меню

Матайдын Инжили 24 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ыйса ийбадаткананын короосунан чыгып, кетип баратты. Ошондо шакирттери Ага келип, ийбадаткананын өзүн көрүп чыгууну сунуш кылышты.

2 Ыйса аларга: – Мунун баарын көрүп турасыңарбы? Силерге бир чындыкты айтып коёюн: Таш үстүндө таш калбай, мунун баары талкаланат, – деди.

3 Ыйса Зайтун тоосунда олтурганда, шакирттери элден бөлүнүп, Анын алдына келип сурашты: – Айтчы, бул качан болот? Сенин келериңдин жана акыр замандын алдында кандай жышаан болот?

4 Ыйса аларга мындай жооп берди: – Сак болгула, бирөө силерди алдап кетпесин!

5 Анткени көп адамдар Менин атымды жамынып келип: «Машаяк менмин!» дешет да, далай адамды алдап кетишет.

6 Жакын жерлердеги согуштардын үнүн жана алыс жерлердеги согуштар тууралуу имиш-имиштерди угасыңар. Бирок байкагыла, коркуп, үрөйүңөр учпасын! Андайлар болушу керек, бирок бул акыр заман келди дегенди билдирбейт.

7 Бир эл башка элге каршы, бир мамлекет башка мамлекетке каршы согушат. Жер-жерлерде ачарчылыктар болуп, жер титирейт.

8 Толгоо башталгандагы азаптар сыяктуу, мунун баары боло турган азаптардын башталышы гана.

9 Ошондо өзүңөрдү кыйноого салып берип, өлтүрүшөт. Менин шакирттерим болгонуңар үчүн бардык элдерге жек көрүндү болосуңар.

10 Ошондо көп адамдар Мага болгон ишенимден баш тартышат, бири бирине чыккынчылык кылышат, бири бирин жек көрүшөт.

11 Көптөгөн жалган пайгамбарлар пайда болуп, көп адамдарды алдап кетишет.

12 Анан, күнөөлөрдүн көбөйүшүнөн улам, шакирттеримдин көбүнүн сүйүүсүнүн табы кайтып кетет.

13 Бирок ким акырына чейин туруштук берсе, куткарылат.

14 Кудай Падышачылыгынын Жакшы Кабары бүткүл жер бетине жарыяланып, бардык элдерге айтылат. Анан акыр заман келет.

15 Касиеттүү ийбадатканада Данияр пайгамбар айткан жийиркеничтүү арам нерсенин турганын көргөнүңөрдө (муну окуп жаткан адам өзү түшүнүп алсын),

16 Иудеядагылар тоолорго качсын,

17 ким үйдүн төбөсүндө турса, бир нерсесин алам деп үйүнө кирбесин,

18 ким талаада жүрсө, кийимин алам деп артына кайтпасын.

19 Ошол күндөрү кош бойлуулар менен бала эмизгендердин шору.

20 Силердин качып кутула турган күнүңөр кыш убагына же дем алыш күнүнө туш келбесе экен деп сыйынгыла.

21 Анткени ошол күндөрдө аалам жаралгандан ушул убакка чейин болуп көрбөгөн улуу алаамат болот. Мындай алаамат келечекте да болбойт!

22 Эгер Жараткан Эге ошол күндөрдү кыскартпаса, анда бир да жан аман калбас эле. Бирок Жараткан Эге Өзү тандап алган адамдары үчүн ошол күндөрдү кыскартат.

23 Ошондо силерге бирөө: «Машаяк бул жакта» же «тигил жакта» десе, ишенбегиле.

24 Анткени жалган машаяктар менен жалган пайгамбарлар чыгат. Алар, эгер мүмкүн болсо, Кудай тандап алган адамдарды да алдап кетүү үчүн улуу жышаандар менен кереметтерди көрсөтүшөт.

25 Мына, Мен силерге муну алдын ала айттым.

26 Ошондуктан, эгер силерге бирөөлөр: «Тигине, Машаяк чөлдө!» десе, чыкпагыла, «Мына, Машаяк төркү үйдө» десе, ишенбегиле.

27 Анткени чыгыштан батышка чейин жарк эткен чагылган айкын көрүнгөндөй, Адам Уулунун келиши да айкын болот.

28 Ошондой эле тарп кай жерде болсо, жорулар да ошол жерге жыйылары баарына белгилүү эмеспи.

29 Ошол алаамат күндөрдөн кийин дароо эле күндүн бети карарып, ай өз нурун төкпөй калат. Жылдыздар кулап, асман күчтөрү кыймылга келет.

30 Ошондо асманда Адам Уулунун жышааны пайда болот. Жер бетиндеги элдердин баары өкүрүп ыйлап, улуу кудурет жана шаң-салтанат менен булуттарды аралап келе жаткан Адам Уулун көрүшөт.

31 Сурнайдын катуу үнү менен Ал Өз периштелерин жиберип, алар төгөрөктүн төрт бурчунан Кудай тандап алган адамдарды чогултушат.

32 Анжир дарагынан сабак алгыла. Анын бутактары жумшарып, жалбырагы чыга баштаганда, жай жакындап калганын билесиңер.

33 Анын сыңары, мунун баарын көргөнүңөрдө, кыяматтын босогодо турганын билгиле.

34 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мунун баары ушул муундун тушунда болуп өтөт.

35 Асман-жер жок болот, бирок Менин сөздөрүм кала берет.

36 Ал кайсы күнү, кайсы саатта келерин Атабыздан башка эч ким билбейт. Ал убак асмандагы периштелерге да, ал тургай Уулуна да белгисиз.

37 Нух пайгамбардын убагында заман кандай болсо, Адам Уулунун кайра келер алдында да ошондой болот.

38 Топон суунун алдында да Нух кемеге кирген күнгө чейин адамдар жешти, ичишти, үйлөнүштү, күйөөгө чыгышты, күндөлүк турмуш менен алек болушту.

39 Бирок топон суу келип, баарын басып калгыча эч нерсени түшүнүшпөдү. Адам Уулунун келиши да ошондой болот.

40 Ошондо эки адам талаада болот, бири алынат да экинчиси калтырылат.

41 Жаргылчак тартып олтурган эки аялдын бири алынат да экинчиси калтырылат.

42 Ошондуктан сак болгула, анткени Эгеңер кайсы күнү келерин билбейсиңер.

43 Бирок силер билгендей, үй ээси уурунун кайсы саатта келерин билсе, үйүн бузуп кирүүсүнө жол бербес эле.

44 Ошондуктан силер да даяр тургула, анткени Адам Уулу силер ойлобогон саатта келет.

45 Кожоюну үй-чарбасына кызмат кылган кулдарына тамак-ашын өз убагында берип туруш үчүн аларга башчы кылып шайлап кеткен ишеничтүү жана акыл-эстүү кулду элестеткиле.

46 Тапшырылган кызматын аткарып жатканда кожоюну келип калса, ошол кул бактылуу!

47 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: кожоюну аны бүт үй мүлкүнө башчы кылат.

48 Эгерде ошол кул ниети бузулуп: «Кожоюнум жакында келбейт», – деп,

49 башка кулдарды уруп сабай баштаса, аракечтерге кошулуп алып, жеп-ичсе,

50 кожоюну ал күтпөгөн күндө, билбеген саатта келет да,

51 башын жара чаап, эки жүздүүлөр менен кошо жазага тартат. Ал жактагылар жаза тарткан жайда өкүрүп, тиштерин кычыратышат.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28