Башталыш | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Башталыш 34 Бөлүм

тез өтүү:

1 Леянын Жакыптан төрөгөн кызы Дина ал жердин кыздарын көргөнү чыкты.

2 Аны ал жердин төрөсү хибилик Хамордун уулу Шекем көрүп, кармап алып, зордуктап койду.

3 Жакыптын кызы Динага анын көңүлү түшүп, сүйүп калгандыктан, кыздын жүрөгүнө жаккан сөздөрдү сүйлөдү.

4 Анан Шекем атасы Хаморго: «Бул кызды мага аялдыкка алып бер», – деди.

5 Жакып кызы Динанын абийирин Хамордун баласы булгап койгонун укту, бирок уулдары талаада мал менен болгондуктан, алар келгиче Жакып унчуккан жок.

6 Анан Шекемдин атасы Хамор Жакып менен сүйлөшкөнү чыкты.

7 Жакыптын уулдары болсо талаадан келип, бул ишти укканда, капа болуп, аябай ачууланышты, анткени Шекем Жакыптын кызы менен жатып, Ысрайылдын намысын тебеледи, ал мындай кылбашы керек эле.

8 Хамор аларга мындай деди: «Уулум Шекемдин кызыңарга көңүлү түшүп калыптыр, аны уулума аялдыкка бергиле.

9 Биз менен тууган болгула. Кыз алышып, кыз беришели.

10 Биз менен чогуу жашагыла, бул жер силердин алдыңарда турат, ал жерлерге отурукташып, чарба жүргүзүп, ээлик кылгыла».

11 Шекем Динанын атасы менен бир туугандарына: «Силердин алдыңарда ырайым тапсам эле болду, силер эмне десеңер, мен баарын берем.

12 Кандай калың бычып, эмне талап кылсаңар да аткарам, мага кызыңарды гана берсеңер болду», – деди.

13 Бирок Жакыптын уулдары Шекемге жана анын атасы Хаморго куулук менен жооп беришти, анткени ал алардын карындашы Динанын абийирин булгап койгон эле.

14 Жакыптын уулдары аларга: «Анте албайбыз, биз карындашыбызды сүннөткө отургузулбаганга бере албайбыз, анткени бул – биз үчүн маскарачылык.

15 Эгерде биздей болуп, силердин да бардык эркек аттууңар сүннөткө отургузулса гана макул болобуз.

16 Ошондо биз кыз алышып, кыз беришип, силер менен чогуу жашап, бир эл болобуз.

17 Эгерде сүннөткө отургузулганга макул болбосоңор, анда биз кызыбызды алып кетип калабыз», – дешти.

18 Бул сөздөр Хаморго жана анын уулу Шекемге жагып калды.

19 Улан муну аткарууга токтоосуз киришти, анткени Жакыптын кызын сүйүп калган эле. Шекем атасынын үйүндөгүлөрүнүн ичинен эң кадырлуусу эле.

20 Хамор жана анын уулу Шекем шаар дарбазасынын жанына келип, өз шаарынын тургундарына кайрылып, мындай деди:

21 «Бул адамдар биз менен тынчтыкта. Алар бул жерге отурукташып, чарба жүргүзө беришсин. Жер кенен. Алар менен кыз алышып, кыз беришели.

22 Биздин да бардык эркек аттууларыбыз алардай болуп сүннөткө отургузулган шартта гана бул адамдар биз менен жашап, бир эл болууга макул.

23 Алардын үйүр-үйүр малы да, мүлкү да биз үчүн эмеспи? Аларга макул гана болсок, биз менен жашап калышат».

24 Ошентип, Хамор менен анын уулу Шекемдин айткандарын шаар дарбазасынан чыккандын бардыгы угуп, эркек аттуулардын бардыгы, шаар дарбазасынан чыккандардын бардыгы сүннөткө отургузулду.

25 Үчүнчү күнү, алар ооруп жатканда, Жакыптын эки уулу, Динанын бир туугандары Шымон менен Леби кылычтарын алып, шаарга тартынбастан кол салып, эркек аттуулардын баарын кырып салышты.

26 Хамордун өзүн да, уулу Шекемди да кылыч менен өлтүрүшүп, Шекемдин үйүнөн Динаны алып чыгып кетишти.

27 Жакыптын уулдары өлтүрүлгөндөрдүн шаарына келишти да, карындашынын абийирин булгагандыгы үчүн, шаарды тоноп кетишти.

28 Алар майда жана бодо малын, эшектерин, шаарда эмнеси болсо, талаада эмнеси болсо, бардыгын алып кетишти.

29 Алардын байлыктарын, балдарын, аялдарын туткундап, үйлөрүндө болгон нерсесинин бардыгын талап-тоноп кетишти.

30 Ошондо Жакып Шымон менен Лебиге мындай деди: «Силер мени кайгыга салдыңар, бул жердин тургундарына, канаандыктар менен периздиктерге мени жек көрүндү кылдыңар. Менин элим аз. Алар мага каршы чогулуп, мени өлтүрүп, үй-жайым менен жок кылышат».

31 Алар болсо: «Эмне үчүн ал биздин карындашыбызга сойкуга мамиле кылгандай мамиле кылышы керек?» – дешти.