Башталыш | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Башталыш 10 Бөлүм

тез өтүү:

1 Нухтун уулдары Шем, Хам жана Жепеттен тараган уруунун санжырасы мындай: Топон суудан кийин алардан балдар төрөлдү.

2 Жепет уулдары: Гомер, Магок, Мадай, Жабан, Тубал, Мешех жана Тирас.

3 Гомер уулдары: Ашкыназ, Рипат жана Тогарма.

4 Жабан уулдары: Элиша, Таршыш, Китим жана Доданим.

5 Булардан аралдын элдери тарап, ар бири өз тили, өз уруусу, өз эли менен өз-өз жерлерине отурукташты.

6 Хам уулдары: Куш, Мисрайим, Пут жана Канаан.

7 Куш уулдары: Себа, Хабила, Сапта, Раама жана Саптеха. Рааманын уулдары: Шеба жана Дыдан.

8 Куштан дагы Нимрот төрөлдү, ал жер жүзүндөгү адамдардын эң күчтүүсү болду.

9 Ал Теңирдин алдында мыкты аңчы эле, ошондон улам «Теңирдин алдында Нимроттой мыкты аңчы» деп айтылып калган.

10 Башында анын падышалыгын Шинар жериндеги Бабыл, Эрех, Акат жана Калней түзгөн.

11 Ал жерден чыгып, Ашурга келип, Нинебини, Рехобот-Ирди, Келахты,

12 Нинеби менен Келахтын ортосуна чоң шаар – Ресен шаарын курду.

13 Мисрайимден луттуктар, Анамим, Лейабим, Наптухим,

14 патрустуктар, каслухимдер келип чыккан, алардан пелиштиликтер жана капторлуктар келип чыккан.

15 Канаандан төрөлгөндөр: тун уулу Сидон, Хет,

16 жебустуктар, аморлуктар, гиргештиктер,

17 хибиликтер, арктыктар, синиликтер,

18 арбалыктар, семариликтер жана хаматиликтер. Кийинчерээк Канаан уруулары туш-тушка чачырап кеткен.

19 Ошондо Канаан урууларынын чеги Сидондон тартып Герарга, Азага чейин, бул жерден Содом, Амор, Адма жана Себоимден тартып Лашага чейин болгон.

20 Уруулары, тилдери, жерлери боюнча Хам уулдарынан тараган элдер ушулар.

21 Жепеттин улуу агасы, бардык Эйбер уулдарынын атасы Шемдин да балдары болгон.

22 Шем уулдары: Эйлам, Ашур, Арпакшат, Лут, Рам.

23 Рам уулдары: Ус, Хул, Гетер жана Маш.

24 Арпакшаттан Шелах төрөлдү, Шелахтан Эйбер төрөлдү.

25 Эйберден эки уул төрөлдү. Биринин аты Пелек, себеби анын тушунда жер бөлүндү. Анын бир тууганынын аты Жоктан.

26 Жоктандан Алмадат, Шелеп, Хатсар-Мабет, Жерах.

27 Адорам, Узал, Дикла,

28 Обал, Абымайыл, Шеба,

29 Опир, Хабила жана Жобап төрөлдү. Булардын баары – Жоктандын уулдары.

30 Булар отурукташкан жерлер Мейшадан тартып, чыгыш тоосу Сыпарга чейин болгон.

31 Уруулары, тилдери, жерлери боюнча Шем уулдарынан тараган элдер ушулар.

32 Нух уулдарынан тараган уруулардын санжырасы ушул. Топон суудан кийин жер үстүндө алардан элдер тараган.