меню

Матайдын Инжили 8 Бөлүм


1 Ыйса тоодон түшүп келгенде, чогулган элдин көбү Анын артынан ээрчиди.

2 Аңгыча пес оорулуу бир адам жакын келип, таазим этип, мындай деди: – Таксыр, эгер сиз кааласаңыз, мени айыктыра аласыз.

3 Ыйса ага колун тийгизди да: – Каалаймын, айыккын! – деди. Ошол замат ал оорусунан айыгып кетти.

4 Ошондо Ыйса ага айтты: – Байкагын, бул тууралуу эч кимге ооз ачпа, бирок өзүңдү динкызматчыга көргөзүп, айыкканыңдын далили катары Муса буюрган курмандыкты алып баргының.

5 Ыйса Капарноомго киргенде, Ага римдик жүз башы басып келди да:

6 - Таксыр, кызматчым үйдө ооруп, ордунан тура албай, катуу кыйналып жатат, – деген өтүнүч менен кайрылды.

7 Ошондо Ыйса ага: – Мен барып, айыктырайын, – деди.

8 Бирок жүз башы: – Таксыр, босогомду атташыңызга мен татыктуу эмесмин, бирок бир ооз сөз айтсаңыз эле, кызматчым айыгып кетет.

9 Мен бийлик астындагы адаммын, өзүмдүн да кол алдымда жоокерлерим бар. Алардын бирине: «Бар!» – десем, барат, башкасына: «Кел!» – десем, келет. Кулума: «Тигини жаса!» – десем, жасайт, – деп жооп берди.

10 Муну укканда, Ыйса таң калып, аркасынан ээрчип келаткан элге айтты: – Силерге бир чындыкты айтып коёюн: мындай ишенимди Мен Ысрайыл элинен да жолуктурган эмесмин.

11 Силерге айтам: чыгыш менен батыштан, түндүк менен түштүктөн келген көп адамдар Асман Падышачылыгында Ыбрайым, Ыскак жана Жакып менен бирге той дасторконун тегеректеп, жамбаштап жатышат.

12 Падышачылыкты мурастап ала турган эл тыштагы капкараңгы жайга кубаланат. Ал жакка түшкөндөр кыйналганынан тиштерин кычыратып, боздошот.

13 Анан Ыйса жүз башыга: – Бара бер, ишенимиңе жараша болсун, – деди. Ушул саатта кызматчы айыгып кетти.

14 Ыйса Петирдин үйүнө келип, анын кайненеси ысытма менен ооруп, төшөктө жатканын көрдү.

15 Ыйса аялдын колун кармаганда, ысыгы кайтып, аял айыгып кетти. Анан ордунан туруп, Ыйсаны коноктой баштады.

16 Кеч киргенде, жин даарыган көп адамды Ыйсага алып келишти. Ыйса алардагы жиндерди сөзүнүн кудурети менен кууп чыкты да илдеттеринен айыктырды.

17 Илгери Ышая пайгамбар аркылуу мындай деп айтылган: «Ал биздин алсыздыктарыбызды Өзүнө алды жана ооруларыбызды көтөрүп кетти». Ыйса аларды айыктыруу менен жогорудагы пайгамбардык сөздү ишке ашырды.

18 Айланасындагы жыйналган элди көрүп, Ыйса шакирттерине көлдүн аркы өйүзүнө өтүүнү буюрду.

19 Ошондо бир дин мугалими басып келип: – Устат, сен кайда барбагын, мен артыңдан калбайм, – деди.

20 Ыйса ага: – Түлкүлөрдүн ийини, чымчыктардын уясы бар. Адам Уулунун болсо баш калкалаар жайы жок, – деп жооп берди.

21 Дагы бир шакирти Ыйсага: – Таксыр, адегенде үйгө барып, атамдын кашында болуп, ал өлгөндө сөөгүн коюп келейин да анан сизди ээрчийин. Ушуга уруксат этиңиз, – деди.

22 Ыйса ага: – Сен артыман түш. Өз өлүктөрүн көмүүнү тирүү өлүктөргө калтыр! – деди.

23 Ыйсаны ээрчип, шакирттери да кайыкка түшүштү.

24 Аңгыча деңиз катуу толкуп, кайыктын кырынан суу ашып кире баштады. Ыйса болсо уктап жатты.

25Шакирттери жанына келип: – Устат! Куткар! Өлө турган болдук! – деп Аны ойготушту.

26 Ошондо Ыйса аларга: – Эмне мынча коркосуңар, ишеними аздар! – деди да, ордунан туруп, шамал менен деңиздин токтошу үчүн буйрук берди. Ошол замат айлана тыптынч болуп, мемирей түштү.

27 Бул окуяны көргөндөр аң-таң болушуп: – Шамал менен деңизди да багындырган бул кандай адам? – дешти.

28 Көлдүн аркы өйүзүндө жайгашкан Гадара деген жерге сүзүп барышканда, жин даарып ооруган эки киши үңкүрлөрдөгү мүрзөлөрдөн чыга калышып, Ыйсанын алдынан тосушту. Алар ушунчалык кутуруп кетишкендиктен ал жол менен эч ким өтө алчу эмес.

29 Аңгыча алар кыйкырып жиберишти: – Эй, Кудай Уулу, биз менен кандай ишиң бар?! Бизди күн мурунтан эле азапка салганы келдиңби?

30 Алардан алысыраакта болсо бир топ чочко жайылып жүргөн.

31 Жиндер Ыйсадан: – Эгер бизди кубаласаң, тээтигил чочколордун арасына жибер, – деп өтүнүштү.

32 - Баргыла! – деди Ыйса. Жиндер адамдардан чыгып, чочколорго кетишти. Ошол замат чочколор тобу менен жардан деңизге кулап, сууга чөгүп өлүштү.

33 Чочко кайтаргандар болсо качып жөнөштү да шаарга келип, болгон ишти баарына жар салып, жин оорулуулардын кантип айыкканын айтышты.

34 Ошондо бүткүл шаар эли Ыйсаны утурлай чыгып, Ага жолукканда: «Биздин жерибизден кетип калчы», – деп жалбарышты.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28