Башталыш | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Башталыш 50 Бөлүм

тез өтүү:

1 Жусуп атасын басып жыгылып, ыйлап, аны өпкүлөдү.

2 Анан Жусуп дарыгер кызматчыларына атасын бальзамдоого буйрук берди. Дарыгерлер Ысрайылды бальзамдашты.

3 Ошентип, арадан кырк күн өттү, анткени бальзамдап катырууга кырк күн керек эле. Мисирликтер жетимиш күн аза күтүп ыйлашты.

4 Аны жоктоп ыйлаган күндөр аяктагандан кийин, Жусуп фараон сарайындагыларга мындай деп кайрылды: «Эгерде мен силердин алдыңарда ырайым тапкан болсом, анда фараонго мындай дегиле:

5 Атам менден мындай деп ант алган эле: “Менин көзүм өтүп бара жатат. Мени Канаан жеринде өзүм үчүн казган көргө койгула”. Мен эми ошол жерге барып, атамды коюп келүүнү каалар элем».

6 Ошондо фараон: «Атаңа берген антың боюнча барып, атаңды коюп кел», – деди.

7 Жусуп атасын койгону жөнөдү. Аны менен фараондун кызматчылары, үйүндөгү аксакалдар жана Мисир жериндеги аксакалдар,

8 өзүнүн бүт үй-бүлөсү, бир туугандары жана атасынын үйүндөгүлөр кетишти. Гошен жеринде балдары менен майда жана бодо малдарын гана калтырышты.

9 Аны менен бирге арабалар менен атчандар кошо жөнөшкөндүктөн, эл абдан көп болду.

10 Алар Иордандын жанындагы Горен-Аататка жеткенде, ал жерде да чоң ый, чоң өкүрүк болду. Жусуп атасын жоктоп жети күн ыйлады.

11 Ошондо ал жерде жашаган канаандыктар Горен-Аататтагы ыйды угуп: «Мисирликтер аябай жоктоп ыйлашты», – дешти. Ошондуктан ал жер Иордандагы «мисирликтердин ыйы» деп аталып калды.

12 Жакыптын уулдары атасы кандай айтса, ошондой кылышты.

13 Уулдары аны Канаан жерине алып барып, Махпел талаасындагы үңкүргө коюшту. Ыбрайым аны талаа менен бирге Мамрейдин алдындагы хеттик Эпрондон менчик көрүстөн үчүн сатып алган.

14 Атасын койгондон кийин, Жусуп бир туугандары менен, өзү менен бирге атасын койгону баргандар менен Мисирге кайтып келди.

15 Жусуптун бир туугандары атасы өлгөндөн кийин: «Жусуп бизди жек көрүп калса эмне болот? Ага кылган жамандыгыбыз үчүн өч алгысы келсечи?» – дешип,

16 Жусупка мындай деп айттырып жиберишти: «Атаң өлөр алдында:

17 Жусупка минтип айткыла: “Бир туугандарың сага жамандык кылышты, алардын айыбы менен күнөөсүн кечир”, – деген. Эми атаңдын Кудайынын кулдарынын айыбын кечир». Бул сөздөрдү айтып жатканда, Жусуп ыйлады.

18 Бир туугандары өздөрү да келип, анын алдына жыгылып: «Эми биз сенин кулуңбуз», – дешти.

19 Жусуп аларга: «Коркпогула, анткени мен Кудайдан корком.

20 Силер мага жамандык ойлодуңар эле, Кудай аны жакшылыкка айлантты. Көп сандаган адамдардын өмүрүн сактап калыш үчүн, ушуну ишке ашырды.

21 Ошондуктан коркпогула. Мен силерди бала-бакыраңар менен кошо багам», – деди. Ошентип, Жусуп алардын көңүлүн тынчтандырып, жүрөк жылыткан сөздөрдү айтты.

22 Жусуп Мисирде атасынын үй-бүлөсү менен жашады. Ал жүз он жыл жашады.

23 Ал Эпрайымдын үчүнчү тукумуна чейин көрдү, ошондой эле Менашенин уулу Махирдин уулдары да анын көзү тирүүсүндө төрөлүштү.

24 Жусуп бир туугандарына мындай деди: «Менин ичер суум, көрөр күнүм аз калды, бирок Кудай силерге келип, силерди бул жерден алып чыгып, Ыбрайым, Ыскак жана Жакыпка убада кылган жерге жеткирет».

25 Анан Жусуп Ысрайыл уулдарынан мындай деп ант алды: «Кудай силерге келет, ошондо силер менин сөөгүмдү бул жерден алып кеткиле».

26 Ошентип, Жусуп жүз он жашында көз жумду. Аны Мисирде бальзамдап, табытка салып коюшту.