Башталыш | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Башталыш 20 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ыбрайым ал жерден чыгып, түштүккө келип, Кадеш менен Шурдун ортосуна жайгашып, Герар жеринде убактылуу жашап турду.

2 Ыбрайым өз аялы Саараны: «Бул менин карындашым», – деди. Ошондо Герар падышасы Абы-Мелек киши жиберип, Саараны алдыртты.

3 Кудай Абы-Мелекке түн ичинде түшүндө келип, ага мындай деди: «Эми сен алган бул аял үчүн өлөсүң, анткени анын күйөөсү бар».

4 Абы-Мелек болсо Саарага тийген жок. Анан мындай деди: «Эгедерим! Кантип эле Сен айыпсыз элди жок кыласың?

5 Ал мага: “Бул менин карындашым”, – деп, өзү айтпады беле? Саара да: “Ал менин агам”, – деген. Мен муну таза жүрөк, таза кол менен кылгам».

6 Ошондо Кудай түшүндө ага мындай деди: «Сен муну таза жүрөк менен кылганыңды Мен билемин, ошондуктан сени ага тийгизбей, Мага каршы күнөө кылуудан сактап калдым.

7 Аялды күйөөсүнө азыр эле кайтарып бер, анткени ал – пайгамбар, ал сен үчүн сыйынсын, ошондо сен тирүү каласың. Эгерде кайтарып бербесең, анда билип кой, сен бардык адамдарың менен кошо, сөзсүз, өлөсүң».

8 Ошондо Абы-Мелек эртең менен эрте туруп, өзүнүн бардык кулдарын чакырып алып, бул сөздөрдүн бардыгын аларга угуза айтып берди. Алар абдан коркуп кетишти.

9 Анан Абы-Мелек Ыбрайымды чакырып алып, ага: «Эмне үчүн сен бизге мындай кылдың? Мага жана менин падышачылыгыма чоң күнөө келтиргендей, сага эмне күнөө кылдым эле? Сен туура эмес иш кылдың.

10 Сен бул ишти кандай ой менен кылдың эле?» – деди.

11 Ыбрайым мындай жооп берди: «Бул жерде Кудайдан коркуу жок болгондуктан, мени аялымдын айынан өлтүрүп коюшат деп ойлодум.

12 Ал, чын эле, менин карындашым. Экөөбүз аталаш бир тууганбыз, энебиз башка. Азыр болсо ал менин аялым.

13 Кудай мени атамдын үйүнөн жер кезүүгө алып чыкканда, мен ага: “Мага ырайым кылып, сен мени, кайсы жерге келсек да, бардык жерде: "Бул менин агам" де”, – деп айткан элем».

14 Ошондо Абы-Мелек Ыбрайымга майда жана бодо мал, кулдарды жана күңдөрдү берди. Аялы Саараны да ага кайра берди.

15 Анан Абы-Мелек мындай деди: «Мына, менин жерим сенин алдыңда. Каалаган жериңде жаша».

16 Саарага да мындай деди: «Мына, мен бир тууган агаңа миң күмүш шекел бердим. Бул сенин бүт элдин алдында ак экениңди билдирет, сен бардыгынын алдында акталдың».

17 Анан Ыбрайым Кудайга сыйынды. Ошондо Кудай Абы-Мелекти, анын аялын, күңдөрүн сакайтты, ошондо алар төрөй башташты.

18 Анткени Теңир Ыбрайымдын аялы Сааранын айынан Абы-Мелектин үйүндөгү бардык аялдарды төрөбөс кылып салган эле.