- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
- 49
- 50
1 Ошентип, Ысрайыл өзүнүн бардык мал-мүлкү менен жолго чыгып, Бейер-Шебага келди да, атасы Ыскактын Кудайына курмандык чалды.
2 Ошондо Кудай Ысрайылды түнкү көрүнүштө: «Жакып! Жакып!» – деп чакырды. Ал: «Мен угуп жатам», – деп жооп берди.
3 Кудай ага мындай деди: «Мен Кудаймын, атаңдын Кудайымын. Мисирге баргандан коркпо, анткени ошол жерде Мен сенден улуу эл жаратам.
4 Мен Мисирге сени менен барам. Мен сени ал жерден кайра алып чыгам. Жусуп сенин көзүңдү өз колу менен жабат».
5 Ошондо Жакып Бейер-Шебадан чыкты. Ысрайылдын уулдары атасы Жакыпты, балдарын, аялдарын арабаларга салып, алып жөнөштү. Жакыпты алып келүү үчүн, ал арабаларды фараон жиберген эле.
6 Ошентип, алар Канаан жеринде тапкан мал-мүлкүн алып, Мисирге келишти. Ал жерге Жакып жана анын бүт тукуму келди.
7 Ал өзү менен бирге Мисирге уулдары менен неберелерин, кыздары менен жээндерин, бардык тукумун алып келди.
8 Мисирге келген Ысрайыл уулдарынын аттары мындай: Жакып жана анын уулдары. Жакыптын туну Рубейин.
9 Рубейиндин уулдары: Ханох жана Палу, Хесрон жана Карми.
10 Шымондун уулдары: Жемуел, Жамин, Ойат, Жахин, Сохар жана канаандык аялдан төрөлгөн Шабул.
11 Лебинин уулдары: Гейиршон, Каат жана Мерари.
12 Жүйүттүн уулдары: Эйир, Онан, Шейла, Перес жана Зерак, бирок Эйир менен Онан Канаан жеринде өлгөн. Перестин уулдары Кесрон менен Хамул болгон.
13 Исахардын уулдары: Тола жана Пуба, Аюб жана Шимрон.
14 Забулундун уулдары: Серет, Эйлон жана Жахлиел.
15 Булар – Месопотамияда Леянын Жакыптан төрөгөн уулдары жана анын кызы Дина. Анын бардык уул-кыздары – отуз үч жан.
16 Гаттын уулдары: Сипон жана Хаги, Шуни жана Эспон, Эйри, Ароту жана Арейли.
17 Ашырдын уулдары: Имна жана Ишпа, Ишпи жана Бирия, алардын карындашы Серак. Бириянын уулдары: Хебер жана Малкиел.
18 Булар – Зилпанын уулдары. Зилпаны Лабан өз кызы Леяга берген. Ал Жакыпка он алты бала төрөп берген.
19 Жакыптын аялы Рахелдин уулдары: Жусуп жана Бенжемин.
20 Мисир жеринде Жусуптан Менаше менен Эпрайым төрөлдү. Аларды ага оондук диний кызматчы Потипердин кызы Асынат төрөп берди.
21 Бенжеминдин уулдары: Бела, Бехер жана Ашбел. Гейра жана Нааман, Эйхи жана Рош, Мупим, Хупим жана Арт.
22 Булар – Рахелдин Жакыптан төрөгөн уулдары, бардыгы болуп он төрт жан.
23 Дандын уулу: Хушим.
24 Напталынын уулдары: Жахсиел жана Гуни, Жетсер жана Шилем.
25 Булар – Биланын уулдары. Биланы Лабан өз кызы Рахелге берген. Ал Жакыпка бардыгы болуп жети бала төрөп берген.
26 Жакып менен бирге Мисирге келгендердин, Жакыптын уулдарынын аялдарынан башка, анын өз канынан чыккандардын саны бардыгы болуп алтымыш алты жан эле.
27 Жусуптан Мисирде эки уул төрөлгөн. Жакыптын Мисирге келген кишилеринин саны бардыгы болуп – жетимиш.
28 Гошенге жол көрсөтсүн деп, Жакып Жүйүттү Жусупка өзүнөн мурун жиберди. Алар Гошенге келишти.
29 Жусуп арабасын кошуп, атасы Ысрайылды тосуп алганы Гошенге жөнөп кетти. Ал атасын көргөндө, аны мойнунан кучактап, көпкө чейин ыйлады.
30 Ошондо Ысрайыл Жусупка: «Эми өлсөм болот, сенин жүзүңдү көрдүм, сен али тирүү экенсиң», – деди.
31 Жусуп бир туугандарына жана атасынын үй-бүлөсүнө: «Мен барып, фараонго кабарлап: “Канаан жериндеги бир туугандарым менен атамдын үй-бүлөсү мага келишти.
32 Алар – койчулар, мал багышат. Алар майда жана бодо малын, бардык мал-мүлкүн ала келишти”, – деп айтайын.
33 Эгерде фараон силерди чакырып: “Силердин кесибиңер эмне? – деп сураса,
34 силер: “Сенин кулдарың биз да, аталарыбыз да жаш чагыбыздан бүгүнкү күнгө чейин мал багып келгенбиз”, – деп айткыла. Ошондо Гошен жеринде жашап каласыңар. Анткени мисирликтер үчүн койчулардын баары жийиркеничтүү», – деди.