Башталыш | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Башталыш 28 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ошондо Ыскак Жакыпты чакырып, ага батасын берип, мындай деп осуят кылды: «Канаан кыздарынан аял алба.

2 Ордуңан туруп, Месопотамияга, апаңдын атасы Бетуелдин үйүнө бар, ал жерден апаңдын бир тууганы Лабандын кыздарынан аял ал.

3 Кудуреттүү Кудай сага батасын берсин, сени укум-тукумдуу кылсын, сенден көптөгөн элдер тарасын.

4 Кудай Ыбрайымга берген батасын сага да, сенин укум-тукумуңа да берсин. Кудай Ыбрайымга берген, азыр сен жашап жаткан жерди мураска ал».

5 Ошентип, Ыскак Жакыпты коё берди. Ал Месопотамияга, Жакып менен Эйсаптын энеси Ребеканын бир тууганы арамейлик Бетуелдин уулу Лабанга жөнөп кетти.

6 Эйсап Ыскактын Жакыпка бата бергенин, аны Месопотамияга жөнөтүп жатып: «Ошол жерден аял ал, Канаан кыздарынан алба», – деп осуяттаганын,

7 Жакып атасы менен апасынын тилин алып, Месопотамияга жөнөп кеткенин көрдү.

8 Эйсап ошондой эле Канаан кыздары атасы Ыскакка жакпаганын көрүп,

9 Ысмайылга барып, Ыбрайымдын уулу Ысмайылдын кызы Махалатты, Ныбайоттун карындашын эки аялынын үстүнө аялдыкка алды.

10 Жакып болсо Бейер-Шебадан чыгып, Харанга жөнөдү.

11 Анан ал бир жерге келип, ошол жерге түнөмөкчү болду, анткени күн батып калган эле. Ошол жердин таштарынан бирди алып, башына жаздап, ошол жерге жатты.

12 Анан ал уктап жатып, түшүндө жерде тепкич турганын көрдү. Тепкичтин башы асманга тийип туруптур. Кудайдын периштелери тепкич менен түшүп-чыгып жаткан экен.

13 Теңир тепкичтин үстүндө туруп: «Мен Теңирмин, атаң Ыбрайым менен Ыскактын Кудайымын. Сен жаткан жерди Мен сага жана сенин укум-тукумуңа берем,

14 сенин укум-тукумуң жер кумундай болот. Деңиз тарапка, чыгышка, түндүккө, түштүккө тарайсың. Сен аркылуу, сенин уругуң аркылуу жер бетиндеги бардык уруулар бата алат.

15 Эми Мен сени мененмин. Сен кайда барбагын, бардык жерде сени сактаймын жана сени бул жерге кайра алып келемин. Мен айткандарымды орундатмайынча, сени таштабаймын», – деди.

16 Жакып ойгонуп: «Чын эле, Теңир бул жерде экен, мен болсо муну билген эмесмин!» – деди.

17 Анан коркуп кетип: «Бул жер өтө коркунучтуу экен. Бул жер жөнөкөй жер эмес, Кудайдын үйү, асман дарбазасы турбайбы!» – деди.

18 Ошентип, Жакып эртең менен эрте туруп, башына жазданган ташты алып, аны эстелик кылып коюп, үстүнө зайтун майын куйду.

19 Анан ал жерди Бейтел деп атады. Ал эми шаардын мурунку аты Луз эле.

20 Ошондо Жакып мындай деп убада берди: «Эгерде Кудай мени менен болсо, бара жаткан ушул жолдо мени сактай турган болсо, мага жей турган нан, кие турган кийим берсе,

21 атамдын үйүнө тынчтык менен кайтсам жана Теңир менин Кудайым болсо,

22 анда мен эстелик кылып койгон мына бул таш Кудайдын үйү болот. О, Кудайым, ошондо мен Сага Сен берген бардык нерсенин ондон бир бөлүгүн берем».