меню

Матайдын Инжили 5 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ыйса чогулган элди көрүп, тоого чыкты. Жайгашып олтурган соң, шакирттери жанына барышты.

2 Ошондо Ал сөзүн баштап, аларга мындай таалим берди:

3 - Момундар бактылуу! Анткени Асман Падышачылыгы ошолордуку!

4 Кайгыргандар бактылуу! Анткени Кудай аларды сооротот!

5 Алсыздар бактылуу! Анткени жер алардын энчисине тиет!

6 Адилдикке чаңкагандар бактылуу! Анткени Кудай алардын суусунун кандырат!

7 Кайрымдуулар бактылуу! Анткени Кудай аларга кайрым кылат.

8 Дили тазалар бактылуу! Анткени алар Кудайды көрүшөт!

9 Ынтымакка чакыргандар бактылуу! Анткени Кудай аларды «балдарым» деп чакырат!

10 Адилеттик үчүн куугунтук жегендер бактылуу! Анткени Асман Падышачылыгы ошолордуку!

11 Менин шакирттерим болгонуңар үчүн сөгүп, куугунтукка алып, силер тууралуу жалган сөздөрдү айтышса бактылуусуңар!

12 Кубангыла! Шаттангыла! Анткени силерди асманда чоң сыйлык күтүп турат! Силерден мурда да пайгамбарларды ошондой куугунтукка алышкан.

13 Силер – жердин тузусуңар! Эгер туз даамын жоготсо, аны кантип калыбына келтиресиң? Ал эч нерсеге жарабай калат. Сыртка алып чыгып, тепсендиге ыргытып гана жибериш керек.

14 Силер бул дүйнөдөгүлөр үчүн жарыксыңар. Тоо башында турган шаарды эч ким жашыра албайт.

15 Шамды жаккан соң, аны идиштин астына эмес, шамдалга коюшат да ал үйдө отургандардын баарына жарыгын чачат.

16 Анын сыңары, силер да адамдарга жарыгыңарды чачкыла! Алар силердин жакшы иштериңерди көрүп, асмандагы Атаңарды даңкташсын!

17 Мени Тоорат мыйзамын же пайгамбарлар жазмаларын жокко чыгарганы келди деп ойлобогула. Мен аларды жокко чыгаруу үчүн эмес, аткаруу үчүн келдим.

18 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: асман-жердин жашоосу бүтмөйүн, Тоорат мыйзамындагы бардык нерселер аткарылмайын, Тоорат мыйзамынын тамгасы тургай, тамгасынын эң кичинекей сызыкчасы да жок болуп кетпейт.

19 Ошондуктан кимде-ким Кудайдын ушул эң кичине осуяттарынын бирин жокко чыгарса жана адамдарды ошондой окутса, ал Асман Падышачылыгында эң кичине болот. Ал эми осуяттарды аткарып, башкаларды да ошого үйрөткөн адам Асман Падышачылыгында улуу болот.

20 Силерге айтып коёюн, эгерде фарисейлер менен дин мугалимдеринин адилдигинен силердики ашып түшпөсө, анда Асман Падышачылыгына кирбейсиңер.

21 Байыркыларга «киши өлтүрбөгүлө» жана «ким киши өлтүрсө, сот алдында айыпталат» деп айтылган сөздү силер уккансыңар.

22 Мен болсо силерге айтам: кимде-ким боордошуна ачууланса, ал сот алдында айыпталат. Ким боордошуна: «Сен көңдөйсүң!» десе, ал жогорку сотко тартылат. Ким: «Сен наадансың!» десе, ал тозок отуна татыктуу.

23 Ошондуктан Кудайга курмандык жайга тартуу алып келип, анан ошол жерден боордошуңдун сага бир нерседен нааразы болуп калганын эстесең,

24 анда тартууңду курмандык жайдын жанына калтыр да, барып, алгач боордошуң менен элдеш. Анан кайра келип, тартууңду Кудайга бер.

25 Доочуң менен тез жараш, жолдо сотко баратканда эле көңүлүн тап, антпесең ал сени соттун колуна тапшырат. Сот болсо сакчыларга өткөрүп берип, зынданга каматат.

26 Сага бир чындыкты айтып коёюн: акыркы тыйыныңды бермейинче, ал жактан чыкпайсың.

27 Силер «Ойноштук кылба» деп айтылган сөздү уккансыңар.

28 А Мен силерге айтам: кимде-ким башка бирөөнүн аялын арам ой менен карап койсо, ал оюнда аны менен ойноштук кылып койду.

29 Эгерде сени оң көзүң күнөөгө түртүп атса, аны оюп сал да ыргытып жибер, анткени бүт денең менен тозокко ыргытылгандан көрө, бир мүчөңдөн айрылганың артык эмеспи.

30 Эгерде оң колуң күнөөгө түртүп атса, кыя чап да өзүңдөн алыс ыргыт, анткени бүт денең тозокко түшкөндөн көрө, бир мүчөңдөн ажыраганың жакшы.

31 Мурда: «Кимде ким аялын коё берсе, ага ажырашуу катын жазып берсин!» деп айтылган.

32 А Мен силерге айтам: ойноштук кылуудан башка себеп менен аялын коё берген адам аялын ойноштукка түртөт. Ошондой эле күйөөдөн чыккан аялга үйлөнүү да ойноштук кылганга жатат.

33 Ошондой эле силер байыркыларга карата айтылган мындай деген да сөздү уккансыңар: «Ант-убадаңды бузба! Жараткан Эгеңдин алдында берген анттарыңды аткар!»

34 А Мен силерге айтам: эч кандай ант берип, карганбагыла! «Мына, асман турат!» дебегиле, анткени асман Кудайдын тактысы.

35 «Жер урсун!» дебегиле, анткени жер Кудайдын бут койгучу. Иерусалимди оозанып карганбагыла, анткени Иерусалим улуу Падыша – Кудайдын шаары.

36 Башыңарды сайып да ант бербегиле, анткени андагы бир тал чачты ак же кара кылууга да кудуретиңер жетпейт.

37 Бирок жообуңар түз болсун: же ооба, же жок дегиле, а мындан ашыгы – азгыруучудан.

38 Силер: «Көзгө көз, тишке тиш!» деп айтылганын да уккансыңар.

39 А Мен силерге айтам: силерге жамандык кылгысы келгендерге каршы чыкпагыла, оң жаагыңарга чапканга сол жаагыңарды тоскула.

40 Соттошкусу келип, көйнөгүңөрдү талашкандарга, чапаныңарды да чечип бергиле.

41 Силерди өзү менен бир чакырым басып барууга мажбурлагандар менен эки чакырым баргыла.

42 Силерден карыз алгысы келгендерге аркаңарды салбагыла.

43 Силер: «Боордошуңду сүй, бирок душманыңды жек көр!» деп айтылган сөздү уккансыңар.

44 А Мен силерге айтам: душмандарыңарды сүйгүлө, силерди куугунтуктагандар үчүн сыйынгыла.

45 Ошондо асмандагы Атаңардын уул-кыздары болосуңар. Анткени Анын күнү жамандарга да, жакшыларга да бирдей чыгып, жамгыры адилдерге да, адил эместерге да бирдей төгүлөт.

46 Өзүңөрдү сүйгөндөрдү гана сүйсөңөр, силерге кандай сыйлык берилмек эле? Салыкчылар деле ошондой кылышат эмеспи.

47 Боордошторуңарга гана сый көрсөтсөңөр, эмне өзгөчө иш кылган болосуңар? Бутпарастар деле ушундай кылышат эмеспи?

48 Силер дагы асмандагы жеткилең Атаңардай жеткилең болгула.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28