меню

Матайдын Инжили 13 Бөлүм

тез өтүү:

1 Ушундан соң, Ыйса үйдөн чыгып, кайрадан көл жээгинде элди окута баштады.

2 Ошондо жыйылган элдин көптүгүнөн кайыкка түшүүгө туура келди. Эл болсо жээкте карап турду.

3 Ыйса көп нерселерди ибараттап айтты. Ал мындай деди: – Бир дыйкан эгин сепкени талаага чыгыптыр.

4 Сепкен үрөндөрдүн кээси жол боюна түшүп, учуп келген чымчыктарга жем болот.

5 Кээ бири аз гана топурагы бар таштак жерге түшүп, кыртышы терең болбогондуктан тез эле өсүп чыгат.

6 Бирок күн чыкканда күйүп, тамыры терең болбогондуктан куурап калат.

7 Кээси тикендин арасына түшөт. Анан өсүп чыккан тикен астында басылып калат.

8 Ал эми кээ бирлери жакшы кыртышка түшүп, өсүп чыгат да, кээси жүз, кээси алтымыш, кээси отуз эсе түшүм берет.

9 Уга турган кулагы барлар уксун!

10 Шакирттер Ыйсага келип: – Эмне үчүн тигилерге ибараттап айтып жатасың? – деп сурашты.

11 Ыйса мындай жооп берди: – Анткени Асман Падышачылыгынын сырларын билүү силерге буюрган. Аларга болсо буюрган эмес.

12 Кимде бир аз түшүнүк бар болсо, ага дагы берилип, аныкы көбөйөт. Ал эми кимде жок болсо, анын бар деп ойлогону да тартылып алынат.

13 Ушул себептүү Мен аларга «карап турушса да көрө алышпасын, тыңшап турушса да уга алышпасын» үчүн башкаларга ушинтип ибарат аркылуу сүйлөп жатам.

14 Ошондуктан Ышая пайгамбардын айткандары аткарылат. Ал мындай деген: «Уксаңар да эч нерсе туйбайсыңар, Карап туруп эч нерсе көрбөйсүңөр.

15 Анткени
Бул элдин дилин дат басып,
Оорлошуп кулагы,
Көздөрү калган тунарып.
Антпесе көрмөк көздөрү,
Кулактары ачылмак,
Жүрөгү туймак алардын.
Мага кайтып келишип,
Сакайтмакмын аларды».

16 А силер бактылуусуңар, анткени көзүңөр көрүп, кулагыңар угат.

17 Силерге бир чындыкты айтып коёюн: далай пайгамбарлар менен адилдер силер көргөндү көргүсү келген, бирок көрө алышпады, силер укканды уккусу келген, бирок уга алышпады.

18 Ошондуктан силер дыйкан тууралуу ибараттын маанисин угуп алгыла:

19 Кудайдын Падышачылыгы тууралуу сөздү угуп, бирок маанисин түшүнбөгөнгө азгыруучу келет да анын жан дүйнөсүнө түшкөн Кудайдын сөзүн уурдап кетет. Жол боюна түшкөн үрөндүн мааниси ушуну билдирет.

20 Ал эми таштак жерге түшкөн үрөн болсо Кудай сөзүн угары менен ошол замат кубана кабыл алган адамды билдирет.

21 Бирок тамыры болбогондуктан бир азга гана ишенип, кийин ишенгендиги үчүн кыйынчылыкка же куугунтукка кабылар замат ишенимден баш тартат.

22 Тикендердин арасына түшкөнү Кудай сөзүн уккан, бирок бул дүйнөнүн түйшүгү менен акчанын азгырыгына алдырып койгон адамды билдирет. Ушулар сөздү тумчуктуруп, сөз жемишсиз калат.

23 Ал эми жакшы кыртышка түшкөнү болсо Кудай сөзүн угуп, маанисин түшүнгөн адамды билдирет. Мындай адам жүз, алтымыш, отуз эсе жемиш берген үрөнгө окшош.

24 Ыйса аларга дагы бир ибаратты айтып таалим берди: – Асман Падышачылыгы өз талаасына жакшы үрөн сепкен адамга окшош.

25 Бирок, эл уктап жатканда душманы келип, буудайлардын арасына отоо чөптөрдүн үрөнүн себет да кетип калат.

26 Буудай көгөрүп, баш байлай баштаганда, отоо чөптөр да кошо чыгат.

27 Ошондо талаанын ээсине кулдары келип: «Төрөм, сиз талааңызга жакшы үрөн эктиңиз эле го. Отоо чөптөр кайдан чыга калды?» – дешет.

28 Кожоюн: «Душмандарымдын бирөөсү кылган муну», – деп жооп берет. Кулдары: «Барып, отоп салалыбы?» – дешет.

29 Кожоюн: «Кереги жок, отоо чөптөрдү жулабыз деп, алардын тамыры менен кошо буудайларды жулуп салышыңар мүмкүн.

30 Оруу-жыюу маалы келгичекти өсө берсин. Кийин орокчуларга адегенде отоо чөптөрдү жулдуруп, өрттөө үчүн боо-боо кылып байлатып, буудайды болсо өзүнчө кампаларыма төктүртөм», – дейт.

31 Ыйса аларга дагы бир ибарат айтты: – Асман Падышачылыгы бир адам өз талаасына эгип койгон сары кычынын данына окшош.

32 Сары кычынын даны уруктардын эң кичинеси болгон менен өсүп чыкканда, бардык өсүмдүктөрдөн чоң болот да, бутактарына канаттуулар учуп келип уялаган даракка айланат.

33 Ыйса аларга дагы бир ибарат айтып берди: – Асман Падышачылыгы бир аял камыр ачытыш үчүн үч чара унга салган ачыткыга окшош.

34 Ушунун баарын Ыйса элге ибарат кылып айтты, ибаратсыз аларга эч нерсе айткан жок.

35 Пайгамбар аркылуу айтылган сөз аткарылышы үчүн ушундайча сүйлөдү. Пайгамбар мындай деген: «Мен ибарат менен сүйлөйм. Дүйнө жаралгандан бери жашыруун болуп келген нерселерди жарыя кылам».

36 Ошондо Ыйса элди коё берип, үйгө кирди. Шакирттери жанына келип: – Талаадагы отоо чөптөр жөнүндөгү ибараттын маанисин бизге түшүндүрүп берчи, – дешти.

37 Ыйса аларга мындай деди: – Жакшы үрөн сепкени – бул Адам Уулу.

38 Талаа болсо бул дүйнөнү билдирет. Жакшы үрөн – бул Кудай Падышачылыгынын атуулдары. Отоо чөптөр болсо азгыруучунун ишин кылган адамдар.

39 Аларды сээп кеткен – ибилис, оруу-жыюу мезгили – акыр заман, орокчулар – периштелер.

40 Ошондуктан акыр заманда да отоо чөптөр отолуп отко ыргытылгандай окуя болот.

41 Адам Уулу Өз периштелерин жиберип, Өз падышачылыгынан бардык азгырыктар менен дин безерлерди тердирет.

42 Анан аларды жалбырттап күйгөн мешке ыргытышат. Андагылар жаны кыйналганынан өкүрүп, тиштерин кычыратышат.

43 Ошондо адил адамдар асмандагы Атасынын Падышачылыгында күндөй болуп жаркырашат. Уга турган кулагы барлар уксун!

44 Асман Падышачылыгы талаага катылган кенчке окшош. Аны бир киши таап алып, эч жанга билгизбей кайра катып коёт да, кубанганынан колундагынын баарын сатып жиберип, кайра ошол талааны сатып алат.

45 Дагы Асман Падышачылыгы таза берметти издеген соодагерге окшош.

46 Ал кымбат баалуу берметти таап, аны сатып алуу үчүн келип, колундагысынын баарын сатып жиберип, ошол берметти сатып алат.

47 Дагы Асман Падышачылыгы деңизге ыргытылып, ар түрдүү балыктарды жыйнап алган чоң торго окшош.

48 Тор толгондо, аны жээкке сүйрөп чыгышып, анан олтуруп алып жакшысын себеттерге салышып, жамандарын ыргытып жиберишет.

49 Акыр заманда ушундай болот: периштелер келип, жаман адамдарды адилдерден бөлүп алышат да,

50 жалындаган мешке ыргытышат. Андагылар жаны кыйналганынан өкүрүп, тиштерин кычыратышат.

51Анан Ыйса шакирттерине: – Айткандарымдын баарын түшүндүңөрбү? – деди. Шакирттери: – Ооба, – деп жооп беришти.

52 Ыйса сөзүн улады: – Ошондуктан Асман Падышачылыгы тууралуу билимге ээ болгон ар бир дин мугалими өзүнүн кенч сактагыч жайынан жаңы буюмдарын да, эски буюмдарын да сыртка алып чыккан үй ээсине окшош.

53 Ыйса ушул ибараттарын айтып бүтүп, ал жактан кетип калды.

54 Анан Өзүнүн чоңоюп өскөн шаарына келди да, андагы синагогага барып, таалим берди. Анын таалими адамдарды таңдантты. «Мындай акылмандык менен укмуштарды жасай турган кудуретти ал кайдан алды экен?

55 Бул биздеги эле жыгач устанын баласы эмеспи?! Энеси – Мариям, ал эми Жакып, Жосе, Ысман жана Жүйүт бир туугандары эмеспи?!

56 Карындаштарынын баары тең арабызда жашашат го?! Мынчалык акылмандык менен кудуреттин баарын ал кайдан алды болду экен?!» – дешип,

57 Ыйсага ишене албай баштары катты. Ыйса болсо: – Пайгамбар бардык жерде кадыр-барктуу болсо да, өз эл-журту менен үй ичинде анын кадыры билинбейт, – деди аларга.

58 Алардын ишенбестигинен улам Ыйса ал жерде көптөгөн укмуштарды жасаган жок.

Бөлүмдөр: 1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28