- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
1 Муса эфиопиялыктардан аял алды. Эфиопиялыктардан аял алганы үчүн Мириям менен Арун аны жемеледи.
2 Алар мындай деп айтышты: «Теңир Мусага эле сүйлөдү беле? Ал бизге деле сүйлөбөдү беле?» Ошондо бул сөздү Теңир укту.
3 Муса жер үстүндөгү бардык адамдардын ичинен эң момун адам болгон.
4 Теңир күтүлбөгөн жерден Мусага да, Арунга да, Мириямга да мындай деди: «Үчөөңөр тең жыйын чатырына келгиле». Үчөө тең жыйын чатырына келди.
5 Теңир булут мамынын ичинде келип, жыйын чатырынын алдына туруп калды да, Арун менен Мириямды чакырды. Алар келишти.
6 Ошондо Теңир мындай деди: «Менин сөзүмө кулак салгыла. Эгерде силердин араңарда Теңирдин пайгамбары болсо, анда Мен ага көрүнүштөрдө ачылып, түштөрүндө сүйлөшөм.
7 Бирок Өзүмдүн кулум Мусага андай кылбайм, анткени ал – Менин бүт элимдин ичинен ишенимдүү киши.
8 Мен аны менен табышмактатпай, оозмо-ооз, ачык сүйлөшөм, ал Теңирдин бейнесин да көрүп турат. Силер Менин кулум Мусаны жемелегенден кантип корккон жоксуңар?»
9 Теңир аларга каарданып, кетип калды.
10 Булут мамысы жыйын чатырынан алыстап кетти. Ошондо Мириямды кардай ак пес оорусу каптап калды. Арун Мириямды караса, ал пес оорулуу болуп калыптыр.
11 Ошондо Арун Мусага мындай деди: «Муса мырзам! Биздин күнөөбүздү кечир, биз акылсыздыктан күнөө кылдык.
12 Аны энесинин ичинен чыга электе эле денесинин жарымы чирип, өлүү төрөлгөн баладай кылба».
13 Ошондо Муса Теңирге: «О, Кудай, аны айыктыра көр!» – деп жалынып жиберди.
14 Теңир Мусага мындай деди: «Эгерде атасы анын бетине түкүрсө, анда ал жети күн уялып жүрмөк. Ошондуктан ал стандын сыртында жети күн камакта болуп, анан кайтып келсин».
15 Мириям стандын сыртында жети күн камакта болду. Мириям кайрылып келгиче, эл жолго чыкпай, ордунда турду.