- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
1 Теңир Арунга мындай деди: «Сен жана уулдарың, укум-тукумуң ыйык жайга шалакы мамиле кылгандардын күнөөсү үчүн жооп бересиңер. Сен жана уулдарың ыйык кызматыңарды туура эмес аткаргандыгыңар үчүн жооп бересиңер.
2 Ошондой эле Леби уруусундагы бир туугандарыңды, атаңдын уруусун өзүңө кошуп ал. Алар сенин кол алдыңда болуп, сага кызмат кылышсын, бирок сен уулдарың менен бирге жыйын чатырынын алдында бол.
3 Алар сага жана жыйын чатырында кызмат кылышсын, бирок алар ыйык жайдын буюмдарына жана курмандык чалынуучу жайга жакындашпасын, болбосо алар да, силер да өлүп каласыңар.
4 Алар сенин кол алдыңда болуп, жыйын чатырында кызмат кылышсын, жыйын чатырындагы бардык жумуштар алардын мойнунда, бирок башка бирөө силерге жакын жолобосун.
5 Мындан ары Ысрайыл уулдарына Теңирдин каары төгүлбөшү үчүн, ыйык жайда жана курмандык чалынуучу жайда ушундай кызмат аткаргыла.
6 Анткени силердин бир туугандарыңар болгон лебилерди Мен Ысрайыл уулдарынын арасынан бөлүп алгам жана аларды жыйын чатырында кызмат кылсын деп, Теңирге тартуу катары силерге бергем.
7 Сен уулдарың менен кошо көшөгөнүн ички жагында жана курмандык чалынуучу жайда ыйык кызматыңарды аткаргыла. Мен силерге ыйык кызмат кылуучулук кызматты тартуу катарында бердим, бирок ал кызматты башка бирөө аткарса, ал өлүм жазасына тартылсын».
8 Теңир Арунга дагы мындай деди: «Ысрайыл уулдарынын Мага арнап алып келген курмандыктарына көз салууну Мен сага тапшырдым. Аларды Мен сага жана сенин уулдарыңа ыйык кызматыңар үчүн үлүш кылып бердим. Бул мыйзам силердин укум-тукумуңарга түбөлүккө калсын.
9 Өрттөлүүчү эң ыйык курмандыктардын ичинен сага тиешелүү курмандыктар булар: алардын Мага алып келген нан курмандыктары, күнөө үчүн чалынуучу курмандыктары, айып үчүн чалынуучу курмандыктары. Бул – сен үчүн жана сенин уулдарың үчүн эң ыйык курмандык.
10 Аларды эң ыйык жерде жегиле, аларды бардык эркектер жесе болот. Бул сен үчүн ыйык нерсе болсун.
11 Ысрайыл уулдарынын өйдө көтөрө турган курмандыктарынын баары сага тиешелүү. Аларды Мен сага, сенин уулдарыңа, сенин кыздарыңа бердим. Бул мыйзам сенин укум-тукумуңа түбөлүккө калсын. Аларды сенин үйүңдөгү таза адамдардын бардыгы жесе болот.
12 Ысрайыл уулдарынын Теңирге алып келген зайтун майынын, жүзүмү менен нанынын эң жакшысын, биринчи түшүмдөрүн Мен сага бердим.
13 Алардын Теңирге алып келген биринчи түшүмү сеники болсун. Сенин үйүңдөгү таза адамдардын бардыгы алардан жесе болот.
14 Ысрайыл жериндеги Теңирге арналгандын бардыгы сеники болсун.
15 Теңирге алып келинген тунгучтардын бардыгы: адамдыкы болобу, малдыкы болобу, сеники болсун. Бирок адамдын тун баласы менен арам малдын биринчи төлүнүн куну төлөнсүн.
16 Алар үчүн төлөнө турган кунга: бир айдан жогоркулардан баштап өзүңдүн бааң боюнча беш күмүш шекел ал. Ыйык шекел менен алганда, бир шекел жыйырма герге барабар.
17 Бирок өгүздүн, койдун, эчкинин биринчи төлү үчүн кун алба, анткени алар ыйык. Алардын канын курмандык чалынуучу жайга чач, майын жыты Теңирге жаккан курмандык катары өрттө.
18 Төш менен оң сан сыяктуу эле өйдө көтөрүлө турган курмандыктын бардыгы сага тиешелүү.
19 Ысрайыл уулдарынын Теңирге арнап өйдө көтөрүп алып келген курмандыктарынын бардыгын сага жана өзүң менен бирге болгон уулдарың менен кыздарыңа бердим. Бул мыйзам сенин укум-тукумуңа түбөлүккө калсын. Бул – сага жана сенин укум-тукумуңа Теңир алдында берилген түбөлүктүү туз келишими».
20 Теңир Арунга дагы мындай деди: «Алардын жеринде өз энчиң болбойт, алардын арасында өз үлүшүң да болбойт. Ысрайыл уулдарынын ичинде сенин үлүшүң да, энчиң да Менмин.
21 Бирок Мен Леби уулдарына алардын кызматы үчүн, жыйын чатырында кызмат кылганы үчүн Ысрайылдын бардык нерсесинин ондон бир бөлүгүн үлүш кылып бердим.
22 Ысрайыл уулдары күнөөгө батып өлүп калбашы үчүн, мындан ары жыйын чатырына жакындашпасын.
23 Лебилер жыйын чатырында кызмат кылышсын, алардын күнөөсүн көтөрүшсүн. Бул мыйзам силердин укум-тукумуңарга түбөлүк калсын. Ысрайыл уулдарынын ичинен алар үлүш алышпайт,
24 себеби Ысрайыл уулдарынын Теңирге алып келген ондуктарынын баарын Мен лебилерге үлүш катары бердим. Ошондуктан Мен аларга: “Ысрайыл уулдарынын ичинен алар үлүш алышпайт”, – деп айткам».
25 Анан Теңир Мусага мындай деди:
26 «Лебилерге мындай деп айт: Мен Ысрайыл уулдарынан силерге үлүш кылып берген ондукту алардан алганыңарда, ошол ондуктардын ондугун өйдө көтөрүп Теңирге алып келгиле.
27 Силердин мына ушул өйдө көтөрө турган курмандыгыңар жүзүмдүн ширеси катары же кырмандан алынган дан катары эсептелинет.
28 Ысрайыл уулдарынан алган бардык ондугуңардан силер да өйдө көтөрүп Теңирге алып келгиле, алардан алган ондуктун ондон бир бөлүгүн ыйык кызмат кылуучу Арунга бергиле.
29 Силерге тартуулаган бардык нерселердин ичинен эң жакшысын, ыйыгын Теңирге тартуулагыла.
30 Анан аларга мындай де: Силер алып келген нерселердин эң жакшысы жүзүмдүн ширеси, кырмандан алынган дан сыяктуу эле лебилерге эсептелинет.
31 Буларды силер үй-бүлөңөр менен каалаган жериңерде жесеңер болот, анткени бул – силердин жыйын чатырында кылган кызматыңардын акысы.
32 Алардын эң жакшысын алып келгиле, ошондо күнөөлүү болбойсуңар. Ысрайыл уулдарынын тартууларын булгабайсыңар, өлбөйсүңөр».