Башталыш | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Башталыш 44 Бөлүм

тез өтүү:

1 Анан Жусуп үй башкаруучусуна мындай деп буйрук берди: «Бул адамдардын каптарына алып кете алышынча эгин толтуруп, ар биринин күмүшүн өз-өз кабына салып кой.

2 Ал эми менин күмүш чөйчөгүмдү кенжесинин кабынын оозуна эгин сатып алган күмүшү менен кошо салып кой». Үй башчысы Жусуптун айтканындай кылды.

3 Эртең менен жарык киргенде, бул кишилерди эшектерине мингизип жөнөтүп жиберишти.

4 Алар шаардан узай электе, Жусуп үй башкаруучуга мындай деди: «Жөнө, бул адамдарды кууп жет. Кууп жеткениңде аларга: “Эмне үчүн жакшылыкка жамандык менен жооп бердиңер?

5 Бул мырзамдын аш иче турган чөйчөгү эмеспи? Ал бул чөйчөк менен төлгө ачат. Силер жаман иш кылдыңар!” – де».

6 Ал кууп жетип, аларга ушул сөздөрдү айтты.

7 Алар ага: «Мырзабыз эмне үчүн мындай сөздөрдү айтып жатат? Жок, кулдарың мындай иштерди кылбайт.

8 Каптарыбыздын ооздорунан тапкан күмүштөрдү биз Канаан жеринен сага кайра алып келбедик беле. Эми кантип мырзаңдын үйүнөн күмүш же алтын уурдамак элек?

9 Сенин кулдарыңдын кимисинен табылса, ал өлүм жазасына тартылсын жана биз мырзабызга кул бололу», – дешти.

10 Ал: «Жакшы болот, силер кандай айтсаңар, ошондой болсун: чөйчөк кимден табылса, ал мага кул болуп калат, ал эми силер айыптуу болбойсуңар», – деди.

11 Алар каптарын шашылыш түрдө жерге түшүрүштү. Ар бири өз кабын ачты.

12 Үй башчысы бир туугандардын каптарын улуусунукунан баштап кичүүсүнүкүнө чейин тинтип чыкты. Чөйчөк Бенжеминдин кабынан табылды.

13 Ошондо алар өз кийимдерин айрып, ар бири өз жүгүн эшегине артып, шаарга кайтып келишти.

14 Анан Жүйүт бир туугандары менен Жусуптун үйүнө келди. Ал үйүндө экен. Алар анын алдына келип, жерге жыгылышты.

15 Жусуп аларга: «Бул эмне кылганыңар? Силердин эмне кылганыңарды мендей адам, сөзсүз, билип коёрун билген жок белеңер?» – деди.

16 «Мырзабызга эмнени айтмак элек? Эмне демек элек? Эмне деп актанмак элек? Кудай кулдарыңдын айыбын ачты. Эми биз да, чөйчөктү алган адам да мырзабыздын кулу болобуз», – деди Жүйүт.

17 Бирок Жусуп мындай деди: «Жок, мен мындай кылбайм. Кимдин колунан чөйчөк табылса, ошол мага кул болот, ал эми силер атаңарга тынчтык менен бара бергиле».

18 Анан Жүйүт ага басып келип, мындай деди: «Мырзам, кулуңдун сөзүнө кулак салсаң экен. Кулуңа каарданбасаң экен, анткени сен фараондай эле адамсың.

19 Мырзам кулдарынан: “Атаңар же бир тууганыңар барбы?” – деп сурады эле.

20 Биз мырзабызга: “Биздин карыган атабыз жана анын карыганда көргөн кенже уулу бар, бир тууганы өлүп, ал бир энеден жалгыз калды. Аны атасы жакшы көрөт”, – дегенбиз.

21 Сен болсо кулдарыңа: “Аны мага алып келгиле, мен көрөйүн”, – дедиң.

22 Биз мырзабызга: “Бала атасын таштай албайт. Эгерде ал атасын таштап кетсе, анда атасы өлүп калат”, – дедик.

23 Бирок сен кулдарыңа: “Эгерде кенже иниңер силер менен кошо келбесе, мындан ары көзүмө көрүнбөгүлө”, – дедиң.

24 Биз сенин кулуңа – атабызга келип, мырзабыздын сөздөрүн айттык.

25 Анан атабыз: “Дагы барып, бир аз эгин сатып келгиле”, – деди.

26 Биз ага: “Биз бара албайбыз. Эгерде кенже бир тууганыбыз биз менен барса, барабыз, анткени кенже бир тууганыбыз биз менен барбаса, тиги кишинин жүзүн көрүүгө болбойт”, – дедик.

27 Ошондо сенин кулуң – биздин атабыз мындай деди: “Аялым мага эки уул төрөп бергенин силер билесиңер.

28 Бирөөнөн ажырадым, ошондо: “Чын эле, ал жырткычка таланса керек”, – дедим эле. Анткени мен аны бүгүнкү күнгө чейин көрө элекмин.

29 Эми муну да алсаңар, бул да бир кырсыкка учураса, карыган кезимде кайгыга салып, өлгөндөр жаткан жайга жибересиңер”.

30 Эгерде мен сенин кулуңа – атама барганда, жанындай көргөн баласы жаныбызда болбосо,

31 анда ал баласы жок экенин көрүп, өлүп калат, кулдарың сенин кулуңду – чачын ак баскан атабызды кайгыга малып, өлгөндөр жаткан жайга жиберет!

32 Анын үстүнө, мен – кулуң бала үчүн жооп берүү милдетин алып: “Эгерде аны сага алып келбесем, анда мен сенин алдыңда өмүр бою айыптуу болоюн”, – деген элем.

33 Ошондуктан мен, кулуң, бул баланын ордуна сага, мырзама, кул болуп калайын, бала болсо бир туугандары менен кете берсин.

34 Анткени бала жанымда болбосо, атама кантип барам? Атамдын башына түшкөн кайгыны кантип карап турам?»