- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
1 Теңир Мусага мындай деди:
2 «Ысрайыл уулдары менен сүйлөшүп, ар бир уруунун уруу башчысынан бирден таяк ал. Ошол он эки таяктын ар бирине бирден уруунун атын жазып кой.
3 Арундун атын Леби уруусунун таягына жаз, анткени ар бир уруу башчысы бирден таяк берүүгө тийиш.
4 Аларды жыйын чатырынын ичиндеги Мен силер менен сүйлөшүп турган келишим сандыгынын алдына кой.
5 Мен кимди тандап алсам, анын таягы гүлдөп калат. Ысрайыл уулдарынын силерге наалыганын Мен ошентип токтотом».
6 Анан Муса Ысрайыл уулдары менен сүйлөштү. Ошондо алардын уруу башчылары бирден, жалпы он эки таяк беришти, алардын таягынын арасында Арундун таягы да бар эле.
7 Муса таяктарды жыйын чатырынын ичине, Теңирдин алдына алып барып койду.
8 Эртеси күнү Муса жыйын чатырына келип караса, Леби уруусундагы Арундун таягы бүчүр байлап, гүлдөп, бадам байлап калыптыр.
9 Анан Муса Теңирдин алдынан бардык таяктарды Ысрайыл уулдарына алып келди. Алар таяктарды карап көрүп, ар кимиси өз таягын алды.
10 Ошондо Теңир Мусага мындай деди: «Арундун таягын баш ийбегендерге эскертүү белгиси болушу үчүн, келишим сандыгынын алдына сактап кой, алардын Мага наалыганы токтосун, алар өлүп калышпасын».
11 Муса ошондой кылды, Теңир ага кандай буйруса, так ошондой кылды.
12 Ысрайыл уулдары Мусага мындай деп айтышты: «Мына, биз өлүп бара жатабыз, баарыбыз кыйрап бара жатабыз!
13 Теңирдин жыйын чатырына жакындагандар өлүп жатышат. Баарыбыз ушинтип кырылып калабызбы?»