меню

Матайдын Инжили 18 Бөлүм


1 Ошол убакта Ыйсага шакирттери келип: – Асман Падышачылыгында кимдин жолу улуу болот болду экен? – деп сурашты.

2 Ыйса бир кичине баланы чакырып алды да, шакирттеринин ортосуна тургузуп туруп, мындай деди:

3 - Силерге бир чындыкты айтып коёюн: жан дүйнөңөрдү жаш балдардыкындай кылып өзгөртпөсөңөр, Асман Падышачылыгына кире албайсыңар.

4 Ким өзүн ушул наристе баладай момун тутса, Асман Падышачылыгындагы улуу – ошол.

5 Ким Мен үчүн ушундай баланы кабыл алса, Мени кабыл алганы.

6 Кимде-ким Мага ишенген мына бул кичинекейлердин бирин азгырып, күнөөгө батырса, ал үчүн мойнуна тегирмендин ташы байланып, деңиздин эң терең жерине ыргытылганы оң болмок.

7 Азгырыктардын көптүгүнөн бул дүйнөдөгүлөрдүн шору куруйт. Күнөөгө батырган азгырыктар келбей койбойт, бирок ким аркылуу келсе, ошонун шору.

8 Эгерде сени колуң же бутуң күнөөгө азгырып жатса, анда аны кыя чап да, өзүңдөн алыс ыргытып жибер. Колу-бутуң соо бойдон тозоктун өчпөс отуна ыргытылгандан көрө, колу-бутсуз бейишке чыкканың жакшы!

9 Эгерде сени көзүң күнөөгө азгырып жатса, аны оюп алып, ыргытып жибер. Эки көзүң соо тозоктун өчпөс отуна ыргытылгандан көрө, бир көзүң менен бейишке чыкканың жакшы.

10 Сак болгула, мына бул карапайым адамдардын бирин да капарыңарга албай койбогула, силерге айтып коёюн: булардын периштелери Менин асмандагы Атамдын жүзүн дайыма көрүп турушат.

12 Кандай деп ойлойсуңар: эгер жүз кою бар адамдын бир кою жоголуп кетсе, токсон тогузун тоого таштап, адашканын издебей жатып алабы?

13 Эгер таап алса, анда, силерге бир чындыкты айтып коёюн, токсон тогуз адашпаган койлоруна караганда, таап алган алиги кою үчүн көбүрөөк кубанат.

14 Ошонун сыңарындай, асмандагы Атаңар Мага ишенген мына бул карапайым адамдардын биринин да жоголуп кетишин каалабайт.

15 Эгер боордошуң сага жамандык кылса, анда бар да, жекече сүйлөшүп, күнөөсүн бетине айт. Эгер сөзүңдү укса, анда аны менен кайрадан ынтымакка келгениң.

16 Укпай койсо, анда «ар кандай иш эки-үч күбө тарабынан ырасталышы үчүн» өзүң менен дагы бир же эки кишини ээрчите бар.

17 Аларды да укпай койсо, анда жыйынга айт. Эгерде жыйынды да укпай койсо, анда ал сен үчүн Кудайды тааныбаган адам же салыкчы катары эсептелсин.

18 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: жер бетинде эмнеге тыюу салсаңар, ал асманда да тыюу салынган нерсе болушу керек, жер бетинде эмнеге уруксат берсеңер, ал асманда да уруксат кылынган нерсе болушу керек.

19 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: эгерде жерде экөөңөр макулдашып алып, бир нерсени сурасаңар, асмандагы Атам силер үчүн ошону кылып берет.

20 Анткени Менин урматыма чогулган эки-үч адамдын арасында Мен өзүм болом.

21 Ошондо Петир Ыйсага келип: – Устат, менин боордошум мага жамандык кылса, канча жолу кечиришим керек? Жети жолу кечирсем жетеби? – деди.

22 Ыйса ага айтты: – Жети жолу дебейм, бирок жетиден жетимиш жолу дейм.

23 Мындай дегенимдин себеби – Асман Падышачылыгы өз кызматчылары менен эсептешкиси келген падышага окшош.

24 Адегенде ал падышага ат башындай күмүш карызы бар адамды алып келишет.

25 Төлөгөнгө чамасы жетпегендиктен падыша аны аялы жана бала-чакасы менен кошо, ошондой эле колундагы болгон нерсесинин баарын сатып, карыздын эсебине берүүгө буйрук чыгарат.

26 Ал киши падышанын бутуна жыгылып: «Бир аз күтө туруңуз, мен сизге баарын кайтарып берем», – деп жалынат.

27 Ошондо падышанын боору ооруп, кызматчыны бошотуп, бардык карызын кечип коёт.

28 Ал азаттыкка чыгып, өзүнө жүз күмүш теңге карыздар болгон бир кызматташ жолдошуна келет да: «бардык карызыңды төлө!» – деп аны алка-жакадан алып, муунтуп кирет.

29 Ошондо кызматташ жолдошу алдына жыгылып: «Бир аз күтө турчу, мен сага берем», – деп суранат.

30 Тиги көнбөй, карызыңды төлөмөйүнчө жатасың деп аны зынданга салат.

31 Муну көргөн башка кызматташтары терең кайгыга батышып, падышага болгон ишти төкпөй-чачпай айтып беришет.

32 Ошондо падыша баягы кишини өзүнө чакырып алып, мындай дейт: «Эй, адепсиз кызматчы! Сен суранганыңдан карызыңдын баарын мен кечип койгон элем.

33 Мен сага ырайым көрсөткөндөй, сен да өз кызматташыңа ырайым көрсөтүшүң керек эмес беле?»

34 Ошентип, каарданган кожоюн: «Карызыңды толук кайтарып бергенче, эркиндикке чыкпайсың!» – деп, аны желдеттердин колуна салып берет.

35 Боордошуңарды чын жүрөктөн кечирбесеңер, асмандагы Атам да силердин ар бириңерге жогорудагыдай кылат.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28