- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
- 49
- 50
1 Кудай Жакыпка мындай деди: «Ордуңан туруп, Бейтелге жөнө, ошол жерде жаша. Ошол жерге бир тууганың Эйсаптан качып бара жатканыңда сага келген Кудайга курмандык чалынуучу жай кур».
2 Ошондо Жакып өз үй-бүлөсү менен өз кишилерине мындай деди: «Бөтөн кудайларыңарды таштагыла, тазаланып, кийимиңерди алмаштыргыла.
3 Ордубуздан туруп, Бейтелге жөнөйлү. Менин башыма оор күн түшкөн күнү мени угуп, мен жүргөн жолдо мени менен бирге болгон Кудайга курмандык чалынуучу жай курайын».
4 Алар Жакыпка өздөрүнүн бөтөн кудайларын, кулактарындагы сөйкөлөрүн беришти. Жакып аларды Шекемдин жанындагы эмен дарагынын түбүнө көөмп салды.
5 Ошентип, алар жөнөп кетишти. Тегерек-четтеги шаарларга Кудайдын коркунучу туулуп, Жакыптын уулдарынын артынан куушкан жок.
6 Жакып өзүнүн кишилери менен Канаан жериндеги Лузга, башкача айтканда, Бейтелге келди.
7 Анан ал жерге курмандык чалынуучу жай куруп, ошол жерди Эл-Бейт-Эл деп атады, анткени ал өз бир тууганынан качып бара жатканда, ушул жерде ага Кудай келген.
8 Ребеканын эмчек энеси Дебора каза болуп, Бейтелдин төмөн жагындагы эмен түбүнө коюлду. Жакып аны Алан-Бакут деп атады.
9 Жакып Месопотамиядан кайтып келгенден кийин, Кудай келип, ага батасын берди.
10 Ошондо Кудай ага мындай деди: «Сенин атың Жакып. Мындан ары сенин атың Жакып эмес, Ысрайыл болот». Ошентип, ага Ысрайыл деген ат койду.
11 Кудай ага дагы: «Мен Кудуреттүү Кудаймын. Укумдап-тукумдап көбөйө бер. Сенден көптөгөн элдер, падышалар чыгат.
12 Мен Ыбрайым менен Ыскакка берген жерди сага жана сенин укум-тукумуңа берем», – деди.
13 Анан Кудай андан, ага сүйлөгөн жерден көтөрүлүп кетти.
14 Ошондо Жакып Кудай ага сүйлөгөн жерге таштан эстелик тургузуп, анын үстүнө куюлуучу курмандыгын куюп, анын үстүнө зайтун майын куйду.
15 Ошентип, ал Кудай өзүнө сүйлөгөн жерди Бейтел деп атады.
16 Анан алар Бейтелден жөнөп кетишти. Эфратага бир аз калганда, Рахел төрөдү. Анын төрөтү оор болду.
17 Ал төрөттөн кыйналып жатканда, аначы кемпир мындай деди: «Коркпо, анткени мунуң да уул болот».
18 Жаны чыгып бара жаткан Рахел баланын атын Бен-Они койду. Бирок баланын атасы анын атын Бенжемин койду.
19 Рахел өлүп, Эфратага бараткан жолдун боюна коюлду, башкача айтканда, Бейт-Лехемге коюлду.
20 Жакып анын мүрзөсүнүн үстүнө эстелик койду. Ал мүрзөнүн үстүндөгү эстелик бүгүнкү күнгө чейин турат.
21 Анан Ысрайыл жолго чыгып, Эйдер мунарасынын артына чатырын тикти.
22 Ысрайыл бул өлкөдө жашап турганда, Рубейин барып, атасынын күңү Била менен жатып алды. Муну Ысрайыл укту. Жакыптын он эки уулу бар эле.
23 Леянын уулдары: Жакыптын туну Рубейин, андан кийинкилери Шымон, Леби, Жүйүт, Исахар жана Забулун.
24 Рахелдин уулдары: Жусуп менен Бенжемин.
25 Рахелдин күңү Биланын уулдары: Дан менен Напталы.
26 Леянын күңү Зилпанын уулдары: Гат менен Ашыр. Жакыптын бул уулдары Месопотамияда төрөлүшкөн.
27 Ошентип, Жакып атасы Ыскакка, Ыбрайым менен Ыскак жашаган Мамрейге, Кирийат-Арбага, башкача айтканда, Хебронго келди.
28 Ошондо Ыскак жүз сексен жашта эле.
29 Ыскак карылыгы жетип, өмүргө тоюп көз жумуп, өз элине кошулду. Аны уулдары Эйсап менен Жакып көргө коюшту.