- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
- 49
- 50
1 Жакып болсо өз жолу менен кетти. Жолдо ага Кудайдын периштелери жолукту.
2 Жакып аларды көрүп: «Кудайдын аскерлери», – деди. Анан ал жердин атын Маханайим деп атады.
3 Жакып өзүнөн мурун Эдом аймагына, Сеир жериндеги бир тууганы Эйсапка кабарчыларын жөнөттү.
4 Анан аларга мындай буйрук берди: «Мырзам Эйсапка кулуң Жакып мындай дейт дегиле: Мен Лабандыкында бүгүнкү күнгө чейин жашап турдум.
5 Менин өгүздөрүм, эшектерим, майда малым, кулдарым, күңдөрүм бар. Мен сенин алдыңда ырайым табуу үчүн, өзүм жөнүндө мырзама кабарлап коюуга киши жибердим».
6 Кабарчылар Жакыпка кайра келип: «Биз бир тууганың Эйсапка бардык. Ал сени тосуп келе жатат, жанында төрт жүз адам бар», – деп айтышты.
7 Жакып абдан коркуп, тынчы кетти. Анан өзүнүн адамдарын, майда жана бодо малын, төөлөрүн эки топко бөлдү.
8 Ал: «Эгер Эйсап кол салып бир топту талкаласа, экинчи топ кутулуп кете алат», – деп ойлоду.
9 Анан Жакып Кудайга мындай деп кайрылды: «О, атам Ыбрайымдын Кудайы жана атам Ыскактын Кудайы, Теңирим, Сен мага: “Өз жериңе, мекениңе кайт, Мен сени колдойм!” – дедиң эле.
10 Сенин Өз кулуңа кылган бардык ырайымың менен жакшылыгыңа татыксызмын, анткени мен бул Иордандан жалгыз таягым менен өттүм эле, азыр болсо эки станым бар.
11 Мени бир тууганым Эйсаптын колунан куткар, анткени мен андан корком, ал келип, мени жана балдарымды энелери менен кошо өлтүрүп койбосун.
12 Сен мага: “Мен сени колдоп, укум-тукумуңду деңиз кумундай көбөйтүп, көптүгүнөн санап чыккыс кылам”, – деп айткансың».
13 Жакып ал түнү ошол жерде түнөдү. Анан ал өзүнүн мал-мүлкүнөн бир тууганы Эйсапка белек кылуу үчүн буларды алды:
14 Эки жүз эчки, жыйырма теке, эки жүз кой, жыйырма кочкор,
15 отуз иңген ботолору менен, кырк уй, он өгүз, жыйырма ургаачы, он эркек эшек.
16 Кулдарына ар бир үйүрдү өзүнчө бөлүп берип, аларга: «Менин алдыма түшкүлө, үйүрлөрдүн ортосунда аралык болсун», – деди.
17 Анан биринчи адамга минтип буйруду: «Бир тууганым Эйсап алдыңан чыгып: “Кимдин кулусуң? Кайда бара жатасың? Айдаган малың кимдики?” – деп сураса, сен:
18 “Сенин кулуң Жакыптыкы. Булар – мырзам Эйсапка жиберилген белек. Ал өзү да биздин артыбызда келе жатат”, – де».
19 Ошондой эле экинчисине да, үчүнчүсүнө да, үйүр-үйүр малдын артында бара жаткандардын бардыгына: «Эйсапка жолуксаңар ушундай дегиле», – деп буйрук берди.
20 «Дагы мындай дегиле: “Кулуң Жакып да биздин артыбызда келе жатат”», – деди. Анткени ал өз ичинен: «Жөнөтүп жиберген белектерим менен анын жүрөгүн жумшартайын, андан соң жүз көрүшөйүн. Мүмкүн, мени кабыл алар», – деп ойлогон.
21 Ошентип, белектерин жөнөтүп жиберди. Ал эми өзү ошол түнү станда түнөп калды.
22 Ошол түнү ордунан туруп, эки аялын, эки кызматчы күңүн, он бир уулун алып, Жабок суусун кечип өттү.
23 Аларды шар суудан алып өттү, өзүнүн бардык мал-мүлкүн өткөрдү.
24 Ошентип, Жакып жалгыз калды. Ошондо таң атканга чейин Бирөө аны менен күрөштү.
25 Ал Жакыпты жеңе албастыгын көрүп, аны менен күрөшүп жатканда, жамбаш муунуна тийип, мертинтип койду.
26 Анан Ал: «Коё бер Мени, таң атып кетти», – деди. Жакып Ага: «Мага батаңды бермейинче, коё бербеймин Сени», – деди.
27 Ал Жакыптан: «Атың ким?» – деп сурады. Ал: «Жакып», – деп жооп берди.
28 Ошондо Ал мындай деди: «Ушундан тартып сенин атың Жакып эмес, Ысрайыл болот, анткени сен Кудай менен, адамдар менен күрөшүп, жеңип чыктың».
29 Жакып да: «Атыңды айт», – деди. Ал: «Эмне үчүн Менин атымды сурап жатасың?» – деди да, ошол жерде ага батасын берди.
30 Анан Жакып: «Мен Кудайды бетме-бет көрдүм, бирок тирүү калдым», – деп, ал жерге Пенуел деген ат койду.
31 Ал Пенуелден өтүп бара жатканда, күн чыкты. Ал жамбашынан сылтып бара жатты.
32 Ошондуктан Ысрайыл уулдары азыркыга чейин жамбаштын тарамыштарын жешпейт, анткени Күрөшүүчү Жакыптын жамбаш тарамышына тийип мертинтип койгон.