Сандар | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Сандар 29 Бөлүм

тез өтүү:

1 Жетинчи айдын биринчи күнү ыйык чогулуш өткөргүлө. Эч кандай жумуш кылбагыла. Бул күн силерде сурнай тартчу күн болсун.

2 Жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка эч кемчилиги жок бир букачар, бир кочкор, бир жылдык жети козу чалгыла.

3 Алар менен кошо букачар менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун, кочкор менен кошо эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун,

4 жети козунун ар бири менен кошо эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келгиле,

5 тазаланышыңар үчүн, күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

6 Бул курмандыктарды ай жаңырганда чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен нан курмандыгынан тышкары жана дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандык менен нан курмандыгынан тышкары, алар үчүн белгиленген куюлуучу курмандыктарынан тышкары жыты Теңирге жаккан курмандык катары алып келгиле.

7 Ушул жетинчи айдын онунчу күнү ыйык чогулуш өткөргүлө. Ошол күнү өзүңөрдү орозо менен жоошуткула, эч кандай жумуш кылбагыла.

8 Жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка эч кемчилиги жок бир букачар, бир кочкор, бир жылдык жети козу алып келгиле.

9 Бир букачар менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун, кочкор менен кошо эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун,

10 жети козунун ар бири менен кошо эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келгиле.

11 Күнөөдөн тазаланчу күнү чалынган курмандыктан тышкары, дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан жана нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

12 Жетинчи айдын он бешинчи күнү ыйык чогулуш өткөргүлө, эч кандай жумуш кылбагыла. Теңирдин майрамын жети күн майрамдагыла.

13 Жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка он үч букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу алып келгиле. Алардын эч кемчилиги жок болсун.

14 Он үч букачардын ар бири менен кошо нан курмандыгына зайтун майы кошулган эйфанын ондон үч бөлүгүнчөлүк буудай унун, эки кочкордун ар бири менен кошо эйфанын ондон эки бөлүгүнчөлүк буудай унун,

15 он төрт козунун ар бири менен кошо эйфанын ондон бир бөлүгүнчөлүк буудай унун алып келгиле.

16 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

17 Экинчи күнү эч кемчилиги жок он эки букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу,

18 алар менен бирге букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыгын алып келгиле.

19 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

20 Үчүнчү күнү эч кемчилиги жок он бир букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу,

21 алар менен кошо букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.

22 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

23 Төртүнчү күнү эч кемчилиги жок он букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу,

24 алар менен кошо букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыгын алып келгиле.

25 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

26 Бешинчи күнү эч кемчилиги жок тогуз букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу,

27 алар менен кошо букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.

28 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

29 Алтынчы күнү эч кемчилиги жок сегиз букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу,

30 алар менен кошо букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.

31 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

32 Жетинчи күнү эч кемчилиги жок жети букачар, эки кочкор, бир жылдык он төрт козу,

33 алар менен кошо букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.

34 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

35 Сегизинчи күн силер үчүн майрамдын акыркы күнү болсун. Эч кандай жумуш кылбагыла.

36 Жыты Теңирге жаккан бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыкка эч кемчилиги жок бир букачар, бир кочкор, бир жылдык жети козу алып келгиле.

37 Алар менен кошо букачарлардын, кочкорлордун, козулардын санына жараша белгиленген нан курмандыгын, куюлуучу курмандыкты алып келгиле.

38 Дайыма чалынуучу бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктан, нан курмандыгы менен куюлуучу курмандыктан тышкары күнөө үчүн чалынуучу курмандыкка бир теке алып келгиле.

39 Бул курмандыктарды убада боюнча же өз каалоосу боюнча алып келген бүтүндөй өрттөлүүчү курмандыктарыңардан, нан курмандыктарыңардан, куюлуучу курмандыктарыңардан жана тынчтык курмандыктарыңардан тышкары майрамдарыңарда Теңирге арнап алып келгиле».