- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
- 49
- 50
1 Ыбрайым Кетура деген аялды да алды.
2 Ал аялы ага Зимранды, Жокшанды, Мыданды, Мидианды, Ишпакты жана Шубахты төрөп берди.
3 Жокшандан Шеба менен Дедан төрөлдү. Дедандан ашурлар, летуштар, лумдар төрөлдү.
4 Мидиандын уулдары: Эйпа, Эйпер, Ханох, Абида жана Элдаа. Булардын баары Кетуранын уулдары.
5 Ыбрайым өзүндө болгондун бардыгын Ыскакка берди.
6 Ал эми күң аялдарынан төрөлгөн уулдарына белек берип, уулу Ыскактан бөлүп, көзүнүн тирүүсүндө эле чыгышка, чыгыш жергесине жөнөтүп жиберди.
7 Ыбрайым жүз жетимиш беш жыл жашады.
8 Анан ал көз жумду. Ал бакыбат өмүр сүрүп, абдан карып, өмүргө тоюп, өз элине кошулду.
9 Уулдары Ыскак менен Ысмайыл аны Мамрейдин каршысындагы хеттик Сохар уулу Эпрондун талаасындагы Махпел үңкүрүнө коюшту.
10 Ал талааны Ыбрайым Хеттин уулдарынан сатып алган. Ошентип, ал жерге Ыбрайым менен аялы Саара коюлду.
11 Ыбрайым көз жумгандан кийин, Кудай анын уулу Ыскакка батасын берди. Ыскак Бейир-Лакай-Ройинин жанында жашап турду.
12 Сааранын күңү мисирлик Ажардан төрөлгөн, Ыбрайымдын уулу Ысмайылдын санжырасы мындай:
13 Ысмайылдын уулдарынан тараган уруулардын аттары мына булар: Ысмайылдын туну – Ныбайот, андан кийин Кейдар, Адбаел, Мипсам,
14 Мишма, Дума, Маса,
15 Хадат, Тейма, Жетур, Напиш жана Кедма.
16 Булар – Ысмайылдын уулдары, булар – алардын отурукташкан айыл-кыштактарынын, конуштарынын аттары. Булар – алардын он эки уруусунун башчылары.
17 Ысмайыл жүз отуз жети жыл өмүр сүрүп, көз жумуп, өз элине кошулду.
18 Алар Ашурга бараткан жолдогу, Мисирдин алдындагы Хабиладан тартып Шурга чейинки жерлерде жашашкан. Алар бардык бир туугандарынын жанына отурукташышкан.
19 Ыбрайымдын уулу Ыскактын санжырасы мындай: Ыбрайымдан Ыскак төрөлгөн.
20 Ыскак Месопотамиядагы арамейлик Лабандын карындашы, арамейлик Бетуелдин кызы Ребеканы алганда кырк жашта эле.
21 Ыскак Теңирге өз аялы жөнүндө сыйынды, анткени ал согончогу канабаган аял эле. Теңир аны угуп, аялы Ребеканын боюна бүттү.
22 Курсагында жаткан балдары тепкилеше баштаганда, ал мындай деди: «Эгер мындай боло турган болсо, анда мага жашоонун эмне кереги бар?» Анан Теңирден сураганы кетти.
23 Теңир ага мындай деди: «Курсагыңда эки уруу эл жатат, курсагыңдан эки башка эл чыгат. Бири экинчисинен күчтүү болот, улуусу кичүүсүнө кызмат кылат».
24 Анын төрөр маалы келип төрөгөндө, курсагындагысы эгиз болуп чыкты.
25 Биринчиси теридей түктүү, кызыл болуп төрөлдү. Анын атын Эйсап коюшту.
26 Андан кийин анын бир тууганы чыкты. Ал Эйсаптын согончогун кармай чыкты. Анын атын Жакып коюшту. Алар төрөлгөндө, Ыскак алтымыш жашта эле.
27 Балдар чоңоюшту. Эйсап мыкты аңчылык кылган талаа адамы болду. Ал эми Жакып чатырда жашаган, момун адам болду.
28 Ыскак Эйсапты жакшы көрчү, анткени илбээсиндин эти анын табити тарткан тамагы эле. Ребека болсо Жакыпты жакшы көрчү.
29 Жакып тамак бышырды, Эйсап болсо талаадан чарчап келди.
30 Анан Эйсап Жакыпка мындай деди: «Мага кызылынан, мына бул кызылынан жегенге берчи, анткени мен чарчадым». Ушундан улам ал Эдом деген атка конду.
31 Бирок Жакып: «Анда мага азыр тунгучтугуңду сат», – деди.
32 «Ачкадан өлүп баратам, мага тунгучтуктун эмне кереги бар?» – деди Эйсап.
33 Жакып ага: «Азыр эле мага ант бер», – деди. Ошондо Эйсап Жакыпка ант берип, ага өзүнүн тунгучтугун сатты.
34 Ошондон кийин Жакып Эйсапка нан коюп, жасмыктан жасалган тамак берди. Ал жеп-ичип, ордунан туруп кетти. Эйсап өзүнүн тунгучтугун баалаган жок.