Сандар | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Сандар 34 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңир Мусага мындай деди:

2 «Ысрайыл уулдарына мындай деп буйрук бер: Канаан жерине киргениңерде, силердин энчиңерге тие турган Канаан жери жана анын чек аралары бул:

3 Силердин түштүк чек араңар Эдомдун жанындагы Син чөлү болот, түштүк чек араңар чыгыш тараптагы Туздуу деңиздин аягынан башталат.

4 Чек араңар түштүк тараптагы Акрабым дөңсөөсүнө бурулуп, Син чөлүнөн өтөт, анан Кадеш-Барнейинин түштүгүнө келип такалат, андан Гатсар-Адарга жетип, Асмон аркылуу өтөт.

5 Чек ара Асмондон Мисир суусуна бурулуп, деңизге барып такалат.

6 Ал эми батыштагы чек араңар улуу деңиз болот. Бул силердин батыш тарабыңардагы чек араңар.

7 Түндүк тарабыңардагы чек араңар улуу деңизден Ор тоосуна чейин созулат.

8 Ор тоосунан Хаматка жетет да, андан ары Седатка барып такалат.

9 Андан ары Зиброндон Хатсар-Эйнанга чейин кетет. Бул силердин түндүк чек араңар.

10 Чыгыш чек араңар Хатсар-Эйнандан Шепамга чейин болсун.

11 Шепамдан чек ара Айындын чыгыш тарабы менен Риблага келет, анан Кинерет деңизинин чыгыш жээктерине тийип өтөт.

12 Чек ара Иорданга келип, Туздуу деңизге такалат. Бул силердин бардык тарабынан чек ара менен чектелген жериңер болот».

13 Анан Муса Ысрайыл уулдарына мындай деп буйрук берди: «Мынакей, өкчөмө таш ыргытып бөлүп алчу жериңер ушул, ушул жерди Теңир тогуз урууңарга жана жарым урууңарга берүүгө буйруду.

14 Анткени Рубейин уулдары өз уруулары менен, Гат уулдары өз уруулары менен жана Менаше уулдарынын жарым уруусу өз энчилерине тийген үлүштөрүн алышкан.

15 Иордандын аркы өйүзүндөгү, чыгыш жактагы, Жерихонун маңдайындагы жерди ушул эки уруу менен жарым уруу бөлүп алышкан».

16 Теңир Мусага мындай деди:

17 «Силерге жер бөлүп бере турган кишилер булар: ыйык кызмат кылуучу Элазар жана Нундун уулу Жашыя.

18 Жер бөлүштүргөнгө ар бир уруудан бирден төрө алгыла.

19 Ал төрөлөр булар: Жүйүт уруусунан Жепундун уулу Калеп.

20 Шымон уруусунан Амийуттун уулу Шемуел.

21 Бенжемин уруусунан Кислондун уулу Элидат.

22 Дан уруусунан мырза Жогланын уулу Буки төрө.

23 Жусуптун уулдарынан Менашенин уруусунан Эйпоттун уулу Ханиел төрө.

24 Эпрайым уруусунан Шиптандын уулу Кемуел төрө.

25 Забулун уруусунан Парнактын уулу Элитсапан төрө.

26 Исахар уруусунан Азандын уулу Палтиел төрө.

27 Ашыр уруусунан Шеломинин уулу Акийут төрө.

28 Напталы уруусунан Амийуттун уулу Педаел төрө.

29 Теңирдин буйругу боюнча Ысрайыл уулдарынын энчисине Канаан жерин бөлүштүрө тургандар ушулар.