- Бөлүмдөр:
- 1
- 2
- 3
- 4
- 5
- 6
- 7
- 8
- 9
- 10
- 11
- 12
- 13
- 14
- 15
- 16
- 17
- 18
- 19
- 20
- 21
- 22
- 23
- 24
- 25
- 26
- 27
- 28
- 29
- 30
- 31
- 32
- 33
- 34
- 35
- 36
- 37
- 38
- 39
- 40
- 41
- 42
- 43
- 44
- 45
- 46
- 47
- 48
- 49
- 50
1 Саара жүз жыйырма жети жыл жашады.
2 Ал Кирийат-Арбада, Канаан жериндеги азыркы Хеброндо көз жумду. Ыбрайым Саараны жоктоп ыйлап, аза күтүү үчүн келди.
3 Анан Ыбрайым маркумдун жанынан кетип, Хет уулдарына мындай деп айтты:
4 «Мен силердин араңарда келгинмин, жер которуп келген кишимин. Маркумумду көмүү үчүн, араңардан менчикке жер бергиле».
5 Хет уулдары Ыбрайымга мындай деп жооп айтышты:
6 «Мырзабыз, бизди укчу. Сен биздин арабызда Кудайдын төрөсүсүң. Маркумуңду биздин көрүстөнүбүздүн эң жакшы жерине кой. Маркумуңду көрүстөнүбүзгө коюуга эч кимибиз каршы болбойбуз».
7 Ошондо Ыбрайым ордунан туруп, ал жердин элине – Хет уулдарына таазим кылды.
8 Анан аларга мындай деп айтты: «Эгерде силер менин маркумумду коюуга макул болсоңор, анда менин сөзүмдү угуп, мен үчүн Сохар уулу Эпрондон сурап бергиле.
9 Ал мага талаасынын четиндеги Махпел үңкүрүн берсин. Аны силердин көзүңөрчө өз баасына көрүстөндүккө менчикке сатсын».
10 Эпрон болсо Хет уулдарынын арасында отурган. Ошондо хеттик Эпрон өзүнүн шаарынын дарбазасынан кирген Хет уулдарынын баарына угуза Ыбрайымга мындай жооп айтты:
11 «Жок, мырзам, уксаң мени. Мен сага талаамды да берем, андагы үңкүрдү да берем, сага аны өз элимдин уулдарынын көзүнчө бекер эле берем, маркумуңду кой».
12 Ыбрайым ал жердин адамдарына таазим этип,
13 ал жердин элине угуза Эпронго мындай деп айтты: «Эгерде тил алсаң, сага талаа үчүн күмүш берейин. Аны ал, мен ал жерге маркумумду коёюн».
14 Эпрон Ыбрайымга мындай деп жооп айтты:
15 «Мырзам! Уксаң мени. Жер төрт жүз шекел күмүш турат. Мен үчүн да, сен үчүн да бул эмне болуп калыптыр? Маркумуңду көмө бер».
16 Ыбрайым Эпрондун айтканын угуп, Хет уулдарына угуза канча деп айтса, көпөстөр колдонгон төрт жүз шекел күмүштү Эпронго таразага тартып берди.
17 Ошентип, Мамрейдин каршысындагы Махпелдеги Эпрон талаасы, ал жердеги үңкүр, ошондой эле талаадагы жана анын бардык тегерек-четиндеги бак-дарактардын баары
18 анын шаарынын дарбазасы менен кирген бардык Хет уулдарынын көз алдында Ыбрайымдын ээлигине өттү.
19 Ошондон кийин Ыбрайым аялы Саараны Канаан жергесиндеги Мамрейдин (азыркы Хеброн) каршысындагы Махпел талаасындагы үңкүргө койду.
20 Ошентип, Хет уулдарынан алган андагы талаа менен үңкүр Ыбрайымдын менчик көрүстөнү болуп калды.