Сандар | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Сандар 2 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңир Муса менен Арунга мындай деди:

2 «Ысрайыл уулдары өз станын өз туусунун жанына, уруу белгилеринин жанына жайгаштырышсын. Стандарын жыйын чатырынын тегерегине жайгаштырышсын.

3 Жыйын чатырынын күн чыгыш тарабында Жүйүт станы туусун көтөрүп, кошуундары менен алдыңкы катарда турсун. Жүйүт уруусунун башчысы – Аминадаптын уулу Нахшон,

4 анын санакка кирген жоокерлери – жетимиш төрт миң алты жүз.

5 Анын жанына Исахар уруусунун станы жайгашсын. Исахар уруусунун башчысы – Суардын уулу Натанаел,

6 анын санакка кирген жоокерлери – элүү төрт миң төрт жүз.

7 Анын жанына Забулун уруусунун станы жайгашсын. Забулун уруусунун башчысы – Хейлондун уулу Элийап,

8 анын санакка кирген жоокерлери – элүү жети миң төрт жүз.

9 Жүйүт станынын кошуундары боюнча санакка киргендери – жүз сексен алты миң төрт жүз. Алар биринчи жөнөшсүн.

10 Жыйын чатырынын түштүк тарабында Рубейин станы туусун көтөрүп, кошуундары менен турсун. Рубейин уруусунун башчысы – Шедейурдун уулу Элитсур,

11 анын санакка кирген жоокерлери – кырк алты миң беш жүз.

12 Анын жанына Шымон уруусунун станы жайгашсын. Шымон уруусунун башчысы – Суришадай уулу Шелумиел,

13 анын санакка кирген жоокерлери – элүү тогуз миң үч жүз.

14 Андан кийин кошуунун Гат уруусу жайгаштырсын. Гат уруусунун башчысы – Ребуелдин уулу Элийасап,

15 анын санакка кирген жоокерлери – кырк беш миң алты жүз элүү.

16 Рубейин станынын кошуундары боюнча санакка киргендери – жүз элүү бир миң төрт жүз элүү. Алар экинчи жөнөшү керек.

17 Жыйын чатырын алып жөнөгөндө, лебилердин станы стандардын ортосунда болсун. Ар бир стан туусун көтөрүп, өз-өз катары менен, кандай жайгашса, ошол бойдон жөнөшү керек.

18 Жыйын чатырынын батыш тарабында Эпрайым станы туусун көтөрүп, кошуундары менен турсун. Эпрайым уруусунун башчысы – Амийуттун уулу Элишама,

19 анын санакка кирген жоокерлери – кырк миң беш жүз.

20 Анын жанына Менаше уруусу жайгашсын. Менаше уруусунун башчысы – Пыдатсур уулу Гамлиел,

21 анын санакка кирген жоокерлери – отуз эки миң эки жүз.

22 Андан кийин Бенжемин уруусу жайгашсын. Бенжемин уруусунун башчысы – Гидонинин уулу Абидан,

23 анын санакка кирген жоокерлери – отуз беш миң төрт жүз.

24 Эпрайым станынын кошуундары боюнча санакка киргендери – жүз сегиз миң бир жүз. Алар үчүнчү жөнөшү керек.

25 Жыйын чатырынын түндүк тарабында Дан станы туусун көтөрүп, кошуундары менен турсун. Дан уруусунун башчысы – Амишадайдын уулу Ахиезер,

26 анын санакка кирген жоокерлери – алтымыш эки миң жети жүз.

27 Анын жанына Ашыр уруусунун станы жайгашсын. Ашыр уруусунун башчысы – Охран уулу Пагиел,

28 анын санакка кирген жоокерлери – кырк бир миң беш жүз.

29 Андан кийин Напталы уруусу жайгашсын. Напталы уруусунун башчысы – Эйнандын уулу Акира,

30 анын санакка кирген жоокерлери – элүү үч миң төрт жүз.

31 Дан станынын кошуундары боюнча санакка киргендери – жүз элүү жети миң алты жүз. Алар тууларын көтөрүп, акыркы болуп жөнөшү керек.

32 Ысрайыл уулдарынын үй-бүлөлөрү боюнча санакка киргендери ушулар. Стандардагы кошуун-кошуун боюнча санакка киргендердин жалпы саны – алты жүз үч миң беш жүз элүү».

33 Ошентип, Теңир Мусага буйругандай, лебилер Ысрайыл уулдары менен кошо санакка кирген жок.

34 Теңирдин Мусага буйругандарынын бардыгын Ысрайыл уулдары так ошондой аткарышты. Алар тууларын көтөрүп, стандары менен ушундай турушту, алар уруулары, үй-бүлөлөрү менен ушундай жол жүрүштү.