Башталыш | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Башталыш 29 Бөлүм

тез өтүү:

1 Анан Жакып ордунан туруп, чыгыш уулдарынын жерине кетти.

2 Ал талаадан кудук көрдү, анын жанында үч короо кой жаткан эле, анткени малды ошол кудуктан сугарышчу. Кудуктун оозунда чоң таш бар эле.

3 Малдын баары ошол жерге чогулганда, кудуктун оозундагы ташты жылдырып, койлорду сугарышчу. Анан ташты кайрадан өз ордуна, кудуктун оозуна жылдырып коюшчу.

4 Жакып алардан: «Бир туугандарым! Силер кайдансыңар?» – деп сурады. Алар: «Биз Харанданбыз», – деп жооп беришти.

5 Ошондо Жакып алардан: «Силер Нахордун уулу Лабанды тааныйсыңарбы?» – деп сурады. Алар: «Тааныйбыз», – дешти.

6 Ал алардан дагы: «Ал аман-эсен жүрөбү?» – деп сурады. Алар: «Аман-эсен жүрөт. Тигине, кызы Рахел койлорун айдап келе жатат», – деп жооп беришти.

7 Жакып аларга: «Күн батканча көп бар. Малды айдап келер маал боло элек. Койлорду сугарып алып, жайганы кеткиле», – деди.

8 «Бардык малды чогултмайынча, кудуктун оозундагы ташты жылдырышмайынча, койлорду сугара албайбыз», – дешти алар.

9 Жакып алар менен сүйлөшүп турганда, Рахел атасынын майда малын айдап келип калды, анткени ал кой кайтарып жүргөн эле.

10 Жакып таякеси Лабандын кызы Рахелди жана анын койлорун көргөндө, жакын келип, кудуктун оозунан ташты жылдырып, таякесинин койлорун сугарды.

11 Анан Жакып Рахелди өөп, өксөп ыйлап жиберди.

12 Ошондо Жакып Рахелге анын атасынын тууганы экенин, Ребеканын уулу экенин айтты. Рахел болсо чуркап барып, атасына айтты.

13 Лабан карындашынын баласы Жакып жөнүндө угуп, анын алдынан чуркап чыгып, кучактап өөп, өз үйүнө киргизди. Анан ал Лабанга болгон окуяны айтып берди.

14 Лабан болсо ага: «Чынында эле, сен менин өз сөөгүм, өз канымсың», – деди. Жакып аныкында толук бир ай турду.

15 Анан Лабан Жакыпка мындай деди: «Сен тууган болгонуң үчүн эле мага бекер кызмат кылышың керекпи? Айтчы, акыңа эмне берейин?»

16 Лабандын эки кызы бар эле. Улуусунун аты – Лея. Кичүүсүнүн аты – Рахел.

17 Леянын көзү начар көрчү, ал эми Рахелдин мүчөсү келишимдүү, өңү татынакай эле.

18 Жакып Рахелди сүйүп калып: «Мен кенже кызың Рахел үчүн сага жети жыл кызмат кылам», – деди.

19 Лабан ага: «Аны бөлөк бирөөгө бергенден көрө сага бергеним жакшы. Меникинде жашай бер», – деди.

20 Ошентип, Жакып Рахел үчүн жети жыл кызмат кылды. Ал аны сүйгөндүктөн, бул жылдар ага бир нече күндөй эле көрүндү.

21 Анан Жакып Лабанга: «Эми аялымды бер, анткени ага жакындаганга менин убактым келди», – деди.

22 Лабан ал жерде жашаган адамдардын бардыгын чакырып, той өткөрдү.

23 Кечинде ал кызы Леяны Жакыпка алып келди. Жакып ага жакындады.

24 Лабан өз күңү Зилпаны кызы Леяга кызматчы кылып берди.

25 Эртең менен ал Лея болуп чыкты. Ошондо Жакып Лабанга: «Бул эмне кылганың? Мен сага Рахел үчүн кызмат кылбадым беле? Мени эмнеге алдадың?» – деди.

26 Лабан ага: «Биздин жерде улуусунан мурда кичүүсүн күйөөгө бербейт.

27 Бул жуманы аякта. Андан кийин сага тигинисин да беребиз, сен ал үчүн дагы жети жыл меникинде кызмат кыласың», – деди.

28 Жакып ошондой кылды. Бул жуманы аяктады. Анан Лабан кызы Рахелди да ага аялдыкка берди.

29 Лабан өз күңү Биланы кызы Рахелге кызматчы кылып берди.

30 Жакып Рахелге да жакындады. Ал Леяга караганда, Рахелди көбүрөөк сүйчү. Лабандыкында ал дагы жети жыл кызмат кылды.

31 Анын Леяны сүйбөгөнүн көрүп, Теңир Леяны балалуу кылды. Ал эми Рахелдин согончогу канаган жок.

32 Леянын боюна бүтүп, уул төрөп: «Теңир менин бактысыздыгыма назарын салды, эми күйөөм мени жакшы көрөт», – деп, анын атын Рубейин койду.

33 Дагы боюна бүтүп, уул төрөп: «Мен анын сүйбөгөн аялы экенимди Теңир угуп, мага муну да берди», – деп, анын атын Шымон койду.

34 Дагы боюна бүтүп, уул төрөп: «Мына эми күйөөм мага жабышат, анткени мен ага үч уул төрөп бердим», – деп, анын атын Леби койду.

35 Анан дагы боюна бүтүп, уул төрөп: «Мына эми мен Теңиримди даңктайм», – деп, анын атын Жүйүт койду. Ошондон кийин анын төрөтү токтоду.