Сандар | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Сандар 20 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ысрайыл уулдары, бүт жамаат, биринчи айда Син чөлүнө келип, Кадешке токтоду. Ошол жерде Мириям каза болуп, ошол жерге коюлду.

2 Жамаат үчүн ичерге суу жок болгондуктан, алар Муса менен Арунга каршы чогулушту.

3 Эл Мусага мындай деп наалыды: «О, биз ошондо эле, Теңирдин алдында бир туугандарыбыз өлгөндө эле өлүп калсак кана?

4 Эмне үчүн силер Теңирдин элин бул чөлгө алып келдиңер? Бул жерде бизди малыбыз менен кошо кырылып калсын дедиңерби?

5 Эмне үчүн силер бизди Мисирден бул эгин эккенге болбогон, анжыр, жүзүм, анар өспөгөн, атүгүл, иче турган суусу жок жаман жерге алып келдиңер?»

6 Муса менен Арун элден бөлүнүп, жыйын чатырына келип, жүзтөмөндөп жыгылышты, ошондо аларга Кудайдын даңкы келди.

7 Ошондо Теңир Мусага мындай деди:

8 «Таякты колуңа алып, бүт жамаатты чогултуп, Арун бир тууганың менен алардын көз алдында аскага айт, ошондо ал өзүнөн суу чыгарып берет. Ошентип, сен аскадан суу чыгарып, жамаатка да, алардын малдарына да суу ичиресиң».

9 Муса Теңирдин буйругу боюнча Теңирдин алдындагы таягын алды.

10 Анан Муса менен Арун элди асканын жанына чогултушту. Ошондо Муса аларга мындай деди: «Кулак салгыла, баш ийбес эл, ушул аскадан силерге суу чыгарып берелиби?»

11 Анан Муса колун көтөрүп, таягы менен асканы эки чапты эле, шаркырап суу агып чыкты. Ошондо жамаат да, алардын малы да суу ичти.

12 Ошондо Теңир Муса менен Арунга мындай деди: «Мага ишенбей, Ысрайыл уулдарынын көз алдында Менин ыйыктыгымды көрсөтпөгөндүгүңөр үчүн, силер бул элди Мен берип жаткан жерге алып кирбейсиңер».

13 Бул – Мериба суусу. Бул суунун жанында Ысрайыл уулдары Теңир менен араздашып кеткен. Ошондо Теңир аларга Өзүнүн ыйыктыгын көрсөткөн.

14 Кадештен Эдом падышасына мындай деп айттырганы элчилерди жиберди: «Сенин бир тууганың Ысрайыл мындай дейт: Сен биздин башыбызга түшкөн кыйынчылыктардын баарын билесиң.

15 Биздин ата-бабаларыбыз Мисир жергесине көчүп барышкан, ошондуктан биз ал жерде көп убакыт жашадык. Мисирликтер бизге жана биздин ата-бабаларыбызга жаман мамиле кылышты.

16 Ошондо биз Теңирди чакырдык. Ал үнүбүздү угуп, периштесин жиберип, бизди Мисирден алып чыкты. Азыр биз сенин чек араңда жайгашкан Кадеш деген шаарда турабыз.

17 Бизге сенин жериң аркылуу өтүүгө уруксат эт, биз айдоолор менен жүзүмзарларды аралап өтпөйбүз, сенин кудуктарыңан да суу ичпейбиз, падышанын жолу менен өтөбүз, сенин чек араңдан өтүп кеткенче оңго да, солго да кыйшайбайбыз».

18 Бирок Эдом ага мындай деди: «Менин жерим аркылуу өтпө, болбосо мен сага каршы кылыч менен чыгам».

19 Ошондо Ысрайыл уулдары ага мындай дешти: «Биз чоң жол менен өтөбүз, эгерде сенин кудугуңдан суу ичсек же малыбыз ичсе, акысын төлөп беребиз, жериңди бутубуз менен гана басып өтөбүз, ал эч нерсеге турбайт».

20 Бирок ал: «Өтпөйсүңөр!» – деди. Анан Эдом Ысрайылга көп сандаган эли менен, күч-кубаттуу колу менен каршы чыкты.

21 Ошентип, Эдом Ысрайыл элине өз жеринен өткөнгө макул болбой койду, Ысрайыл эли болсо андан четтеп кетти.

22 Ысрайыл уулдары Кадештен чыгышты. Бүт жамаат Ор тоосуна келди.

23 Ор тоосунда, Эдом жеринин чек арасында Теңир Муса менен Арунга мындай деди:

24 «Арун өз элине барып кошулсун, анткени Мериба суусунун жанында Менин буйруктарыма баш ийбей койгонуңар үчүн, ал Мен Ысрайыл уулдарына берген жерге кирбейт.

25 Арунду уулу Элазар менен кошо Ор тоосуна алып чык.

26 Анан Арундун кийимин чечип, уулу Элазарга кийгиз. Анан Арун четке чыгып, ошол жерде көз жумсун».

27 Муса Теңир буйругандай кылды. Алар бүт жамааттын көз алдында Ор тоосуна чыгышты.

28 Муса Арундун кийимин чечип, аларды уулу Элазарга кийгизди. Арун Ор тоосунун чокусунда көз жумду. Муса менен Элазар болсо тоодон түшүп келишти.

29 Арундун көз жумганын бүт жамаат билди. Бүткүл Ысрайыл эли Арунду жоктоп, отуз күн ыйлады.