- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
- 49
- 50
1 Ыбрайымдын жашы өтүп, карып калган. Теңир Ыбрайымга бардык жагынан батасын берди.
2 Ыбрайым үй ишин башкарган кулуна мындай деди: «Колуңду менин саныма коюп туруп,
3 уулума мен жашап жаткан Канаан жеринин кыздарынан аял алып бербейм деп, асман менен жердин Кудайы болгон Теңир менен ант бер.
4 Бирок менин жериме, менин мекениме барып, уулум Ыскакка аял алып келесиң».
5 Ошондо кулу ага мындай деди: «Эгерде ал аял бул жерге мени менен келгиси келбесечи? Анда уулуңду туулган жериңе кайра жиберишим керекпи?»
6 Ыбрайым ага: «Байкагын, уулумду ал жакка кайра жибербе.
7 Мени атамдын үйүнөн, туулган жеримден алып, мага: “Бул жерди сенин тукумуңа берем”, – деп убада кылган асман Кудай-Теңири сенин алдыңа Өз периштесин жиберет, ошондо сен ал жерден уулума аял алып келесиң
8 Эгерде аял сени менен келүүнү каалабаса, анда мага берген антыңдан кутуласың, бирок уулумду ал жакка кайра жибербе», – деди.
9 Ошондо кулу колун мырзасы Ыбрайымдын санына коюп, ошентип ант берди.
10 Анан кулу өз мырзасынын төөлөрүнөн он төө алып, жөнөп кетти. Анын колунда мырзасынын ар кандай асыл буюмдары да бар эле. Ал туруп, Месопотамиядагы Нахордун шаарына жөнөдү.
11 Ал шаардын сыртындагы кудуктун жанына кечке маал, аялдар суу алууга чыга турган мезгилде төөлөрүн чөктүрдү.
12 Анан ал: «Теңирим, Ыбрайым мырзамдын Кудайы! Ал кызды мага бүгүн жолуктура көр, менин мырзам Ыбрайымга ырайым кыла көр.
13 Мына, мен кудуктун жанында турам, шаар кыздары суу сузуп алганы келе жатышат.
14 Мен кайсы кызга: “Кумураңды эңкейтчи, суу ичип алайын”, – десем, ал: “Ич, төөлөрүңдү да сугарып берем”, – десе, анда ошол кыз Сен Өз кулуң Ыскакка дайындаган кыз экенин жана Сен менин мырзама ырайым кылганыңды билем», – деди.
15 Ал айтып бүтө электе эле, Ыбрайымдын бир тууганы Нахордун аялы Милка төрөгөн Бетуелдин кызы Ребека ийнине кумурасын көтөрүп, кудуктун жанына келди.
16 Кыз чырайлуу, эркек көрө элек кыз эле. Ал кудукка келип, кумурасын толтуруп алып, өйдө көздөй жөнөдү.
17 Ошондо кул кыздын астынан чуркап чыгып: «Кумураңдан кичине суу ичирчи», – деди.
18 Кыз: «Ичиңиз, мырзам», – деди да, ошол замат кумурасын ийнинен түшүрүп, колуна алып, ага суу ичирди.
19 Кыз ага суу ичиргенден кийин: «Төөлөрүңүздүн да суусуну кангыча сузуп келип берейин», – деди.
20 Анан ал ошол замат кумурасындагы сууну аштоого куя салып, кудукка кайра чуркап барып, анын бүт төөлөрүнө суу сузуп берди.
21 Жолуна Теңир батасын берген-бербегенин билгиси келгендиктен, ал киши унчукпай, кызды таң кала карап турду.
22 Төөлөр суу ичип бүткөндөн кийин, ал киши салмагы жарым шекел алтын болгон шакекти жана салмагы он шекел алтын болгон эки билерикти алып чыгып, мындай деп сурады:
23 «Кимдин кызысың? Айтчы мага, атаңдын үйүндө биз түнөгөнгө орун барбы?»
24 Кыз ага: «Нахор менен Милканын уулу Бетуелдин кызымын», – деп жооп берди.
25 Анан дагы мындай деди: «Бизде жем-чөп көп. Түнөөгө да орун бар».
26 Ошондо ал киши башын ийип таазим кылып, Теңирге табынып, мындай деди:
27 «Мырзам Ыбрайымдын Кудай-Теңирине алкыш! Ал менин мырзамды Өзүнүн ырайымы менен акыйкатынан куру калтырбаптыр! Теңир мени түз эле мырзамдын бир тууганынын үйүнө алып келди».
28 Кыз чуркап барып, муну энесинин үйүндөгүлөрүнө айтып берди.
29 Ребеканын Лабан деген бир тууган агасы бар эле. Лабан кудукту көздөй жанагы кишиге чуркап чыкты.
30 Ал карындашынын салынган шакеги менен билериктерин көрүп жана карындашы Ребеканын «Бул киши мени менен ушинтип сүйлөштү» дегенин угуп, ал кишиге келсе, ал кудуктун жанында төөлөрү менен турган экен.
31 Ошондо Лабан ага: «Теңир батасын берген адам, үйгө кир. Эмнеге сыртта турасың? Мен сага үй, төөлөрүңө жай камдап койдум», – деди.
32 Ал киши үйгө кирди. Лабан төөлөрдү жайдактап, алардын алдына жем-чөп салып, ага жана аны менен бирге келгендерге буттарын жууганга суу берди.
33 Анын алдына тамак коюшту, бирок ал: «Өз ишимдин жөнүн айтмайын жебеймин», – деди. Алар: «Айт», – дешти.
34 Ошондо ал: «Мен Ыбрайымдын кулумун.
35 Теңир менин мырзама батасын мол бергендиктен, ал бай адам болду. Ал ага кой да, өгүз да, күмүш да, алтын да, кул да, күң да, төө да, эшек да берди.
36 Мырзамдын аялы Саара картайып калганда, ага уул төрөп берди. Мырзам уулуна өзүндө болгондун баарын берди.
37 Анан мырзам менден: “Уулума мен жашап жаткан жердеги Канаан кыздарынан аял алып бербе,
38 атамдын элине, менин туугандарыма барып, уулума аял алып келесиң”, – деп, ант алды.
39 Мен мырзама: “Эгерде ал кыз мени менен келбесечи?” – десем,
40 ал мага: “Мен табынган Теңир сени менен Өз периштесин жиберип, жолуңду ачат, анан сен менин уулума туугандарымдан, атамдын элинен аял алып келесиң.
41 Сен менин туугандарымдыкына барып келгенден кийин, менин антымдан кутуласың. Эгерде алар беришпесе, анда да антымдан кутуласың”, – деген.
42 Мен бүгүн кудукка келип: “Теңирим, мырзам Ыбрайымдын Кудайы! Эгерде Сен менин жолумду ачкан болсоң,
43 анда мына, мен кудуктун жанында турам. Суу алганы келген кызга: “Кумураңдан кичине суу ичирчи”, – дейм.
44 Ошондо ал мага: “Сен да ич, төөлөрүңө да сузуп берейин”, – десе, анда мырзамдын уулуна Теңир белгилеп койгон кыз ошол”, – дедим.
45 Ичимден Кудайга ушинтип айтып бүтө электе эле, Ребека келди. Анын ийнинде кумурасы бар экен. Ал кудукка келип, суу сузуп алды. Ошондо мен ага: “Мага сууңдан берчи”, – дедим.
46 Ал ошол замат кумурасын ийнинен түшүрүп: “Ич, төөлөрүңө да сузуп берейин”, – деди. Мага да берди, төөлөрүмдү да сугарды.
47 Мен андан: “Кимдин кызысың?” – деп сурадым. Ал: “Нахор менен Милка Бетуелдин кызымын”, – деп жооп берди. Ошондо мен ага шакек менен билериктерди бердим.
48 Анан мен Теңирге башымды ийип таазим этип, мырзам Ыбрайымдын Кудай-Теңирине алкыш айттым. Ал менин мырзамдын уулуна бир тууганынын кызын алып берүү үчүн, мени түз алып келди.
49 Мага азыр эле айткыла, менин мырзама ырайым жана акыйкаттык кылайын деген оюңар барбы же жокпу? Айткыла, анан мен оңго же солго бурулуп кетейин».
50 Ошондо Лабан менен Бетуел: «Бул иш Теңирден. Биз сага жакшы да, жаман да айта албайбыз.
51 Мына, Ребека алдыңда турат. Аны алып, жолго чык. Теңир айткандай, ал мырзаңдын уулунун аялы болсун», – деп жооп беришти.
52 Ыбрайымдын кулу алардын сөзүн укканда, Теңирге жерге чейин башын ийип таазим этти.
53 Анан ал кул алтын-күмүш буюмдарды, кийимдерди алып чыгып, Ребекага берди. Агасы менен энесине да кымбат баалуу белектерди берди.
54 Ошентип, ал жанындагы кишилери менен конок болуп, түнөп калды. Алар эртең менен турушканда, кул аларга: «Эми мени мырзама коё бергиле», – деди.
55 Бирок кыздын бир тууганы менен энеси: «Кызыбыз биз менен, жок дегенде, он чакты күн болсун. Андан кийин жөнөйсүң», – дешти.
56 Бирок ал: «Мени кармабагыла, анткени Теңир менин жолумду ачкан. Мени коё бергиле, мырзама барайын», – деди.
57 Алар: «Кызды чакырып сурайлы, ал эмне дээр экен», – дешти.
58 Ребеканы чакырып, андан: «Бул киши менен барасыңбы?» – деп сурашты. Кыз: «Барам», – деп жооп берди.
59 Ошондо алар өздөрүнүн карындашы Ребеканы, анын эмчек энесин, Ыбрайымдын кулун, анын жанындагы кишилерди коё беришти.
60 Алар Ребекага: «Биздин карындашыбыз! Сенден миң-миңдеген тукум төрөлүп, укум-тукумуң душмандарыңдын турак жайларын ээлесин!» – деп батасын беришти.
61 Анан Ребека жана анын кызматчысы ордуларынан туруп, төөлөргө минип, ал кишинин артынан жөнөштү. Ошентип, Ыбрайымдын кулу Ребеканы алып, жөнөп кетти.
62 Ыскак болсо Бейир-Лакай-Ройиге келди, анткени ал түштүк жергесинде жашап жаткан.
63 Кеч киргенде Ыскак сыйынганы талаага чыгып, көз чаптырып караса, төөлөр келе жатыптыр.
64 Ребека Ыскакты көрө коюп, төөдөн түшүп, кулдан:
65 «Бизди талаада тосуп келе жаткан ким?» – деп сурады. «Ал менин мырзам», – деп жооп берди кул. Ошондо Ребека чүмбөттү алып, жамына калды.
66 Кул Ыскакка эмне кылганынын баарын айтып берди.
67 Ыскак кызды энеси Сааранын чатырына алып кирди. Ал Ребеканы алды, ал анын аялы болуп калды, ал кызды сүйүп калды. Ошентип, Ыскак энесинин күйүтүнөн сооронду.