1 Ыйса дагы мындай деди: Асман Падышачылыгы өзүнүн жүзүмзарында жалдап иштетүү үчүн эртең менен эрте жумушчуларды издеп чыккан адамга окшош.
2 Тапканда, күнүнө бир күмүш теңгеден төлөп берем деп убадалашып, аларды жүзүмзарына жиберет.
3 Саат тогуздарда көчөгө чыгып, базар жакта кыларга иши жок турган дагы бир нече кишилерди көрөт.
4 Анан аларга: «Силер да менин жүзүмзарыма баргыла, тийиштүү акыңарды нак төлөп берем», – дейт.
5 Алар болсо дароо жүзүмзарга жөнөшөт. Жүзүмзардын ээси саат он эки чендерде да, үчтөрдө да чыгып, так ушундай кылат.
6 Акырында саат беш чендерде дагы бир ирет көчөгө чыгып, дагы ишсиз турган бир нече кишилерди көрөт да аларга: «Эмне үчүн эртеден бери бул жерде ишсиз турасыңар?» – дейт.
7 Тигилер ага: «Себеби эч ким бизди жалдаган жок!» – деп жооп беришет. «Силер да жүзүмзарга баргыла», – дейт жүзүмзардын ээси.
8 Кеч киргенде, жүзүмзардын ээси чарба башчысына мындай деп буйрук берет: «Жалданган кишилерди чакырып, эмгек акыларын төлө. Биринчи эң акыркыларына берип, башында келгендери менен аягында эсептеш!»
9 Ошондо саат бештерде келгендери бир күмүш теңгеден алат.
10 Биринчи келгендери көбүрөөк алабыз го деп турушкан, бирок алар да бир күмүш теңгеден алып калышат.
11 Ошондо алар нааразы болуп, жүзүмзардын ээсине даттана башташат:
12 «Мына бул акыркы келгендер бир эле саат иштешти. А сен болсо эртеден кечке маңдай терибизди төгүп, мээ кайнаткан ысыкта иштеген бизди тигилерге теңеп салдың».
13 Ошондо жүзүмзардын ээси алардын бирине мындай деген экен: «Эй, дос, мен сага туура эмес эч нерсе кылганым жок. Башында бир күмүш теңгеден деп сүйлөшпөдүк беле.
14 Ошондуктан акыңды ал да, жолуңа түш. А мен мына бул акыркы келгенге да сага берген акыны бергим келет.
15 Өз менчигиме эмне кылсам өз эрким! Менин ак көңүлүмөн кылган жакшылыгыма сенин ичиң күйүп жатабы?»
16 Ошентип, акыркылар биринчи, биринчилер акыркы болушат.
17 Ыйса Иерусалимди көздөй баратып, жолдо он эки шакиртин жанына чакырды да, аларга мындай деди:
18 - Мына, биз Иерусалимге баратабыз, Адам Уулун жогорку динкызматчылар менен дин мугалимдеринин колуна кармап беришет. Ал өлүм жазасына кесилет.
19 Ошондо кордоп, сабап, жыгачка керип туруп, колдоруна мык кагып, асып салуу үчүн башка улуттагылардын колуна тапшырышат. Бирок Ал үчүнчү күнү кайра тирилет.
20 Ошондо Зебедейдин аялы уулдары Жакан жана Жакып менен келип, Ыйсанын бутуна жыгылып, андан бир нерсени суранып жатты.
21 Ыйса ага: – Сизге Менден эмне керек? – деди. Аял: – Айтып койчу, менин мына бул эки уулум сенин падышачылыгың орногондо, бири оң жагыңа, бири сол жагыңа отурсун, – деди.
22 Ыйса: – Силер эмне сураганыңарды билбейсиңер. Мен иче турган азап чөйчөгүнөн иче аласыңарбы? – деди. Алар: – Иче алабыз, – деп чуулдашты.
23 Ыйса: – Мен иче турган азап чөйчөгүнөн ичесиңер, бирок оң жана сол жагыма кимди отургузууну Мен эмес, Атам Өзү чечет. Ал кимди Өзү алдын ала дайындаса, ошону олтургузат, – деди.
24 Буларды укканда, берки экөөнө калган он шакирттин кыжыры кайнады.
25 Ошондо Ыйса шакирттерин чакырып алып, мындай деди: – Бу дүйнөдөгү элдердин өкүмдарлары өз элине үстөмдүк кылып, төрөлөрү күч менен бийлик жүргүзөрүн билесиңер.
26 Бирок силерде мындай болбосун, тескерисинче, араңардан ким чоң болгусу келсе, силердин кызматчыңар болсун.
27 Ким биринчи болгусу келсе, силерге кул болсун.
28 Анткени Адам Уулу бирөөлөрдү Өзүнө кызмат кылдырыш үчүн эмес, бирөөлөргө Өзү кызмат кылып, Өз жанын көп адамдардын күнөөсү үчүн кун катары берүүгө келген.
29 Ыйса шакирттери менен бирге Иерихондон чыгып баратканда, алардын артынан көп адамдар ээрчип жөнөдү.
30 Аңгыча жол боюнда олтурган эки сокур Ыйсанын өтүп баратканын угуп: – Оо, таксыр, Дөөттүн Уулу, бизге ырайым кылагөр! – деп кыйкырып жиберишти.
31 Көпчүлүк аларга «унчукпагыла» деп тыюу салышты. Тигилер болсо андан бетер катуу кыйкырышып: – Оо, таксыр, Дөөттүн Уулу, бизге ырайым кылагөр! – дешти.
32 Ошондо Ыйса токтоп, аларды чакырды да: – Силерге эмне кылышымды каалайсыңар? – деди.
33 Алар: – Таксыр, көзүбүз көрүп калса экен, – дешти.
34 Ыйсанын тиги экөөнө боору ооруп, алардын көздөрүнө колун тийгизди. Ошол замат көздөрү көрүп калган алар Ыйсанын артынан түшүштү.
Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28