Башталыш | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Башталыш 21 Бөлүм

тез өтүү:

1 Теңир Өзү айтканындай, Саарага назарын салып, ага айткан сөзүн аткарды.

2 Сааранын боюна бүтүп, Кудай айткан мезгилде, Ыбрайым картайган кезде, ага уул төрөп берди.

3 Ыбрайым өзүнүн Саарадан төрөлгөн уулуна Ыскак деген ат койду.

4 Кудай ага осуяттагандай, сегизинчи күнү Ыбрайым өз уулу Ыскакты сүннөткө отургузду.

5 Уулу Ыскак төрөлгөндө, Ыбрайым жүз жашта эле.

6 Ошондо Саара: «Кудай мени күлкү кылды. Мен жөнүндө ким укса да, күлөт го.

7 “Саара бала эмизет”, – деп, Ыбрайымга ким айта алар эле? Бирок ал карыган кезде мен ага уул төрөп бердим», – деди.

8 Бала чоңоюп, эмчектен чыгарылды. Ыскак эмчектен чыгарылган күнү Ыбрайым чоң той берди.

9 Саара мисирлик Ажардын Ыбрайымга төрөп берген уулунун Ыскакты шылдыңдап жатканын көрүп калып,

10 Ыбрайымга мындай деди: «Бул күңдү уулу менен кошо кууп чык, анткени анын уулу менин уулум Ыскак менен бирге мураскор болбойт».

11 Ысмайыл жөнүндө айтылган бул сөз Ыбрайымга катуу тийди.

12 Бирок Кудай Ыбрайымга: «Уулуң менен күңүң үчүн кайгырба. Сааранын айтканынын баарын кыл, анын тилин ал, анткени сенин тукумуң Ыскактан тарайт.

13 Күңүңдүн уулунан да Мен эл жаратам, анткени ал сенин уулуң», – деди.

14 Ыбрайым эртең менен эрте туруп, тамак-аш жана бир чанач суу алып, Ажардын ийнине артып, баласын колуна берип, аны коё берди. Ажар кетип бара жатып, Бейер-Шеба чөлүндө адашып калды.

15 Чаначта суу калбай калгандыктан, баласын бадалдын түбүнө калтырып,

16 жаа жебеси жеткидей, алыс барып отурду да: «Баланын өлгөнүн көргүм келбейт», – деп, анын каршысында отуруп алып, боздоп ыйлады.

17 Кудай баланын үнүн укту. Ошондо асмандан Кудайдын периштеси Ажарды чакырып: «Ажар, сага эмне болду? Коркпо, Кудай баланын үнүн жаткан жеринен укту.

18 Ордуңан туруп, баланы тургузуп, колунан ал, анткени Мен андан улуу эл чыгарам», – деди.

19 Кудай Ажардын көзүн ачты, ошондо ал суусу бар кудукту көрдү. Анан ал барып, чаначка толтура суу алып келип, балага ичирди.

20 Кудай бала менен болду. Ал чоңоюп, чөлдө жашап калды. Жаа тарткан мергенчи болду.

21 Ал Паран чөлүндө жашады. Энеси ага Мисир жеринен аял алып берди.

22 Ошол убакта мындай окуя болду: Абы-Мелек өзүнүн аскер башчысы Пихол менен келип, Ыбрайымга: «Эмне кылсаң да, бардык иште Кудай сени менен экен.

23 Сен азыр ушул жерде мага: “Сени да, уулуңду да, небереңди да таарынтпайм”, – деп, Кудай менен ант бер. Мен сага кандай жакшылык кылсам, сен да мага жана өзүң жашап турган жерге ошондой жакшылык кыл», – деди.

24 Ошондо Ыбрайым: «Ант берем», – деди.

25 Анан Ыбрайым Абы-Мелектин кулдары суусу бар кудукту тартып алганы үчүн, Абы-Мелекти жемеледи.

26 Абы-Мелек болсо: «Муну ким кылганын билбеймин, сен да мага айткан эмессиң. Мен ал жөнүндө ушуга чейин уккан эмесмин», – деди.

27 Ошондо Ыбрайым майда жана бодо малдан алып, Абы-Мелекке берди. Ошентип, экөө тынчтык келишимин түзүштү.

28 Ыбрайым майда малдан жети козуну өзгөчө бөлүп койду.

29 Абы-Мелек болсо Ыбрайымдан: «Жети козуну бул жерге өзүнчө бөлүп койгонуң эмнең?» – деп сурады.

30 Ал ага: «Бул жети козуну менин колумдан ал, кудукту мен казганыма булар күбө болсун», – деп жооп берди.

31 Ошондуктан ал бул жерди Бейер-Шеба деп атады, анткени бул жерде экөө антташты.

32 Ошентип, Бейер-Шебада тынчтык келишими түзүлдү. Анан Абы-Мелек менен аскер башчысы Пихол Пелишти жерине кайтышты.

33 Ыбрайым Бейер-Шебанын жанына токойчо отургузуп, ал жерде түбөлүктүү Кудай-Теңирдин атын чакырды.

34 Ошентип, Ыбрайым Пелишти жергесинде келгин болуп, көп жыл жашады.