- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
- 49
- 50
1 Ошондо Жакып Лабандын уулдарынын мындай деген сөздөрүн укту: «Жакып биздин атабыздын бардык нерсесин ээлеп алды, ал ушул байлыктын баарын атабыздын мал-мүлкүнөн жыйып алды».
2 Жакып Лабандын жүзүн караса, ал аны мурдагыдай карабай калыптыр.
3 Ошондо Теңир Жакыпка: «Ата-бабаларыңдын жерине, өзүңдүн мекениңе кайт. Мен сени менен боломун», – деди.
4 Жакып киши жиберип, Рахел менен Леяны талаага, койлорунун жанына чакыртып алды.
5 Жакып аларга: «Мен атаңардын мурдагыдай карабай калганын көрүп турам. Бирок атамдын Кудайы мени менен болду.
6 Силер менин атаңарга бүт күчүм менен кызмат кылганымды билесиңер.
7 Атаңар болсо мени алдап, кызмат акымды он жолу алмаштырды. Бирок анын мага жамандык кылуусуна Кудай жол берген жок.
8 Ал мага “Темгилдүү мал сенин кызмат акың болот” дегенде, малдын баары темгил тууду. Ал эми “Сенин кызмат акың ала-була мал болот” дегенде, малдын баары ала-була тууду.
9 Ошентип, Кудай малды атаңардан тартып алып, мага берди.
10 Бир жолу куут маалында, түшүмдө кууган текелердин баары ала-була, темгилдүү, тактары бар текелер экенин көрдүм.
11 Кудайдын периштеси түшүмдө мага: “Жакып!” – деди. Мен: “Угуп жатам”, – дедим.
12 Ал мага: “Башыңды көтөрүп карачы, кууган текелердин баары ала-була, темгилдүү, тактары бар текелер, анткени Мен Лабандын сага эмне кылып жатканын көрүп турам.
13 Мен сага Бейтелде келген Кудаймын, ал жерде сен эстеликтин үстүнө зайтун майын куюп, ошол жерде Мага убада бергенсиң. Эми ордуңан туруп, бул жерден чыгып, өз мекениңе кайт”, – деди».
14 Рахел менен Лея ага: «Атабыздын бизге бергидей, энчи, мурасы бар беле?
15 Ал бизди бөтөн катары санайт. Анткени ал бизди сатты, атүгүл, күмүшүбүздү да жеп койду.
16 Кудай атабыздан тартып алган байлыктын баары биздики жана балдарыбыздыкы. Ошондуктан Кудай сага айткандын бардыгын кыл», – дешти.
17 Ошондо Жакып ордунан туруп, балдары менен аялдарын төөлөргө мингизди.
18 Анан Месопотамиядан тапкан өзүнүн бардык мал-мүлкүн алып, Канаан жерине, атасы Ыскакка жөнөп кетти.
19 Лабан малын кыркканы кетери менен, Рахел атасынын жасалма кудайларын уурдап алды.
20 Жакып болсо арамейлик Лабанга өзүнүн кетерин айтпай, аны алдап кетти.
21 Ошентип, ал өзүнүн бардык мал-мүлкүн алып, дарыядан өтүп, Гилат тоосун карай бет алды.
22 Жакыптын кеткендигин Лабанга үчүнчү күнү айтышты.
23 Ошондо ал жанына туугандарын алып, жети күн бою кууп жүрүп отуруп, Гилат тоосуна келгенде жетти.
24 Кудай арамейлик Лабанга түн ичинде түшүндө келип: «Байкагын, Жакыпка жаман да, жакшы да айтпа», – деди.
25 Лабан Жакыпты кууп жетти. Жакып болсо чатырын тоого тигип алган эле. Лабан да туугандары менен чатырын Гилат тоосуна тикти.
26 Ошондо Лабан Жакыпка: «Бул эмне кылганың? Эмне үчүн мени алдадың, кыздарымды туткунга түшкөндөрдөй кылып алып кеттиң?
27 Эмне үчүн жашыруун качтың? Эмне үчүн менден жашындың? Эмне үчүн мага айткан жоксуң? Мен сени той-тамаша өткөрүп, ыр ырдап, дап кагып, гусли чертип узатпайт белем?
28 Атүгүл, неберелерим менен кыздарымдын бетинен өптүргөн жоксуң. Сен ойлонбой иш кылдың.
29 Силерге жамандык кылууга күчүм жетет, бирок атаңардын Кудайы кечээ мага: “Байкагын, Жакыпка жакшы да, жаман да айтпа”, – деди.
30 Сен кете берсең мейли эле, анткени сен атаңдыкында болууну абдан каалаптырсың, бирок эмне үчүн менин кудайларымды уурдап кеттиң?» – деди.
31 Жакып Лабанга мындай деп жооп берди: «Кыздарыңды менден тартып аласың го деп корктум.
32 Кудайларыңды кимден тапсаң, ал тирүү калбасын! Туугандарыбыздын көзүнчө меникинен издеп таап ал». Аларды Рахел уурдап алганын Жакып билген эмес эле.
33 Ошондо Лабан Жакыптын, Леянын, эки күңдүн чатырларына кирип, издеп таба албады. Анан Леянын чатырынан чыгып, Рахелдикине кирди.
34 Рахел болсо жасалма кудайларды төөнүн чомунун астына катып, өзү үстүнө отуруп алган эле. Лабан чатырды бүт аңтарып, таба албады.
35 Рахел атасына: «Мырзам менин тура албаганыма ачууланбаса экен, анткени менде аялдарга мүнөздүү нерсе болуп жатат», – деди. Ал издеп-издеп, жасалма кудайларын таба албады.
36 Жакып ачууланып, Лабан менен айтыша кетти. Ал Лабанга мындай деди: «Менин артыман кууп келгидей, айыбым кайсы, күнөөм кайсы?
37 Менин буюмдарымдын баарын карап чыктың, өзүңдүн кайсы буюмуңду таптың? Ушул жерде менин туугандарым менен өз туугандарыңдын алдында көрсөт. Алар экөөбүздүн ортобузда калыстык кылышсын.
38 Жыйырма жыл сен үчүн иштедим, кой-эчкилериң бала салбады, корооңдогу койлоруңдан жебедим.
39 Жырткыч жара тарткандарын алып келген эмесмин, алар менин чыгашам эле. Күндүз жоголсо да, түндө жоголсо да, сен менден төлөтүп алып турдуң.
40 Күндүз ысыктан, түнкүсүн сууктан жапа чегип кыйналдым, түн уйкумдан калдым.
41 Менин жыйырма жылым сенин үйүңдө ушинтип өттү. Мен сенин эки кызың үчүн сага он төрт жыл, малың үчүн алты жыл кызмат кылдым. Сен болсо менин кызмат акымды он жолу алмаштырдың.
42 Эгерде атам Ыбрайымдын Кудайы жана Ыскактын Коркунучу мени менен болбогондо, сен мени азыр да эч нерсе бербей, куру кол коё бермексиң. Кудай менин кайгымды жана маңдай тер, таман акымды көрүп, кечээ менин таламымды талашты».
43 Ошондо Лабан Жакыпка мындай деп жооп берди: «Кыздар – менин кыздарым. Балдар – менин балдарым. Мал – менин малым. Сен көрүп тургандын баары меники. Мен кыздарыма жана алар төрөгөн балдарга эми бир нерсе кылмак белем?
44 Азыр сен экөөбүз келишим түзөлү, ал сен экөөбүздүн ортобузга күбө болсун».
45 Жакып таш алып, аны эстелик кылып койду.
46 Анан Жакып өзүнүн туугандарына: «Таш жыйнагыла», – деди. Алар таш жыйнап, дөбө кылып үйүштү да, ошол дөбөгө отуруп алып тамактанышты.
47 Лабан аны «Жыгар-Саадут» (Күбө-Дөбө) деп, Жакып болсо аны Гилат деп атады.
48 Анан Лабан: «Бүгүндөн баштап бул таш дөбө экөөбүздүн ортобузда күбө болот», – деди. Ошондуктан ал жерди Гилат деп аташты.
49 Ал дөбө Миспа деп да аталат, анткени Лабан: «Сен экөөбүз бири-бирибизден бөлүнүп кеткенден кийин, Теңир менин үстүмөн да, сенин үстүңөн да көз салып турсун.
50 Эгерде кыздарыма жаман мамиле кыла турган болсоң же кыздарымдын үстүнө аял ала турган болсоң, байкагын, экөөбүздүн ортобузда күбө болчу адам жок, бирок ортобузда Кудай күбө», – деди.
51 Ошентип, Лабан Жакыпка: «Мына бул дөбө менен мен койгон эстелик экөөбүзгө күбө болот.
52 Бул дөбө менен бул эстелик күбө: жамандык кылыш үчүн, бул дөбө менен бул эстеликтен сен тарапка мен өтпөйм, мен тарапка сен өтпөйсүң.
53 Ыбрайымдын Кудайы, Нахордун Кудайы, алардын ата-бабаларынын Кудайы ортобузга калыс болсун», – деди. Жакып атасы Ыскактын Коркунучу менен ант берди.
54 Анан Жакып тоодо курмандык чалып, туугандарын тамакка чакырды. Алар тамактанып, тоодо түнөп калышты.
55 Лабан эртеси эртең менен эрте туруп, неберелери менен кыздарын өөп, аларга батасын берип жөнөп кетти. Ошентип, Лабан өз жерине кайтып келди.