- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
1 Теңир Муса менен Арунга мындай деди:
2 «Лебиден тараган Каат уулдарын уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чык.
3 Жыйын чатырындагы жумуштарды кылыш үчүн, кызмат кылууга жарактуу отуз жаштан элүү жашка чейинки эркектерин санап чык.
4 Каат уулдарынын жыйын чатырында кылган кызматы – ыйыктын ыйыгын көтөрүп жүрүү.
5 Стан жолго чыгарда Арун жана анын уулдары жыйын чатырына кирип, көшөгөнү чечип алып, аны менен келишим сандыгын жапсын.
6 Анан анын үстүнө деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабууну жапсын, анын үстүнө ачык көк жүндөн токулган жабуу жапсын, анан шыргыйларын киргизсин.
7 Нан тартуулары коюлуучу үстөлгө ачык көк жүндөн жасалган жабуу жапсын, анын үстүнө идиштерди, табактарды, кумгандарды жана куюлуучу курмандыкка арналган чөйчөктөрдү койсун, анын үстүндө дайыма турчу нан да болсун.
8 Анан ушулардын үстүнө кочкул кызыл түстөгү жабуу жапсын, анын үстүнө деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабуу жапсын, анан шыргыйларын киргизсин.
9 Ачык көк жүндөн жасалган жабуу менен чырактанды жана анын чырактарын, кычкачтарын, чырак өчүргүчтөрүн жана зайтун майы куюлган идиштерин жабышсын.
10 Чырактанды жана ага тиешелүү бардык нерселерди деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабуу менен жаап, замбилдерге салсын.
11 Алтындан жасалган жыпар жыттуу зат түтөтүлүүчү жайдын үстүнө ачык көк жүндөн жасалган жабуу жаап, анын үстүнө деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабуу жаап, анан шыргыйларын киргизсин.
12 Ыйык жайда кызмат кылганда колдонулуучу буюмдарды ачык көк жүндөн жасалган жабууга ороп, анын үстүнө деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабуу жаап, замбилдерге салсын.
13 Анан курмандык чалынуучу жайдын күлүн чыгарып, анын үстүнө ачык кызыл түстөгү жабуу жапсын.
14 Анын үстүнө кызмат кылганда колдонулуучу буюмдарды: чок салгычтарды, айрыларды, калактарды, чараларды, курмандык чалынуучу жайдын бардык идиштерин салып, деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабуу менен жаап, анан шыргыйларын киргизишсин.
15 Стан жолго чыгарда, Арун менен анын уулдары ыйык жайды жана анын бардык буюмдарын жаап бүткөндөн кийин, Кааттын уулдары аларды алып жөнөш үчүн келишсин, бирок ыйык жайга колдорун тийгизишпесин, болбосо өлүп калышат. Жыйын чатырынын бул буюмдарын Кааттын уулдары көтөрүп жүрүшсүн.
16 Ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Элазарга чырактанга куюлуучу зайтун майы, түтөтүлүүчү жыпар жыттуу зат, күндө коюлуучу нан курмандыктары, жыйын чатырына тиешелүү бардык нерселер тапшырылсын».
17 Теңир Муса менен Арунга мындай деди:
18 «Лебилердин ичинен Каат уруусун тукум курут болуудан сактагыла.
19 Алар ыйыктын ыйыгына жакын келгенде өлүп калбаш үчүн мындай кылгыла: Арун менен анын уулдары келип, алардын кимиси эмнени көтөрөрүн көрсөтүп беришсин.
20 Бирок Арун жана анын уулдары ыйык жайды жаап жатышканда, алар өлүп калбаш үчүн, жакын келип карашпасын».
21 Теңир Мусага мындай деди:
22 «Гейиршон уулдарын да уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чык.
23 Жыйын чатырында кызмат кылганга жарактуу отуз жаштан элүү жашка чейинки эркектерин санап чык.
24 Алардын кылар кызматы жана көтөрөр жүгү бул:
25 алар жыйын чатырынын жабууларын, жыйын чатырын, анын жабуусун, алардын үстүндөгү деңиз жаныбарынын терисинен жасалган жабууну жана жыйын чатырынын эшигиндеги көшөгөнү,
26 жыйын чатыры менен курмандык чалынуучу жайдын тегерегиндеги жабууларды, короонун эшигиндеги көшөгөнү, алардын аркандарын, аларга тиешелүү бардык буюмдарын алып жүрүшсүн жана ушул буюмдарга тиешелүү жумуштарды аткарышсын.
27 Гейиршон уулдарынын көтөрө турган жүгү, аткара турган жумушу Арундун жана анын уулдарынын буйругу боюнча болсун. Аларга алып жүргөн буюмдарын сактоону тапшыргыла.
28 Ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Итамар көзөмөлдүк кылган Гейиршон уулдарынын жыйын чатырында кылар кызматы жана сактап жүрүүчү буюмдары мына ушулар.
29 Мерари уулдарын уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чык.
30 Жыйын чатырында кызмат кылганга жарактуу отуз жаштан элүү жашка чейинки эркектерин санап чык.
31 Алардын жыйын чатырында кыла турган иштери мындай: жыйын чатырынын устундарын, мамыларын, шыргыйларын, таканычтарын,
32 короонун мамыларын, таканычтарын, казыктарын, аркандарын жана ага тиешелүү бардык нерселерин алып жүрүшсүн. Алар алып жүрүүгө милдеттүү болгон буюмдардын аттарын атап, санап чыккыла.
33 Ыйык кызмат кылуучу Арундун уулу Итамар көзөмөлдүк кылган Мерари уулдарынын жыйын чатырындагы кылар кызматы ушул».
34 Анан Муса менен Арун жана Ысрайыл уулдарынын башчылары Каат уулдарын уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чыгышты.
35 Отуз жаштан элүү жашка чейинки жыйын чатырында кызмат кылганга жарактуу эркектерди санап чыгышты.
36 Аларды уруусу боюнча санап чыкканда, эки миң жети жүз элүү болду.
37 Теңирдин буйругу боюнча Муса менен Арун санап чыккан Каат урууларынын ичинен жыйын чатырында кызмат кылгандары ушулар.
38 Анан Гейиршон уулдарын уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чыгышты.
39 Отуз жаштан элүү жашка чейинки жыйын чатырында кызмат кылууга жарактуу эркектерди санап чыгышты.
40 Аларды уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чыкканда, эки миң алты жүз отуз болду.
41 Теңирдин буйругу боюнча Муса менен Арун санап чыккан Гейиршон урууларынын ичинен жыйын чатырында кызмат кылгандары ушулар.
42 Анан Мерари уулдарын уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чыгышты.
43 Отуз жаштан элүү жашка чейинки жыйын чатырында кызмат кылууга жарактуу эркектерди санап чыгышты.
44 Аларды уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чыкканда, үч миң эки жүз болду.
45 Теңирдин буйругу боюнча Муса менен Арун санап чыккан Мерари урууларынын ичинен жыйын чатырында кызмат кылгандары ушулар.
46 Ошентип, Муса менен Арун жана Ысрайылдын уруу башчылары лебилерди уруусу, үй-бүлөсү боюнча санап чыгышты.
47 Алар отуз жаштан элүү жашка чейинки жыйын чатырында кызмат кылууга жарактууларды, жүк көтөрө тургандарды санап чыгышты.
48 Аларды санап чыкканда, сегиз миң беш жүз сексен болду.
49 Муса Теңирдин буйругу боюнча алардын ар бирине кыла турган жумушун, көтөрө турган жүгүн дайындады жана Теңир буйругандай санап чыкты.