Башталыш | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Башталыш 36 Бөлүм

тез өтүү:

1 Эйсаптын, башкача айтканда, Эдомдун санжырасы мындай:

2 Эйсап Канаан кыздарынан аял алды. Ал хеттик Эйлон кызы Аданы, хибилик Сибон уулу Ананын кызы Олибаманы жана

3 Ысмайыл кызы, Ныбайоттун карындашы Басыматты алды.

4 Ада Эйсапка Элипазды төрөп берди. Басымат Ребуелди төрөдү.

5 Олибама Жейушту, Жаломду жана Коракты төрөдү. Эйсаптын бул уулдары Канаан жеринде төрөлүштү.

6 Эйсап аялдарын, уулдарын, кыздарын, үйүндөгү бардык адамдарын, үйүр-үйүр малын, Канаан жеринде тапкан бардык мал-мүлкүн алып, бир тууганы Жакыптан бөлүнүп, башка жерге кетти.

7 Анткени алардын мал-мүлкү аябай көп болгондуктан, бирге жашай албай калышкан эле. Малынын көптүгүнөн аларга жашаган жери тардык кылды.

8 Эйсап Сеир тоосуна жайланышты. Эйсап – бул Эдом.

9 Сеир тоосундагы эдомдуктардын атасы Эйсаптын санжырасы мындай:

10 Эйсаптын уулдарынын аттары: Эйсаптын аялы Аданын уулу Элипаз жана Эйсаптын аялы Басыматтын уулу Ребуел.

11 Элипаздын уулдары: Тейман, Омар, Сепо, Гатам жана Кеназ.

12 Тимна Эйсаптын уулу Элипаздын күңү болгон. Ал Элипазга Амалыкты төрөп берген. Эйсаптын аялы Аданын уулдары ушулар.

13 Ребуелдин уулдары: Нахат менен Зерах, Шама менен Миза. Булар – Эйсаптын аялы Басыматтын уулдары.

14 Эйсаптын аялы, Сибондун уулу Ананын кызы Олибама Эйсапка Жейушту, Жаломду жана Коракты төрөп берген.

15 Мына булар Эйсаптын уулдарынын башчылары: Эйсаптын тун уулу Элипаздын уулдары: Тейман башчы, Омар башчы, Сепо башчы, Кеназ башчы.

16 Корак башчы, Гатам башчы, Амалык башчы. Булар – Эдом жериндеги Элипаздын башчылары. Булар – Аданын уулдары.

17 Эйсаптын уулу Рагайылдын уулдары булар: Нахат башчы, Зерах башчы, Шама башчы, Миза башчы. Булар – Эдом жериндеги Ребуелдин башчылары. Булар – Эйсаптын аялы Басыматтын уулдары.

18 Эйсаптын аялы Олибаманын уулдары булар: Жейуш башчы, Жалом башчы, Корак башчы. Булар – Эйсаптын аялы, Ананын кызы Олибаманын башчылары.

19 Булар – Эйсаптын уулдары жана алардын башчылары. Бул – Эдом өзү.

20 Бул жерде жашаган хорилик Сеирдин уулдары булар: Лотан, Шобал, Сибон, Ана.

21 Дишан, Эйсер жана Дишон. Булар – Эдом жериндеги Сеирдин уулдары хориликтердин башчылары.

22 Лотандын уулдары Хори менен Эймам болгон. Ал эми Лотандын карындашы – Тимна.

23 Шобалдын уулдары булар: Албан, Манахат, Эйбал, Шепо жана Онам.

24 Сибондун уулдары булар: Айа менен Ана. Атасы Сибондун эшектерин кайтарып жүрүп, чөлдөгү жылуу сууну тапкан Ана ушул.

25 Ананын балдары булар: Дишон жана Ананын кызы Олибама.

26 Дишондун уулдары булар: Хемдан, Эшпан, Итран жана Керан.

27 Эйсердин уулдары булар: Билан, Заабан жана Акан.

28 Дишандын уулдары булар: Ус жана Аран.

29 Хори башчылары булар: Лотан башчы, Шобал башчы, Сибон башчы, Ана башчы.

30 Дишон башчы, Эйсер башчы, Дишан башчы. Ушулар – Сеир жериндеги Хори башчылары.

31 Ысрайыл уулдарынын падышачылык кылуусунан мурда Эдом жеринде падышачылык кылган падышалар булар:

32 Эдомдо Бейордун уулу Бела падышачылык кылган. Анын шаарынын аты – Динаба.

33 Бела өлгөндөн кийин, анын ордуна ботсралык Зерахтын уулу Жобап падыша болду.

34 Жобап өлүп, анын ордуна теймандыктардын жеринен Хушам падыша болду.

35 Хушам да өлүп, анын ордуна Маап талаасында мидиандыктарды жеңген Быдаттын уулу Адат падыша болду. Анын шаарынын аты – Абыт.

36 Адат да өлүп, анын ордуна Масрейкадан чыккан Самла падыша болду.

37 Самла да өлүп, анын ордуна дарыя жээгиндеги Рехоботтон чыккан Шабул падыша болду.

38 Шабул да өлүп, анын ордуна Акбардын уулу Баал-Канан падыша болду.

39 Акбардын уулу Баал-Канан да өлүп, анын ордуна Хадар падыша болду. Анын шаарынын аты – Пабу. Аялынын аты – Мейтабел, ал – Мей-Зааптын уулу Матрейданын кызы.

40 Уруулары боюнча, жерлери боюнча, аттары боюнча Эйсап башчыларынын аттары булар: Тимна башчы, Алба башчы, Жетейт башчы,

41 Олибама башчы, Эйла башчы, Пинон башчы,

42 Кеназ башчы, Тейман башчы, Мипсар башчы,

43 Магдиел башчы, Ирам башчы. Алар – Эдом башчылары, өздөрү ээлик кылган жердеги айыл-кыштактардын башчылары. Бул – эдомдуктардын атасы Эйсап.