Башталыш | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Башталыш 26 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ыбрайымдын убагында болгондой эле, жер бетинде дагы ачарчылык болду. Ыскак Пелишти падышасы Абы-Мелекке бармак болуп, Герар жерине жөнөдү.

2 Теңир ага келип, мындай деди: «Мисирге барба, Мен сага айткан жерде жаша.

3 Ошол жерде келгин катары жаша. Мен сени менен болом, сага батамды берем, анткени сага жана сенин тукумуңа ошол жердин баарын берем, Мен сенин атаң Ыбрайымга берген антымды орундатам.

4 Сенин укум-тукумуңду асмандагы жылдыздардай көбөйтөм. Сенин укум-тукумуңа бул жердин баарын берем. Жер жүзүндөгү бардык элдер сенин уругуң аркылуу бата алышат.

5 Анткени Ыбрайым Менин айтканымды угуп, Мен аткар деп осуят кылганды, Менин буйруктарымды, көрсөтмөлөрүмдү, мыйзамдарымды аткарды».

6 Ошентип, Ыскак Герарга отурукташты.

7 Ал жердин тургундары анын аялы жөнүндө сурашканда, ал: «Бул менин карындашым», – деп жооп берди. Ребека үчүн бул жердин тургундары мени өлтүрүп коюшат деп ойлоп, ал аны «менин аялым» деп айткандан коркту, анткени ал сулуу аял эле.

8 Бирок ал жерде көп убакыт жашагандан кийин, Пелишти падышасы Абы-Мелек терезеден Ыскактын өз аялы Ребека менен ойноп жатканын көрдү.

9 Ошондо Абы-Мелек Ыскакты чакырып: «Бул сенин аялың турбайбы, аны “карындашым” деп кантип айттың?» – деди. «Аялым үчүн мени өлтүрүп коюшат деп ойлодум», – деп жооп берди Ыскак.

10 Бирок Абы-Мелек: «Бул эмне кылганың? Эл арасынан бирөө сенин аялыңа жакындап коё жаздады, аз жерден бизди күнөөгө түртмөк экенсиң», – деди.

11 Анан Абы-Мелек бүт элге буйрук берип, мындай деди: «Ким бул адамга жана анын аялына тийсе, ал өлүм жазасына тартылат».

12 Ыскак ошол жерге арпа сээп, ошол жылы жүз эселеп түшүм алды, анткени Теңир ага ушинтип батасын берди.

13 Ошентип, Ыскак бай адам болду. Анын байлыгы көбөйгөндөн көбөйүп, абдан бай болду.

14 Анын көп сандаган майда жана бодо малы, айдоо жерлери көп болгондуктан, пелиштиликтер көз арта башташты.

15 Атасы Ыбрайымдын көзү тирүүсүндө, атасынын кулдары казган кудуктардын баарын пелиштиликтер уратып, топуракка толтуруп салышты.

16 Абы-Мелек да Ыскакка: «Бизден алыс кет, анткени бизден алда канча күчтүү болуп алдың», – деди.

17 Ошондо Ыскак ал жерден кетип, чатырларын Герар өрөөнүнө тигип, ошол жерде отурукташып калды.

18 Атасы Ыбрайымдын убагында казылып, ал өлгөндөн кийин пелиштиликтер топурак толтуруп салган кудуктарды Ыскак кайрадан казып, аларды атасы атаган аттар менен атады.

19 Ыскактын кулдары өрөөндү казып жатып, ал жерден суусу бар кудук табышты.

20 Ошондо Герардын койчулары менен Ыскактын койчулары: «Бул биздин суу», – деп талашышкандыктан, ал анын атын Эйсек деп атады.

21 Дагы бир кудук казышты. Ал тууралуу да талашышкандыктан, ал анын атын Ситна деп атады.

22 Ошондо ал бул жерден кетип, башка кудук казды. Ал тууралуу талаш болгон жок. Ошондо ал: «Эми Теңир бизге кенен жер берди, биз эми жер бетинде көбөйө баштайбыз», – деп, ал кудукка Рехобот деген ат койду.

23 Ал жерден ал Бейер-Шебага көчтү.

24 Ошол түнү Теңир ага келип, мындай деди: «Мен сенин атаң Ыбрайымдын Кудайымын. Коркпогун, анткени Мен сени мененмин. Кулум Ыбрайым үчүн сага батамды берип, сенин тукумуңду көбөйтөм».

25 Ошондо Ыскак ошол жерге курмандык чалынуучу жай куруп, Теңирдин атын чакырды. Ошол жерге чатырын тикти. Кулдары ошол жерге кудук казышты.

26 Ага Герардан Абы-Мелек өзүнүн досу Акузат жана аскер башчысы Пихол менен келди.

27 Ыскак аларга: «Силер мени жек көрүп, өзүңөрдүн араңардан кууп жибергенден кийин, мага эмнеге келдиңер?» – деди.

28 «Теңир сени менен экенин ачык көрдүк, ошон үчүн биз сени менен биздин ортобузга ант коюп, сени менен келишим түзөлү.

29 Анткени биз сага тийбей, жакшылык гана кылып, сени тынчтык менен коё бергендей эле, сен да бизге жамандык кылба. Сен азыр Теңирдин батасына ээсиң», – дешти алар.

30 Ыскак алар үчүн той өткөрдү. Алар ичип-жешти.

31 Эртеси эртең менен эрте туруп, алар бири-бирине ант беришти. Ыскак аларды коё берди, алар аныкынан тынчтык менен жөнөп кетишти.

32 Ошол эле күнү Ыскактын кулдары келип, өздөрү казган кудук тууралуу: «Биз суу таптык», – деп кабарлашты.

33 Ыскак ал кудукту Шеба деп атады. Ошондуктан ушул күнгө чейин ал шаардын аты Бейер-Шеба деп аталат.

34 Эйсап кырк жашка чыкканда, хеттик Бейердин кызы Жейудитти жана хеттик Эйлондун кызы Басыматты аялдыкка алды.

35 Алар Ыскак менен Ребеканын башына түшкөн кайгы болду.