы бүт жамаат чогулганда, алар жыйын чатырын карашса, жыйын чатырын булут каптап, Кудайдын даңкы келиптир.
43 Ошондо Муса менен Арун жыйын чатырына келди.
44 Теңир Мусага мындай деди:
45 «Бул жамааттан алыс тургула, анткени Мен буларды көз ачып-жумгуча кыйратам». Бирок алар жүзтөмөндөп жыгылышты.
46 Ошондо Муса Арунга мындай деди: «Жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү идишти алып, ичине курмандык чалынуучу жайдын чогунан алып, үстүнө түтөтүлүүчү зат салып, тезирээк жамаатка барып, аларды куткарып кал, анткени Теңирдин каары төгүлүп, алар кыйрай башташты».
47 Арун Муса айткандай, жамааттын ортосуна чуркап барса, эл кыйрай баштаган экен. Ошондо ал идишке түтөтүлүүчү зат салып, элди куткарып калды.
48 Ал өлгөндөр менен тирүүлөрдүн ортосуна туруп калды, ошондо кыйроо токтоду.
49 Ошентип, Корактын иши боюнча өлгөндөрдөн сырткары кыйроодон он төрт миң жети жүз киши өлдү.
50 Кыйроо токтогондон кийин, Арун жыйын чатырынын алдына, Мусага кайтып келди.