Башталыш | Ыйык Китеп онлайн - окуу жана изилдөө
меню

Башталыш 33 Бөлүм

тез өтүү:

1 Жакып алдын караса, Эйсап келе жатыптыр. Анын жанында төрт жүз адам бар экен. Ошондо ал Леянын, Рахелдин жана эки кызматчы күңдүн балдарын өз-өзүнчө бөлүп койду.

2 Күңдөрүн жана алардын балдарын алдыга койду, Леяны жана анын балдарын алардын артына, ал эми Рахел менен Жусупту алардын артына койду.

3 Ал эми өзү болсо алардын алдына өтүп, бир тууганына жакын келгенче, жети ирет жерге чейин башын ийип таазим этти.

4 Ошондо Эйсап ага утурлай чуркап, аны мойнунан кучактап өпкүлөдү, анан экөө тең ыйлашты.

5 Эйсап анын аялдары менен балдарын көрүп: «Буларың ким?» – деп сурады. «Кудайдын кулуңа берген балдары», – деп жооп берди Жакып.

6 Ошондо кызматчы күңдөр менен алардын балдары жакын келип, ага таазим кылышты.

7 Лея да балдары менен келип таазим этти. Акырында Жусуп менен Рахел да келип таазим этишти.

8 Анан Эйсап андан: «Сен бул көп сандаган малды кандай максат менен жибердиң?» – деп сурады. Жакып ага: «Мырзамдын алдында ырайым табуу үчүн», – деп жооп берди.

9 Ошондо Эйсап ага: «Бир тууганым, өзүмдүкү жетиштүү, өзүңдүкү өзүңдө калсын», – деди.

10 «Жок, эгерде мен сенин алдыңда ырайым тапкан болсом, колумдагы белектеримди кабыл ал, анткени жүзүңдү көргөндө, Кудайдын жүзүн көргөндөй болдум, сен мага ырайым кылдың.

11 Менин сага алып келген батамды кабыл ал, анткени Кудай мага берди, менде баары бар», – деп, Жакып аны көндүрдү, Эйсап кабыл алды.

12 Анан Эйсап: «Ордубуздан туруп жөнөйлү. Мен сени менен жөнөйүн», – деди.

13 Жакып ага: «Мырзам өзү көрүп турат, балдарым жаш, ал эми майда жана бодо малым саан. Эгерде малды күнү бою айдап жөнөсөк, анда бардык мал өлүп калат.

14 Мырзам өз кулунун алдында кете берсин, ал эми мен алдымда бара жаткан малдын жүрүшүнө жараша, балдарымдын басыгына жараша жай жол жүрүп, мырзама, Сеирге келейин», – деди.

15 «Жанымдагы кишилердин бир нечесин сени менен калтырайын», – деди Эйсап. «Алардын кереги эмне? Мен мырзамдын алдында ырайым тапсам эле болду», – деди Жакып.

16 Ошентип, Эйсап ошол эле күнү өз жолу менен Сеирге кайтып кетти.

17 Ал эми Жакып болсо Сукотко келип, ошол жерде өзүнө үй куруп, малына бастырма тургузду. Ошондуктан ал жерге Сукот деген ат койду.

18 Жакып Месопотамиядан чыккандан кийин, Канаан жериндеги Шекем шаарына аман-эсен жетип, ошол шаарга жакын жайланышты.

19 Анан ал Шекемдин атасы Хамордун балдарынан жүз дилдеге жер сатып алып, чатырын тикти.

20 Ошол жерге курмандык чалынуучу жай куруп, ал жерге «Ысрайылдын Кудайы – кудуреттүү Кудай» деген ат койду.