Башталыш | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Башталыш 9 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ошондо Кудай Нухка жана анын уулдарына мындай деп батасын берди: «Укумдап-тукумдап көбөйгүлө, жерге толгула.

2 Жер бетиндеги айбанаттар, асмандагы канаттуулар, деңиздеги балыктар, жер бетинде кыбыр эткендин баары силерден коркуп, титиреп турушсун. Аларды силерге бердим.

3 Кыбыр эткен тирүү жандын бардыгы силерге азык болсун. Өсүмдүктү бергенимдей эле, силерге булардын бардыгын берип жатам.

4 Бирок тирүү жанды мууздабай туруп жебегиле, анткени кан – анын жаны.

5 Мен силердин жаныңар үчүн жазалайм: адамдын канын төккөн мал болсо да, адам болсо да, бир тууганы болсо да, анын жазасын берем.

6 Ким адамдын канын төксө, анын каны да адамдын колу менен төгүлөт, анткени адам Кудайдын бейнеси боюнча жаратылган.

7 Силер болсо укумдап-тукумдагыла, жер бетине тарагыла, көбөйгүлө».

8 Кудай Нухка жана анын уулдарына мындай деди:

9 «Эми Мен силер менен жана силерден кийинки укум-тукумуңар менен,

10 силердин жаныңардагы бардык тирүү жандыктар: канаттуулар, малдар, бардык жер жаныбарлары, силер менен кошо кемеден чыккандар, бардык жаныбарлар менен келишим түзөм.

11 Мындан ары эч бир тирүү жан топон суу менен кырылбайт деп, Мен силер менен келишим түзөм. Мындан ары жер бетиндегинин баарын жок кыла турган топон суу болбойт».

12 Кудай дагы мындай деди: «Менин силер менен, бардык тирүү жандыктар менен укумдан-тукумга, түбөлүккө түзүп жаткан келишимимдин белгиси мындай:

13 Мен булут бетине көк желе тартам, ал Мени менен жердин ортосундагы келишимдин белгиси болот.

14 Мен жер бетине булут каптатканда, булут бетинде көк желе пайда болот.

15 Ошондо силер менен, бардык тирүү жандыктар менен түзгөн Өзүмдүн келишимимди эстейм. Мындан ары бардык тирүү жандыктарды кырган топон суу болбойт.

16 Булут бетинде көк желе пайда болгондо, Мен аны көрүп, жер бетиндеги бардык тирүү жандыктар менен түзгөн Өзүмдүн түбөлүк келишимимди эстейм».

17 Ошентип, Кудай Нухка: «Жер бетиндеги бардык тирүү жандыктар менен түзгөн келишимимдин белгиси мына ушул», – деди.

18 Кемеден чыккан Нухтун уулдары булар: Шем, Хам жана Жепет. Хам болсо Канаандын атасы болгон.

19 Бул үчөө Нухтун уулдары, алардан бүт жер жүзүндөгү адамдар тараган.

20 Нух жер иштетип, жүзүмзар отургузду.

21 Ал шарап жасап, андан ичип мас болуп, өз чатырында жылаңач жатты.

22 Атасынын жылаңач жатканын Канаандын атасы Хам көрүп калып, сыртка чыгып, эки бир тууганына айтты.

23 Шем менен Жепет болсо кийим-кечек алып, ийиндерине салып, арты менен барып, атасынын жылаңач денесин жабышты. Алар тескери карап тургандыктан, атасынын жылаңач этин көрүшкөн жок.

24 Нух ичкен шарабынан соолугуп тургандан кийин, кенже уулунун эмне кылганын билип калып, мындай деди:

25 «Канаанга каргыш тийсин! Ал өз бир туугандарынын алдында эң төмөнкү кул болсун»

26 Анан дагы мындай деди: «Шемдин Кудай-Теңирине алкыш! Канаан анын (Шемдин) кулу болсун.

27 Кудай Жепетти жайылтсын, ал Шемдин чатырларында жашасын. Канаан болсо анын кулу болсун».

28 Нух топон суудан кийин үч жүз элүү жыл жашады.

29 Нух бардыгы болуп тогуз жүз элүү жыл жашап көз жумду.