меню

Матайдын Инжили 10 Бөлүм


1 Ыйса он эки шакиртин чакырып алып, аларга ар кандай кара күчтөрдү кууп чыга турган бийлик, ар кандай оорулар менен алсыздыктарды айыктыра турган кудурет берди.

2 Булар Ыйсанын он эки элчиси эле. Алардын аттары мындай: биринчиси Петир деп да аталган Ысман жана анын иниси Идрис, Зебедейдин уулу Жакып жана анын иниси Жакан,

3 Филип жана Барталамей, Том жана Матай салыкчы, Алпейдин уулу Жакып жана Тадай,

4 Ысман Динчил жана кийин чыккынчы болуп кеткен Жүйүт Искариот.

5 Ушул он эки кишини Ыйса жөнөтүп жатып, мындай буйрук берди: – Башка улуттагылардын жерине барбагыла жана самариялыктардын шаарына кирбегиле.

6 Анын ордуна адашкан койлордой болгон Ысрайыл элине гана баргыла.

7 Барганыңарда аларга: «Жакында силер Кудайдын башкаруусунда болосуңар!» – деп жар салгыла.

8 Оорулууларды айыктыргыла, өлгөндөрдү тирилткиле, пес оорулууларды сакайткыла, жиндерди кубалагыла. Бекер алдыңар, бекер бергиле.

9 Алтын, күмүш, жез акча да белбооңорго түйбөгүлө.

10 Жолго баштык да, ашык кийим да, бут кийим да, таяк да албагыла. Анткени иштегендин тиштегенге акысы бар.

11 Кайсы шаарга же айылга кирбегиле, алгач силерди кабыл алууга даяр адамдын барын аныктагыла, анан ошол жерден кеткиче ошол адамдыкынан башканыкына көчпөгүлө.

12 Босогону аттаарыңарда: «Тынччылык болсун!» деп, батаңарды бергиле.

13 Эгер ошол үйдө саламыңарды кабыл алууга даяр адам бар болсо, батаңар кабыл болот, эгер болбосо, батаңар өзүңөргө кайтат.

14 Ал эми силерди кабыл албай, айткан сөзүңөргө кулак салышпаса, анда ошол шаардан же үйдөн чыгып, алардын четке кагылганынын белгиси катары бутуңардын чаңын күбүп салгыла.

15 Чынын айтайын, кыяматтагы сот күнүндө ал шаарга караганда, Содом менен Гомор шаарларына жеңилирээк жаза колдонулат.

16 Мен силерди карышкырлардын арасына койлорду жибергендей жөнөтүп жатам. Ошондуктан жыландай кыраакы, көгүчкөндөй ак көңүл болгула.

17 Адамдардан абайлагыла, алар силерди сотко беришип, синагогаларда сабашат.

18 Мага ишенгениңер үчүн өкүмдарлар менен падышалардын алдына алып барышат. Алардын жана элдин алдында күбөгө өтүп, Мен жөнүндө айтып бересиңер.

19 Ошондо «кантип айтабыз, эмнени айтабыз» деп түйшүк тартпагыла. Эмне дээриңерди ошол саатта Кудай оозуңарга сала берет.

20 Анткени силер эмес, силер аркылуу Атаңардын Руху сүйлөйт.

21 Бир туугандар бири бирин, атасы өз баласын өлүмгө салып бере турган болот. Балдары өз ата-энелерине каршы чыгышып, аларды өлүмгө салып беришет.

22 Мен үчүн баарына жек көрүндү болосуңар. Бирок ким аягына чейин чыдаса, куткарылат.

23 Бир шаардан зордук көрсөтүшсө, башка шаарга качкыла. Силерге чындыкты айтып жатам: силер Ысрайылдын шаарларын кыдырып чыккыча, Адам Уулу келип калат.

24 Шакирт устатынан, кул ээсинен өйдө эмес.

25 Шакирт устатындай, кул ээсиндей боло алса, ошол жетиштүү. Үй ээсин Бээлзебул деп атап жатышса, үйүндөгүлөрүн андан бетер тилдебей коймок беле.

26 Ошондуктан алардан коркпогула, анткени сыртка чыкпас сыр болбойт, ачыкка чыкпас жашыруун иш болбойт.

27 Силерге караңгыда айтып жатканымды жарыкта айткыла. Кулагыңарга шыбырап айтылып жатканды үйдүн төбөсүнө чыгып алып жар салгыла.

28 Силерди өлтүрүп коюш колунан келе тургандардан коркпогула. Алар жаныңарды өлтүрө албайт. Андан көрө, жаныңарды да, денеңерди да кууратып, тозокко салууга кудурети бар Кудайдан корккула.

29 Эки чымчык бир аз эле тыйынга сатылат, туурабы? Эгерде Кудай Атаңардын эрки болбосо, алардын бири да топ этип жерге кулабайт.

30 А силердин болсо башыңардагы чачыңар да эсептелүү.

31 Ошондуктан коркпогула, силер чымчыктардан алда канча кымбатсыңар.

32 Ким Мени эл алдында ачык тааныса, Мен да аны асмандагы Атамдын алдында ачык тааныйм.

33 Мени эл алдында четке какканды, Мен да асмандагы Атамдын алдында четке кагам.

34 Мени жер бетине тынчтык алып келди деп ойлобогула!

35 Мен тынчтык эмес, уулун атасынан, кызын энесинен, келинин кайненесинен ажырата турган кылыч алып келдим.

36 Адам баласынын душмандары – өз үйүндөгүлөрү.

37 Атасын же энесин Менден артык сүйгөн адам Мага жарабайт. Баласын же кызын Менден артык сүйгөн адам Мага жарабайт.

38 Ошондой эле өзүнүн айкаш жыгачын көтөрбөстөн, Мени ээрчиген адам да Мага жарабайт.

39 Өмүрүн аяган адам аны сактамак турсун жоготуп алат, ал эми ким Мен үчүн өмүрүн жоготсо, ал аны кайрадан табат.

40 Ким силерди кабыл алса, Мени кабыл алганы, ал эми ким Мени кабыл алса, Мени Жибергенди кабыл алганы.

41 Пайгамбарды пайгамбар катары кабыл алган адам, пайгамбарга бериле турган сыйлыкты алат. Кудайдын каалоосу менен жашаган адамды Кудайдын каалоосу менен жашаган адам катары кабыл алган адам, Кудайдын каалоосундай жашаган адамга бериле турган сыйлыкты алат.

42 Шакирттеримдин эң кичинесин Менин шакиртим катары кабыл алып, бир чыны муздак суу берсе, анда, силерге чын айтам, ал адам тиешелүү сыйлыгын сөзсүз алат.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28